“Жыл мугалими-2025” 2-этап
Мектеп ичинде уюшулган “Жыл мугалими-2025” сынагынын экинчи этабы старт алды. Мусаева Аманбүбү Карыпбековна 1-з класска календардык-тематикалык план боюнча “Маселе, мисал иштөө” темасында ачык сабак өттү. Сабакта окуучулар маселе-мисалдарды аткаруу менен үйдүн пай дубалынан тартып чатырына чейинки куруу иштерин ийгиликтүү аткарышып, “Тимка” интерактивдүү оюну аркылуу үйгө берилген тапшырманы кызыктуу кайталашты. Кыймыл менен аткарылуучу практикалык тапшырмалардын коштоосунда маселелердин жообун табышып, визуалдык тапшырмаларды чечмелөөдө өз активдүүлүктөрүн көрсөтө алышты. Жаш курактарына ылайыкталган математикалык тапшырмалар мугалимдин көрсөтмөсүнө ылайык тийиштүү деңгээлде чечмеленип, окуучулардын предметке болгон кызыгууларын арттыра алды.
2-д класска Абылкасымова Айпери Маёровна адабий окуу сабагынан "Чиркей, чабалекей жана жылан" аңгемесинин негизинде жаныбарлардын символикалуу образдары аркылуу адамдын сапаттары, тагдырларындагы абалдар жана күндөлүк жашоодогу адептик маселелер туурасында интерактивдүү сабак уюштурду.
Сабактарда мугалимдер заманбап технологияларды жана инновацияларды колдонуу менен адистик чеберчиликтерин, чыгармачылык жөндөмдүүлүктөрүн көрсөтө алышты.
Жыл мугалими сынагына өтүлүүчү сабактын негизги максаты – мугалимдин кесиптик чеберчилигин, педагогикалык билимин, окутуудагы инновациялык усулдарын жана психологиялык компетенттүүлүгүн баалоо жана өркүндөтүү болуп саналат.