Кадимки режимдеги окуу

18-январдан баштап 1, 5, 9, 11-класстар кадимке режимде мектептен билим алуусун  башташты. Учурдагы кырдаалды эске алуу менен ийкемдүү түзүлгөн графиктин негизинде, окуучулардын санына жараша,
ар бир класс II сменага бөлүнүп окуп жатышат. Мектепке кирүүдө жана мектеп ичинде бардык санитардык-гигиеналык талаптар көзөмөлдөнүп, туура сакталууда. 
Санитардык-гигиеналык талаптар:
Ар бир окуучу сөзсүз түрдө антисептик, эки беткап менен келүүсү жана ар бир эки саатта беткаптарды алмаштырып туруусу зарыл. Мындан сырткары ар бир танапис учурунда окуу кабинеттерин желдетип,
кабинетте коюлган антисептикалык каражаттар менен жеке гигиенаны жана аралыкты сактоого тийиш.
Мектеп формасы кандай болот?
Учурдагы кырдаалды эске алуу менен көпчүлүк окуучулардын мектеп формалары жок экендиги белгилүү. Абалды туура түшүнүү менен белгилүү убакытка чейин окуучулар,
мүмкүн болушунча ак, кара түстөгү классика стилиндеги жарашыктуу форма менен келүүсү керек.

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru