ЖАЛПЫ ОРТО БИЛИМИ ТУУРАЛУУ АТТЕСТАТТЫ ТАПШЫРУУ САЛТАНАТЫ

ЖАЛПЫ ОРТО БИЛИМИ ТУУРАЛУУ АТТЕСТАТТЫ ТАПШЫРУУ САЛТАНАТЫ

 

Бүгүн 2022-жылдын 07-июлунда Улуттук инновациялык технологиялар (УИТМЛ) мектеп-лицейибизде ары кубанычтуу, ары жоопкерчиликтүү  чоң салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Мектеп-лицейибиздин 218 бүтүрүүчүсү мамлекеттик аттестациялоону ийгиликтүү тапшырышып, «Жалпы орто билими тууралуу аттестатты» колдоруна алышып, турмуш жолуна аттанганы  турушат.

                 Урматуу бүтүрүүчүлөр, жолуңар  шыдыр, келечегиңер кең болсун! Силерге жаркын келечек, чын ден соолук, каалаган ой-максатыңарга жетүү үчүн чечкиндүүлүк, туруктуулук жана  талыбаган эмгекчилдик  каалайбыз. Бүткүл элибиз силерден билимдүүлүктү, акылмандуулукту, улуу ачылыштарды күтөт. Элибиздин үмүт-тилегин  актаган татыктуу уул-кыздардан болгула!

                                    Кайрат менен кадам шилтеп турмушка

                                    Канат сермеп уча бергин алдыга

                                    Орундалсын ойлогон ой максатыңар

                                    Ак жол сага бүтүрүүчү баарыңа !  

 

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru