Электрондук окуу китептерин түзүү боюнча семинар

24-мартта профессор А.Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин пеадгогикалык курамынан турган мугалимдер тобу Бишкек шаарынын Свердлов ж/а Биринчимай райондорунун мектеп мугалимдерине “SunRav BookOffice информациялык системасы менен Электрондук окуу китептерди түзүү” боюнча практикалык багытта алгылыктуу семинар-тренинг өтүп беришти. 

Семинарга 35 мугалим катышып даяр түзүлгөн электрондук китептер менен таанышуу аркылуу өздөрүнүн предметтери боюнча электрондук китептерди түзүүнүн алгачкы этаптарын өздөштүрүштү. Мындай жумуш ар бир педагогко керек жана кызыктуу болгондуктан УИТМЛдин Мультимедиялык лабораториясында мугалимдердин убактысына карап аягына чейин үйрөтүү максаты коюлду. Бишкеке шаарынын Свердлов, Первомай райондорунун мугалимдери качан SunRav информациялык платформасын толук үйрөнүп өз алдынча иштей ала турган деңгээлге жеткичекти келип үйрөнүүнү максат кылып коюшту. УИТМЛдин IT командасы электрондук окуу китептерин түзүүдө жардам берүүгө даяр.

Семинардын максаты: Мектеп мугалимдерине кадимки окуу процессинде колдонулган окуу китептеринин информациялык системанын жардамы менен Электрондук вариантын түзүүнүн практикалык түрдө SUNRAV информациялык платформада көрсөтүп, үйрөтүү.

 

Семинарды алып баруучулар: Касымалиев Муратбек Усенакунович – УИТМЛдин директору, п.и.к., доцент; Асанова Мелискан Биримкуловна – УИТМЛдин усулдук иштери боюнча директордун орун басары, Ибрагимов Жайнак Усенович, Абралиев Эржан Русланович – информатика мугалимдери жана табигый илимдер багытындагы предметтерден сабак берген мугалимдер активдүү катышышты.

 

Семинарда үйрөтүлүүчү программалык жабдылыш: SunRav BookOfficePro жана SunRav TestOfficePro

SunRav BookOffice эки программадан турат:

1. SunRav BookEditor мүмкүнчүлүктөрү

SunRav BookEditor менен сиз төмөнкүлөрдү түзө аласыз: электрондук китептерди, окуу китептерин, электрондук сөздүктөрдү же энциклопедияларды; HTML, CHM жана PDF документтери, каалаган форматтагы документтер (шаблондорду колдонуу менен). Программа китептерди EXE файлдарына компиляциялоого мүмкүндүк берет.

2. SunRav TestOfficePro – бул билимди көзөмөлдөө жана тестирлөө программасы. Ар кандай деңгээлдеги татаал жана багыттагы тесттерди түзүүгө мүмкүндүк берет; колдонуучулар жана уюштуруучулар үчүн тестирлөөнү натыйжалуу жана ыңгайлуу жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.

TestOfficePro локалдык тармакта жана тармакка туташпаган компьютерлерде иштейт (программаны орнотпостон эле флеш-дисктерден, компакт-дисктерден текшерүүгө болот).

ПРОГРАММАСЫ

Убактысы

Аткарылуучу иштер

Спикер

1

9:00-9:30

  • Электрондук окуу китеби жөнүндө жалпы маалымат
  • Ноутбуктарга Sun-Rav программасын орнотуу иштери

Касымалиев М. У.

2

9:30-11:00

  • SunRav программасын ачуу, сактоо
  • Материалдарды топтоо (китептин электрондук вариантын табуу, PDF файлды Word го айландыруу, презентация, видео, тест(түрлөрү))
  • Папкаларды ачуу менен китептин мазмунун түзүү
  • Гипперссылкаларды жайгаштыруу

Асанова М. Б.

 

Ибрагимов Ж.

 

Абралиев Э.

3

11:00-12:00

Практикалык иш, мастер класс

4

12:00-13:00

Суроолого жооп, талкуу

 

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru