Айдаркан Молдокулов атындагы Улуттук компьютердик гиназия Алп жазуучу Чынгыз Айтматовду 90 жылдык маарекесин белгиледи

2018-жылдын 15-декабрында Профессор А. Молдокулов атындагы Улуттук компьютердик гимназиянын Салтанаттар залында улуу жазуучу Чынгыз Төрөкулович Айтматовдун 90 жылдык мааракеси кызуу белгиленди. Маарекенин аталышы “Айтматов биздин жүрөгүбүздө: Сүйөбүз жана сыймыктанабыз!” деген аталышта болду. Иш-чара жалпы мектептик деңгээлде белгиленип, башталгыч жана жогорку класстардын окуучулары ошондой эле кыргыз тили кафедрасы менен мектеп администрациясынын катышуусунда ишке ашырылды. Мектеп директору Касымалиев Муратбек Үсөнакунович Чынгыз Айтматовдун чыгармалары боюнча уюштурулган шаардык кароо-сынактарда байгелүү орундарды алган УКГнын окуучуларына атайын грамоталарды тапшырды. Залкар жазуучунун чыгармалары гимназиянын окуучуларынын аткаруусунда жаңырып, көпчүлүктүн бүйүрүн кызытты. Окуучулардын аткаруусунда мыкты аткарылган номерлер, сахналаштырылган сценкалар улуу жазуучунун чыгармаларынын улуулугун дагы бир жолу далилдешти.

 

 

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru