Тарбия көргөн тарыхый мектептен – тармактардын лидерлерине чейин
Айдаркан Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейи – билимдин гана эмес, руханий байлыктын, чыгармачылыктын жана коомдук аң-сезимдин очогу болуп келген. Бул мектеп — бир кылымдык тарыхында өлкөгө билимдүү, мекенчил жана көп кырдуу таланттуу инсандарды тартуулаган өзгөчө билим уясы.
Бул окуу жайдын бүтүрүүчүлөрүнүн арасында өзүнүн кесиптик чөйрөсүндө бийиктикке жетип, коомдук жана маданий турмушка эбегейсиз салым кошкон чыгаан инсандар арбын.
Четин Жумагулов — чыгаан тилчи, түрколог, филология илимдеринин кандидаты. Ал кыргыз тилинин, түрк тилдеринин өнүгүүсүнө, тил илиминдеги изилдөөлөрдүн тереңдешине чоң салым кошуп келген окумуштуу.
Эрнис Турсунов — акын, драматург, котормочу. Кыргыз адабиятынын өркүндөшүнө жана театр чөйрөсүнө кошкон салымы менен коомчулукка белгилүү чыгармачыл инсан.
Шайыр Касымалиева — Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, кыргыз театр жана кино өнөрүнүн көрүнүктүү өкүлү. Анын сахнадагы жана экрандагы образдары кыргыз маданиятынын алтын фондун түзгөн.
Жаанбаев Марат — Чехиянын Кыргыз Республикасындагы ардактуу консулу. Ал эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык, маданий жана ишкерлик алакаларды чыңдоого салым кошуп келет.
Нарынбек уулу Курманбек — КУУнун география, экология жана туризм факультетинин деканынын орун басары. Ал жаш муунду жаратылышты сүйүүгө, илимий ой жүгүртүүгө үйрөтүп келе жаткан педагог жана уюштуруучу.
Эльвира Сариева — коомдук ишмер, билим берүү жана гендердик саясат маселелеринде активдүү аракеттерди көрүп келген инсандардын бири. Анын демилгелери жаштарга багыт берип, коомдук турмуштун өнүгүшүнө өбөлгө түзгөн.
Бул инсандардын ар бири — УИТМЛдин тарбия жана билим берүү системасынын күчтүү мектебинен өткөндүгүнүн жандуу мисалы. Алардын жетишкендиктери бүгүнкү жаштар үчүн дем берүүчү күч, мектеп үчүн сыймык.