УИТМЛдин парламент мүчѳлѳрү ЖОГОРКУ КЕНЕШТЕ депутат КОКУЛОВ ЭРУЛАН КАЛЧОРОЕВИЧ МЕНЕН ЖОЛУГУШУШТУ

Бүгүн 21-октябрда мектеп-лицейибиздин парламент мүчѳлѳрү УИТМЛнин тарбия иштери боюнча директордун орун басары Камчыбекова Гүлсара Абдулатовна жана окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары Ибрагимов Жайнак Усеновичтин  жетектөөсү менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Кокулов Эрулан Калчороевич менен жолугушуп келишишти.

Жолугушууда Кокулов Эрулан Калчороевич эртенки кундүн келечеги болгон жаш муундарга алдыга бийик максаттарды коюп, ал максаттарга жетүү үчүн сапаттуу, терең билим алууга чакырды.  Ар тараптуу өнүгүп өсүү менен өлкөнүн өсүп өнүгүүсүнө зор салымын кошуу үчүн жакшы кеп - кеңештерин берүү менен окуучуларга ийгиликтерди каалады.

Бүгүнкү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде болгон экскурсия жана Жогорку Кеңештин депутаты Кокулов Эрулан Калчороевич менен болгон жолугушуу окуучулардын келечеги үчүн өзгөчө таасирдүү болду деген ишеничтебиз.

 

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru