25-май, Акыркы коңгуроо!

Бүгүн 2021-жылдын 25-май өлкөбүздүн баардык аймактарындагы мектептерде окуу жылынын Акыркы коңгуроосу кагылмакчы. Ошондой эле биздин уюткулуу Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейибизде да бул азем азыркы шартка ылайыктуу талаптарды сактоо менен белгиленмекчи. Педагогикалык коллективди, анын ичинде  быйылкы окуу жылын бүтүрүп жаткан биздин  - 11-класстын бүтүрүүчүлөрүн куттуктайбыз.

Ак жол силерге бүтүрүүчүлөр!!!! 

 

Биздин бүтүрүүчүлөргө арналган чакан видео-куттуктообуз:                      https://youtu.be/9dQTuCGVH28

 

    https://www.youtube.com/watch?v=qC44WRvw-Yo

 

Улуттук компьютердик гимназиянын 2001- жылы, 11 «А» классынын

бүтүрүүчүлөрүнөн каалоо –тилек!!! 

Мезгил айдап алды – артына карабай

Өмүр деген өтөт экен шамалдай

Жаркылдаган классташтар кайдасың?

Көбүңөрдү калдык бүгүн табалбай.

 

Ошол мезгил бир сонун кез турбайбы

Ал кездеги агай-эжей улгайды

Күлира эже, балапандай бакчу эле

Жыйырма  жылда балдар болду үй-жайлуу

 

Тарбиялап билим берип жанүрөп

Математикадан окутту эле эсепти

Апабыздай мээрим төгүп сырдашкан

Күлира эже биздин класс жетекчи

 

Сизден алган билим жана тарбия

Турмуштун кемесинде алга сүрөп

Күлира эже эске түшсө акыл айтып

Жаш бойдон жүрөктөрдө жашап жүрөт.

 

Ден-соолукта аман-эсен жүрсө экен – деп

Баарыбыздын атыбыздан каалоо-тилек!

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru