Эл сыймыгы Жоламан Шаршенбеков

Жоламан Шаршенбеков 1999-жылы туулган. Атасы - Рысалиев Назарбек,жеке ишкер. Апасы - Жуманалиева Гүлнара, биздин Улуттук инновациялык технологиялар мектеп лицейинин математик мугалими.

Жоламан-биздин легендарлуу №5-мектебибиздин азыркы УИТМЛ нин сыймыктуу бүтурүүчүлөрүнүн катарын толуктап, артынан өсүп келе жаткан мектеп-лицейибиздин жалпы окуучуларына, өзгөчө Жоламандай кыргызды дүйнөгө тааныткан мекенчил атуул болгусу келген окуучуларыбызга шык, дем берип келет.

Жоломан Шаршенбеков- грек- рим күрөшү боюнча КР нын 5 жолку чемпиону. 2015-жылы Индияда өткөн Азия чемпионатында алтын медалга, 2016-жылы Кытайда өткөн Азия чемпионатында коло медалга, 2017-жылы Грузияда өткөн дүйнө биринчилигинде коло медалга, 2018- жылы Венгриянын Будапешт шаарында өткөн грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатта күмүш медалга, 2020-жылы Сербиянын Белград шаарында өткөн дүйнө кубогу мелдешинде алтын медалга ээ болуп ж.б.  бир топ мелдештерде ийгиликтерди багындырган. Быйыл 2022-жылдын  9-19-августунда Турциянын Кония шаарында өткөн  Ислам оюндарында грек-рим күрөшү боюнча алтын медалды жана 2022-жылдын сентябрь айында Сербияда өткөн күрөш боюнча дүйнө чемпионатында алтын медал утуп,  жалпы кыргыз элинин алкоосуна татыды.

Жоламан болгону 23 гана жашта. Сыймыгыбыздын басар жолу, ашар ашуусу дагы алдыда. Мындан ары да Жоламанга албан ийгиликтерди, чың ден соолукту каалайбыз.

Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Жоламандын апасы биздин кесиптешибиз,  матемаик мугалимибиз Гүлнара эжейибизди, уулу Жоламандын ийгиликтери менен чын жүрөгүбуздөн куттуктап, жалпы кыргыз элинин сыймыгы болгон Жоламандай уулду өстурүп тарбиялап бергендиги үчүн терең ыраазычылык билдиребиз.

Жоламан-биз сени менен сыймыктанабыз!

Видео бул жерде>>>

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru