PASCH - фотосүрөт семинары

Фотосүрөт семинары.

Акыркы бир нече жумада Кыргызстандан жана Казакстандан PASCH долбоорунун окуучулары үчүн кызыктуу жана креативдүү фотосүрөт боюнча семинар болуп өттү. Бул семинарга профессор Айдаркан Молдокулов атындагы УИТМЛнин 8-т3 классынын окуучулары Медина Максатбекова жана Айбийке Аманова катышууга мүмкүнчүлүк алышты. Семинарды фотограф Энрике Мунос Гарсиа өткөрдү. Ал белгилүү сүрөтчү жана 20 жылдан ашык убакыттан бери Швейцарияда фотограф болуп иштейт жана ушундай семинарларды өтүп турат. Анын чыгармачылыгына багытталган ар кандай темалар негизинен портрет  жанры менен байланышкан.  Темалар айлана-чөйрөнү сүрөткө тартуу, көчө сүрөттөрү, коммерциялык фотосүрөттөр жана студиялык сүрөттөрдү камтыды. Семинардын жүрүшүндө окуучулар баарык сүрөт жанрлары  менен таанышты, ошондой эле жеке портреттерди кантип ишке ашыруу жана концептуалдык фотосерияларды түзүү керектигин үйрөнө алышты.

Жыйынтыгында вернисаж адаттан тышкары, революциялык форматта өттү. Катышуучулар жана коноктор виртуалдык 3D көргөзмөнүн жыйынтыгы менен кененирээк таанышууга мүмкүнчүлүк алышты. Бул көргөзмө көрүүчүлөр үчүн кубаныч тартуулады.​

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru