“Көчмөндөр кагылышы” чыгармасы боюнча тесттик сынакта мыктылар аныкталды
Педагогдор арасында уюштурулган “Көчмөндөр кагылышы” чыгармасына арналган окурмандык чеберчиликти аныктоо боюнча конкурс өз ишин ийгиликтүү аяктады. Бул иш-чара мугалимдердин көркөм чыгармаларды терең түшүнүү, анализдөө жана өз ойлорун так жеткирүү жөндөмдөрүн өнүктүрүү максатында өткөрүлдү.
Конкурска ар түрдүү предметтер боюнча мугалимдер катышып, адабий талдоо, чыгарманын маани-маңызын ачуу жана өз идеяларын таамай жеткирүү боюнча түзүлгөн 100 суроодон турган тест иштешти.
Жыйынтыгында математика кафедрасынын үч мугалими өзгөчө даярдыктары менен алдыңкы орундарды багындырышты. Керимканова Апал Абдырашитовна 1-орун, Дардакеева Айымкан Жумадиловна 2-орун, Жуманалиева Гульнара Ибраимовна 3-орунга ээ болду. Бул жетишкендик адабиятка болгон кызыгууда предметтик чектөөнүн жоктугун жана ар тармактагы педагогдордун чыгармачылык дараметинин кеңдигин дагы бир жолу далилдеди.
Иш-чара катышуучулар арасында чоң шыктанууну жаратып, мындай демилгелердин келечекте да улануусуна дем берди. Мугалимдер мындан ары да адабият жана чыгармачылык аркылуу өздөрүнүн кесиптик жана интеллектуалдык жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө умтулаарын билдиришти.