23-АПРЕЛЬ КИТЕП КҮНҮ

23-апрель Китеп күнү

Өсүп келе жаткан аң-сезимди китеп менен сугарбаган улуттар кыйроого дуушар болот демекчи “китеп”-бул маданияттын көрсөткүчү. Бир элде басылган,сатылган,таратылган китеп ошол элдин маданияты.Китеп-маалыматты сактоонун, аны муундан-муунга өндүрүмдүү өткөрүп берүүнүн бир формасы. Илим-билим, маданият, адабий-көркөм чыгармаларды жайылтуунун, сактоонун маанилүү каражаты. Ал коомдук мааниге ээ.

“Китеп-адамдардын руханиий байланышындагы көөнөрбөс көрөнгөнүн бири, ал адамды өз башатына баш багууга, жан-дүйнөсүнүн сырдуу түйүндөрүн чечүүгө , учурдагы, өткөндөгү жана келечектеги турмушка сереп салып, байкоо жүргүзүүгө түрткү берет. Китеп- адамдарды байланыштырат”. (Ч.Айтматов)

“Китепти сүйгүлө, ал силердин жашоо-тирлигинди женилдетет, адамдарды сүйүүгө, өзүӊдү-өзүӊ урматтоого жардам берет, дүйнөгө, адамдарга карата оюӊарды жана жүрөгүӊөрдү эритип, көӊүлүӊөрдү кушубак кылат”. (Максим Горький)

Улуу орус окумуштуусу  В.Обучев:“Дүнүйө абдан кеӊ. Өз көзүӊөр менен анын кымындай гана үлүшүн көрө аласыӊар. Ошондуктан далилди китептен издеп, китепти жыйнай билгиле”,- деп айтандай, Улуттук компьютердик гимназияда 23-апрель күнү “Китеп күнү” белгиленди. Окуучулар китеп жөнүндө көрөм ырларды жана обондуу ырларды тартуулашты.

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru