Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, 19-сентябрь Кыргызстандын аймагында Улуттук аза күтүү күнү жарыяланды

Профессор  А. Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейи да  мамлекттик тууну түшүрүп, Баткен облусунда болуп өткөн кандуу кагылышта курман болгон мекендештерибиздин, мекен сакчыларынын жаркын элесине таазим кылат.

   Бул күнү мектеп-лицейдин  биринчи сабагы тажик агрессиясынын кесепетинен баатырларча курман болгон жоокерлерибиздин эрдиги бир мүнөттүк унчукпай туруу  менен эскерилди.

  Ар бир класста сабактар окуучуларды патриотизмге үндөгөн жана тарбиялаган “Мекеним – көзүмдүн кареги” деп аталган темада класстык-тарбиялык сааттар менен башталды. 

 Баткен коогалыңда аскердик милдетин өтөп жүрүп шейит кеткен аскерлерибиздин эрдиги эч качан унутулбайт.

  Мектеп-лицейдин администрациясы, педагогикалык жамааты, окуучулары тажик баскынчыларынын куралдуу кол салуусуунан улам мезгилсиз курман болгон бардык мекендештерибиздин үй-бүлөлөрүнө, балдарына, ата-энелерине, жакын туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтат. 

 

 

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru