Кыргыз элинин дүйнѳгѳ белгилүү жазуучусу Ч. Айтматовдун 90 жылдык юбилейине карата профессор А. Молдокулов атындагы Улуттук компьютердик гимназиядагы Ч. Айтматов атындагы кыргыз адабияты кабинети кайрадан жаңыланды

Кыргыз элинин дүйнѳгѳ белгилүү жазуучусу Ч. Айтматовдун 90 жылдык юбилейине карата профессор А. Молдокулов атындагы Улуттук компьютердик гимназиядагы Ч. Айтматов атындагы кыргыз адабияты кабинети кайрадан жаңыланды

Профессор А. Молдокулов атындагы Улуттук компьютердик гимназияда 2017-2018-окуу жылында “Жыл мугалими” конкурсу:

·        “Жылдын мыкты мугалими”

·        “Жылдын мыкты жаш адиси”

·        “Жылдын мыкты куратору”

·        “Жылдын мыкты кабинети” номинациялары боюнча өткөрүлгөн.

Конкурстун жыйынтыгы менен мыктылардын мыктысы тандалып алынган. Жеңүүчүлөр грамота менен сыйланган. Алардын ичинде  “Мыкты кабинет” номинациясына бир нече кабинеттердин арасынан Ч. Айтматов атындагы кыргыз тили жана адабияты кабинети да кароого катышкан. Жыйынтыгында кабинет башчысы, кыргыз тили жана адабияты мугалими Гүлай Музаева өзүнүн мыкты кабинет башчысы экендигин көрсөтө алды. Бүгүнкү күндө Ч. Айтматов атындагы кыргыз адабияты кабинети жазуучунун 90 жылдык юбилейине карата жаңыланып, автордун 8 томдуктары, I, II, III томдук энциклопедиясы, кѳркѳм, илимий адабияттар, окуучулардын чыгармачыл иштери, сүрѳттѳрү, дискттер, слайддар, методикалык колдонмолор менен толукталды.

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru