"Алтын күз" - "Күз берекеси" 1-4-башталгыч класстарда

Өтүп бараткан жуманын шаршемби-бейшемби-жума күндөрү мектеп-лицейибизде  түшүм майрамына карата 1-2-класстардын арасында “Алтын күз” темасында  жашылча жемиштерден түзүлгөн композициялар жана  3-4-класстардын арасында “Күз берекеси” темасында дан өсүмдүктөрдөн түзүлгөн композициялар боюнча конкурстар болуп өттү.

Конкурстун максаты: окуучулардын өздүк көркөм чыгармачылыктарын жана шык-жөндөмдөрүн ойготуу жана көркөм эстетикалык маданий жөндөмдөрүн өстүрүү менен бирге жаратылышты сүйүүгө, эмгекти баалоого тарбиялоо.

Ар бир класстын кураторунун мыкты  уюштуруусунун негизинде  окуучулар ата-энелери менен биргеликте эмгектерин жогорку деңгээлде даярдап чыгышкандыктан жеңүүчүлөрдү аныктап чыгуу кыйын болду.  Жыйынтыгында эң мыкты эмгектери менен айырмаланып, активдүү катышкан класстарга орундар берилди.                                    

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru