ӨРТ КООПСУЗДУГУН ЖАНА ТАБИГЫЙ КЫРСЫКТАРДЫН АЛДЫН АЛУУ ИШ-ЧАРАСЫ

ӨРТ  КООПСУЗДУГУН  ЖАНА  ТАБИГЫЙ  КЫРСЫКТАРДЫН  АЛДЫН  АЛУУ  ИШ-ЧАРАСЫ. 

Профессор А.Молдокулов атындагы Улуттук компьютердик гимназияда 2018-жылдын 22-ноябрында өрт коопсуздугун жана табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча үйрөнүүчү эвакуациялоо иш-чарасы болуп өттү.

    Иш-чаранын  максаты:   окуучуларды  жана  жалпы  эмгек  жамаатын  ар  кандай  кырсыктарда  кооптуу  жайдан  коопсуз  жайга  тез  арада алып  чыгуу, коопсуздук  эрежелерин  сактоо  боюнча  инструкцияларды  жүргүзүү.

  Мектеп  окуучуларына  Свердлов  райондук  Өзгөчө  кырдаалдар  бөлүмүнүн  башчысы  Төрөкулов  Ыдырыс  Молдалиевич, жарандык  коргонуунун бөлүм  башчысы  Акматов  Бактияр  Замирович, Кызыл ай  коомунун өкүлдөрү  Токтоналиева  Асель  Советбековна,  Асанова  Бегимай  Каныбекова  өрт  чыгуунун  себептерин  жана  алардын  алуу жана  табигый  кырсыктардан  сактануу  жолдорун, коопсуздук  эрежелери  боюнча  түшүндүрүү  иштерин  жүргүзүштү.

       Мектепте  эвакуация  иштерин  жүргүзүүдө:

 1. 2 кыска  жана  1 узун  тревога  коңгуроосу  берилет.

2. Нөөмөтчүлүктөгү  администратор  ӨКБне  мектептеги  кырдаал  боюнча  билдирет;

  • 101  өрт  коопсуз  кызматкерлерине;
  • 102  милиция;
  • 103 тез  жардам  кызматкерлерине  билдирүү.

  3.   Мугалимдин  жасаган  иш-аракети: 

  • окуучуларды  сабак  берген  мугалим  коопсуз  жайга  эвакуациялык  схема  боюнча  алып  чыгуусу;
  • окуучуларды  уюштуруучулук менен ызы  чууга  алдырбай, тез-тез шамдагайлык  менен  тизилип  түшүүсүн  көзөмөлгө  алуусу;
  • мугалим  класстык  журналды  алып  чыгуу  менен  класстын  эшик  терезесин  жаап  чыгуусун  көзөмөлгө  алуусу;
  • мектептен  алыс  коопсуз  жайга  окуучуларды  чогултуу;
  • журнал  боюнча  окуучуларды  толуктоо;
  • АЧД мугалимине  билдирүү;
  • окуучулардын  коопсуздугун  сактоо;
  • окуучуларды  мектеп спорт  аянтчасына  чогултуу, линейкага  тизүү, тартип  жана  тынчтыкты  сактоону  көзөмөлгө  алуусу;
  • жаракат алып жабыркаган  окуучуларга  гимназиянын  «Жаш  куткаруучулар»  тобу  тез  жардам  келгенге  чейин  адамдын өмүрүн  сактап  калуу  максатында  биринчи  жардам  көрсөтүүсү.

 

 

 

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru