УКГДА ѲТКѲН АДАБИЙ КЕЧЕ

УКГДА ѲТКѲН АДАБИЙ КЕЧЕ

      2018-жылдын декабрь айында А.Молдокулов атындагы улуттук компьютердик гимназиянын жыйындар залында “Адамзаттын мугалими – Айтматов” деген адабий кече болуп ѳттү. Кечеге шаарыбыздын Свердлов районундагы мектептеринин кыргыз тили жана адабияты мугалимдери, региондордон квалификациясын жогорулатууга келишкен мугалимдер катышышты.

      Кеченин башталышында УКГнын компьютердик-окуу бѳлмѳлѳрү жана Ч.Айтматовдун кабинети, электрондук китепкана, мультимедиялык класс менен жана жазуучунун ѳмүрү жана ишмердүүлүгүнѳ арналган сүрѳт кѳргѳзмѳсү менен таанышуу болду.

    Кечеде жаш кинорежиссер Рыспай Садыковдун “Айтматов сабактары” аттуу заманыбыздын залкар жазуучусу жѳнүндѳгү документалдуу тасмасы Бишкек шаарында биринчи ирет кѳрсѳтүлдү жана Ч.Айтматовдын карындашы Айтматова Роза Тѳрѳкуловнанын мугалимдерди куттуктап сѳз сүйлѳдү.

       Кечеде шаарыбыздын мугалимдери “Адамзаттын мугалими – Айтматов, жалпы билим берүү мектептеринде Ч.Айтматовдун чыгармаларын окутуудагы айрым аспектилер” деген темада Кыргыз-Түрк Манас университетинин профессору ф.и.д. Лайли Үкүбаеванын жана “Манас жана Айтматов. Кыргыз элинин руханий жолу” деген темада Кыргыз Эл акыны Асан Жакшылыковдун кызыктуу баяндамаларына ортоктош болушту. Ошондой эле Ж.Баласагын атындагы КУУнун профессору, ф.и.д. К.Абакиров, публицист-котормочу, Сильва эл аралык Борборунун жетекчиси А.Темиралиевдер да Ч.Айтматовду эскерип кызыктуу маектерди куруп беришти.

      Кеченин соңунда гимназиянын окуучуларынын Ч.Айтматовдун чыгармаларынан кѳркѳм окуулары окулуп, чакан сценкалар кѳрсѳтүлдү.

 

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru