"Жаш Манасчылар" кароо-сынагы

КРнын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата уюштурулган республикалык "Жаш Манасчылардын" кароо-сынагы Маданият, маалымат жаштар саясаты министрлигине караштуу Улуттук маданият борбору, Мамлекеттик Манас театры жана Сапат Эл аралык билим берүү мекемелери тарабынан демилгеленди. Сынак 2 тайпа боюнча: 1-6-класстар арасында "Сейтек" толук эмес жалпы билим берүү мектебинде, 7-11-класстар арасында "Айчүрөк" кыздар лицейинин базасында 2021-жылдын 25-декабрда өткөрүлдү. Ал сынакка биздин УИТМЛден Калил Асанаалы агайдын "Манас таануу" ийримине барган 5 окуучуларыбыз: 1. Бектемиров Ажыбек 8-м3, 2. Кылычбеков Акназар 6-В, 3.Турдунбекова Алия 6и, 4.Турдунбекова Аделина 3ж, 5.Орозказиев Умар2А барып ат салышып, 6-в классынын окуучусу Кылычбеков Акназар 3-байгелүү орунду жеңип алды. Кашыуучуларга жана жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар, баалуу белектер, Саякбай Каралаевдин толук "Манас" үчилтиги, Жусуп Мамайдын толук 8 илтик китептери, Манас дептери, медаль, дипломдор тапшырылды. Өзгөчө айткан кыздарга баалуу зер-буюмдар да берилди. Биздин катышкан окуучуларыбызды, өзгөчө Кылычбеков Акназарды жана анын жетекчиси Калил Асанаалы агайды ийгиликтери менен куттуктайбыз!!!  

 

Кошумча маалыматтар: http://www.ktrk.kg/kg/news/s/66610

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru