КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ ЖАНА КАТАР МАМЛЕКЕТТЕРИНИН МЕКТЕПТЕГИ БИЛИМ БЕРҮҮ БАГЫТТАРЫНДАГЫ ТҮЗҮЛӨ ТУРГАН МАМИЛЕЛЕРИ

Катар мамлекетинин Билим берүү министрлигинин жогорку окуу жайлары боюнча департаментинин директору Халид Аль-Али баштаган коноктор Кыргыз билим берүү жана билим берүү министринин орун басары Кожобеков Кудайберди Гапаралиевич менен бирдикте Бишкек шаарындагы А.Молдокулов атындагы Улуттук компьютердик гимназияга келип окуу процессинде компьютердик технологиялар кандай пайдаланып жаткандыгы туурасында талкууга катышышты.

Талкуу учурунда улуттук гимназия тарабынан үч долбоор көрсөтүлдү: Электрондук окуу китептерин түзүү жана пайдалануу проблемалары, Электрондук мектепти түзүү аны мектептен апробациядан өткөрүп ишке киргизүү жана Лего конструкторлорунун жардамы менен окуучулардын алгоритмикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү. Мына ушул багыттагы долбоорлорду талкуулоо менен финансылык жардам көрсөтүү маселелери талкууга алынды. 

Бул проектилердин финансылоо жагы Кыргызстандагы Катар мамлекетинин посольствосу аркылуу каржылоо мумкунчулуктору туурасында айтылды.

 

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru