УИТМЛ — сапаттуу билим, чоң жеңиштер!

2025-жылдын 7-майынан 13-майына чейин Ташкент шаарында информатика жана математика боюнча престиждүү эл аралык Аль Хорезми олимпиадасында мектеп-лицейибиздин 9-классынын окуучусу Джаникеев Саид информатика боюнча КҮМҮШ МЕДАЛДЫ камсыз кылды!

205 таланттуу катышуучунун арасынан Саид өзүнүн курч акылы, мыкты даярдыгы жана чечкиндүүлүгү менен көзгө урунган ийгиликке жетишти!  Бул жеңиш – Саиддин эмгегинин жана УИТМЛдин сапаттуу билим берүүсүнүн чоң үлгүсү!

Албетте, мындай жетишкендик артында сөзсүз устаттын колдоосу, ишенимдүү жетеги турат. Саидге жол көрсөтүп, ар бир ийгилигине кубанып, кыйын учурларда дем берип келген мугалимине  терең таазим жана ыраазычылык!

Сиз сыяктуу билимдүү, шыктандыруучу устаттар жаш таланттарга канат байлайт.

УИТМЛ коомчулугу Саиддин  көрүнүктүү жетишкендиги менен куттуктайт жана мындан ары да мыкты жеңиштерди багындыруусун каалайт!

Куттуктайбыз, Саид! Сени менен сыймыктанабыз!

 

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru