Профессор А.Молдокулов атындагы Улуттук компьютердик гимназиянын 2018 – жылдагы жайкы эс алуусунан көз ирмемдер

Профессор А.Молдокулов атындагы

Улуттук компьютердик гимназиянын 2018 – жылдагы

 жайкы эс алуусунан көз ирмемдер

Улуттук компьютердик гимназиянын эмгек жамааты 2017-2018-окуу жылын ийгиликтүү  аяктап, июнь айынын 28-30 чейин көгүлтүр Ысык-Көлдүн  жээгинде Кош –Көл айылында  жайгашкан «Ак жол» пансионатында  жогорку деӊгээлде эс алып келди.

Пансионаттын жашаган корпустары абдан жакшы заманбап эмеректер менен жабдылган, бөлмөлөрү таза  жана  жарык.  Пансионатта эс алуучулар үчүн жакшы шарттар түзүлгөн.  Эс алуучулардын тамактануусуна да жакшы көӊүл бөлүнгөн, үч маал ысык тамагы, салаттар, суусундуктар жана өздөрү бышырган даамдуу токочтору бизге өзгөчө жакты.

Коллектив көлдүн жээгинде ар кандай оюндарды уюштуруп,  эсте калаарлык эс алуу күндөрүн өткөрүштү.

УКГнын эмгек жамаатынын эс алуусунда профсоюз уюмунун эмгеги зор. Жалпы мугалимдердин атынан профсоюз уюмуна тереӊ ыраазычылык билдиребиз.

 

 

 

 

 

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru