Жатакана

Интеллектуалдык деңгээли жогору окуучулар менен   иштөө жобосу.

1.Жалпы жобо

Асыл данек «олтурузулган» жерде… Адамдардын биологиялык өзгөчөлүктөрү боюнча балдар таланттын,шыктын,жөндөмдүүлүктүн жаратылыштык башталгычтыктары менен төрөлөт.Аны таап билүү,туура жолго коюу,жөнгө салып өстүрүү педагогикалык зор чеберчилик.

1.1. Таланттуу,шыктуу - бул бир же бир нече иш аракеттердин жыйынтыгынын негизинде башка адамдарга салыштырганда жогорку жетишкендикке ээ болгон турмушта психикалык сапаты өрчүгөн система . Зээндуу бала – бул же тигил  иш аракеттерде жогорку жетишкендиктерге ээ болгон бала.Жөндөмдүү,таланттуу адам-коомдун өзгөчө байлыгы.Коомдун рухий потенциалы жана анын материалдык прогресси-жөндөмдүү ,таланттуу адамдардын иш аракетине көз каранды.Коомчулуктун, изилдөөчүлөрдүн алдына негизги проблема катары талантуу,шыктуу балдардын жөндөмүн өнүктүрүү коюлган.

1.2.Максаттар жана милдеттер

Максаттар: Жөндөмдүү окуучуну ар тараптан өнүктүрүүдө, жеке аң-сезимининин деңгээлин көтөрүүгө,сапаттуу билимге ээ болууга,интеллектисин өнүктүрүүгө,руханий байлыгын кеңейтүүгө,саламаттыгын сактоого,өнүгүп,өзгөрүп турган заманбап коомдун турмушуна ыңгайлашып кетүүгө,мектепти бүткөндөн кийин өз алдынча өнүгүп кетүүсүнө  шарт түзүп берүү.

Милдеттер:

  • Ар турдүү заманбап технологияларды(рекламаларды) пайдаланып, Республиканын бардык аймактарынан зээндуу жана талантуу балдарды УКГнын жатаканасына топтоо.
  • Балдарды жөндөмдүүлүлүгүнө жана предметке болгон кызыгуусуна карата бир класска топтоо.
  • Сабак учурунда предметтик мугалим менен биргелешип, жекече иштөөнүн негизинде балдардын өзгөчөлүгүн байкоо жана анын жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүүнүн үстүндө иштөө.
  • Балдардын жөндөмдүүлүгүнө жараша  мектептеги жана мектептен (мисалы: «Жаш техник», «Конструктор», «Архитектор»,ж.б)  тышкары ар кандай кружокторго,илимий-техникалык билим берүү борборлоруна катыштыруу.
  • Таланттуу балдардын интеллегин текшерүү максатында «Акыл таймаш» конкурстарын,предметтик КВН ,интеллектуалдык оюундар,тематикалык конкурстарды,илимий-практикалык  семинарларды,көргөзмөлөрдү ж.б. иш чараларды уюштуруу.
  • Жөндөмдүү окуучулардын өсүүсүн жогорку деңгээлде уюштуруу жана алардын илимий коомун түзүү .

1.3. Интеллектуалдуу балдар менен иштөөнүн принциптери:

- окуучулардын  жеке чыгамачылыгын өнүктүрүүгө карата чөйрө түзүп берүүсү;

-окуучулардын акыл иш аракеттерин системалуу калыптандыруу;

-өркүндөтүлгөн окутуу;

-проблемдик окутуу;

-программалаштырып окутуу;

-таанып билүү кызыгууларын өркүндөтүү;

-окутууну оптималдаштыруу;

-окуучулардын окуу ишмердүүлүгүн активдештирүү

-кошумча окумуштуулардын,практиктердин жекече сабак берүүсү;

-окуучулардын илимий көз караштарын түзүү,аларды илимий иштердин айрым ыкмаларына тартуу;

 Алдын ала окутуунун принциптери;

  • Ишкердүүлүктүн бардык ынгайлуулуктарын тузүү принциптери;
  • Окуучулардын бардык жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүү жолдору;
  • Сабактан тышкары учурда чыгармачылыкты өстүрүүнүн ролу;
  • Окутууну өркүндөтүүнүн принциби;
  • Өз ыктыяры менен өнүгүүнүн принциби.

1.4. Жобого катышкан катышуучулар

  • мектеп администрациясы (директор, завучтар).
  • Мектептеги МБ жетекчилери.
  • Предметник мугалимдер
  • Мектептен тышкаркы илимий окумуштуулар
  • Класс жетекчилер.
  • Секция,кружоктун жетекчилери
  • Психолог
  • Соц.педагог
  • Библиотекарь.
  •  Ата энелер

1.5.Жөндөмдүү окуучулар менен иштөө маниторингинин өтүү формасы:

формасы

убактысы

Предметтик олимпиадалар

Рефераттар конкурсу

Илимий-практикалык конференция

Предметтик декадалар

Зээндуу окуучулар менен иштеген педагогдордун иш тажрыйбасынан чыгармачылык отчету

Тематикалык конкурстар, көргөзмөлөр

Проектер боюнча иштөө

 

Жетишкендиктер

 

Өнүгүүнүн мониторинги

 

Жылына 1 жолу

Жылына 1 жолу

Жылына 1 жолу

 

Жылдык план негизинде

Педсоветте

 

Жылына 1 жолу

 

Жылына 1 жолу

 

Жылына 1 жолу

 

Жылына 1 жолу

 

 

2. Уюштуруу жана функционалдык милдеттер

Ишти уюштуруу үч багытта жүрөт:

1.Жөндөмдүү окуучулар менен

2.Педагогикалык кадрлар менен

3.Ата-энелер менен

2.1. Директордун функциясы:

  • Окуу жүрүшүндө жөндөмдүү окуучуларга түзүлгөн жылдык пландын негизинде, пландын аткарылышына көзөмөл жүргүзүү
  • Жөндөмдүү окуучулар менен иштеген мугалимдерди жана окуучуларды сыйлоо жана материалдык өбөк(стим) түзүүгө фонддо белгилөө

2.2. Завучтун функциясы:

  • жобого ылайыктуу окуу процессине байланышкан (расписание,окуу пландарды иштеп чыгуу,коррекциялоо
  • Нормативдик документтерди жасалгалоо
  • Программалардын иштелмелери.
  • Жөндөмдүү окуучулар менен иштеген иштин отчетун даярдоо
  • Жөндөмдүү окуучулар менен иштөөдөгү көйгөйлөр боюнча семинар өтүү жана уюштуруу
  • Жөндөмдүү  окуучулар менен иштеген мугалимдерге методикалык жардам көрсөтүү.
  • Жөндөмдүү окуучулар жөнүндө так маалымат чогултуу

2.3. Методикалык бирикменин жетекчилеринин функциясы:

  • Мектеп ичиндеги декадаларды ,олимпиадаларды (жылына 1 жолу) пландоо жана өткөрүү
  • Предметтер боюнча жогорку денгээлдеги суроолордун жана тапшырмалардын материалдардын иштелмелери (дайыма)
  • Жөндөмдүү окуучулар менен иштөө пландарын , олимпиаданын ,декаданын ,тесттин жыйынтыгын ж.б чагылдырган стенддерди түзүү
  • Жөндөмдүү окуучулар менен иштеген педагогдордун чыгармачылык отчеттору

2.5.Предметник мугалимдердин функциясы:

  •  
    • Жөндөмдүү окуучуларды тандоо.
    • Жөндөмдүү окуучулар менен иштөө планын тузүү.
    • Жекече иштөөнү уюштуруу
    • Мектеп ичиндеги жана райондун денгээлиндеги олимпиадаларга конкурс,викториналарга ,конференцияларга даярдоо
    • Жыл ичинде мектеп ичинде көрсөткүчкө ээ болгон окуучуларды чагылдырып туруу жана конференция өтүү
    • Окуу кабинеттеринде зээндуу окуучулардын денгээлин көтөрүүгө ылайыктуу материалдарды топтоо
    • Жөндөмдүү окуучулардын ата-энелери менен балдарынын өсүү таланттары боюнча маалыматтарды берүү.
    • Жөндөмдүү окуучулар менен иштөө отчетторуна даярдануу.

2.6.Класс жетекчилердин функциясы:

Бардык жагынан таланттуу жана зээндууу окуучуларды тандоо:

-Тарбия журналына жана дневниктерине жөндөмдүүлүгүнө жараша кружок,секциянын жетекчилери жана предметтик мугалимдер менен бирге таблица толтуруу

-Класстагы жөндөмдүү жана зээндүү окуучулар менен тарбиялык иш жүргүзүү, планын иштеп чыгуу

 

2.7. Кружок жана секциянын жетекчилердин функциясы:

 

Жөндөмдүү окуучуларды тандоо:

 

-Жөндөмдүү окуучулар менен иштөөнүн чыгармачылык отчетун уюштуруу

-Класс жетекчилерден айрым маалыматтарды алуу

-Жөндөмдүү окуучулар менен иштөө отчетторуна даярдануу

 

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru