Профессор Айдаркан Молдокулов атындагы Улуттук компьютердик гимназиясынын 8-11-класстарынын окуу процессинин 2018-2019- окуу жылындагы жылдык иш чараларына анализ

Профессор Айдаркан Молдокулов атындагы Улуттук компьютердик гимназиясынын

8-11-класстарынын окуу процессинин  2018-2019- окуу жылындагы

жылдык  иш чараларына анализ

             Профессор А. Молдокулов атындагы Улуттук компьютердик  гимназиясынын педагогикалык кеңешинин чечими менен мектептин 2018-2019-окуу жылына окуу- тарбия иштеринин планы төмөнкү багыттар менен иштелип чыккан:

  • окутууну уюштуруу;
  • педагогикалык кадрлар менен иштөө;
  • мектеп документациясы;
  • ички көзөмөл;
  • педагогикалык кеңеш.

     Окуучулар менен иштөөдө УКГ Кыргыз Республикасынын «Билим берүү» Законунун, УКГнын Уставынын, Билим берүү Академиясынын рекомендацияларынын жана мектеп ичиндеги буйруктардын негизинде иш алып барат.

Профессор А. Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейи  “Окуучулардын билим сапатын жогорулатуу үчүн орто мектепте билим берүүчү информациялык чөйрөнү калыптандыруу” темасында иш алып барат.

             Мектеп-лицей билим берүүдөгү окуу процессин үч деңгээлде ишке ашырат: башталгыч жалпы (1-4-класстар), негизги жалпы (5-9-класстар) жана орто жалпы билим берүүнү (10-11-класстар).

            Лицейдик билим берүү физика-математикалык жана табигый-илимий базага негизделген тереңдетилген деңгээлде негизги жалпы билим берүү программаларын билим берүүнүн II (5-9-класстар) жана III (10-11-класстар) деңгээлинде ишке ашырат.

Багыттары:

  • жалпы орто билим берүүнүнүн мамлекеттик билим берүү стандарты менен бекитилген жалпы универсалдык билим берүүнү камсыз кылат;
  • фундаменталдык компетенттүүлүккө ээ болгон жана кийинки кесипке аң-сезимдүү түрдө тандоо жасай алган, кесипке чейинки багыт алган жана кийинки кесиптик билим берүү программаларын өздөштүрүп алып кете турган жогорку адеп-ахлактуу интеллектуалдуу инсандарды тарбиялоо.

 Быйылкы 2019-2020-окуу жылында 92 класс комплекттенген. Анын ичинен:

 

Класстар

Бардык класс-комплекттердин саны

1-4-кл

31

5-9-кл

44

10-11-кл

17

 

Акыркы 3 жылдагы лицейдеги жалпы окуучулардын саны жөнүндө маалымат

 

Окуу жылдар

2016-2017

2017-2018

2018-2019

Окуучулардын саны

2894

3032

3091

 

    

2018-2019–окуу жылында УКГнын алты күндүк режимде иш алып барды. Окуу жылында 8-11- класстарда 33 класс  комлекттелген.  Жыл башында 969 окууучу окуп баштаган, ал эми жылдын аягында 947 окуучу аяктады.  Жылдын ичинде 16 окуучу региондордон жана башка мектептерден келип окушту, 24 окуучу ар кандай себептер менен башка мектептен билим алууну улантышты.

     8-11-класстардын жумалык жүктөмү:

  • 8 - класста -34
  • 9 - класста- 35
  • 10- класста- 32
  • 11-класста-33

2018-2019 –окуу жылындагы окуу процессин уюштуруу формалары төмөнкүлөр:

  • сабактар;
  • лекция, семинарлар;
  • чейректердин аягында экзамендер;
  • предметтик  ийримдер;
  • олимпиада, конкурстар;
  • предметтик декадалар;
  • ачык сабактар;
  • ички көзөмөл.

Акыркы үч жылдагы окуучулардын билим сапаты жана жетишүүсү жөнүндө маалымат

           

 

2016-2017

2017-2018

2018-2019

Класс

Окуу-чунун саны

Билим сапат

Жети-шүү

Окуу-чунун саны

Билим сапат

Жети-шүү

Окуу-чунун саны

Билим сапат

Жети-шүү

1-кл

367

 

 

324

 

 

222

 

 

2-кл

325

57%

100%

356

64%

100%

321

60%

100%

3-кл

327

61%

100%

322

65%

100%

355

64%

100%

4-кл

265

63%

100%

320

66%

100%

332

63%

100%

1-4-кл

1284

60%

100%

1322

64%

100%

1230

62%

100%

5-кл

260

61%

100%

278

63%

100%

339

57%

100%

6-кл

294

60%

100%

263

63%

100%

294

65%

100%

7-кл

305

59%

100%

306

61%

100%

281

62%

100%

8-кл

229

50%

100%

304

56%

100%

316

51%

100%

9-кл

211

51%

100%

221

58%

100%

303

57%

100%

5-9-кл

1299

55%

100%

1372

61%

100%

1533

58%

100%

10-кл

180

59%

100%

168

58%

100%

161

59%

100%

11-кл

131

61%

100%

170

53%

100%

167

70%

100%

10-11-кл

311

60%

100%

338

55%

100%

328

64%

100%

1-11-кл

2894

58%

100%

3032

60%

100%

3091

61%

100%

 

Таблицадан көрүнүп тургандай 3 жыл аралыгында билим сапаты 3%га өскөн.

 

Акыркы 3 жылдагы окуучулардын билим сапатынын жана жетишүүсүнүн мониторинги

 

 

Диаграммада көрүнүп тургандай гимназиянын акыркы 3 жыл ичинде жүргүзүлгɵн талдоосунда билим сапаты 3% га өсүп,  жетишүү 100% түзгөн.

 

2018-2019-окуу жылындагы 1-11-класстардын окуучуларынын билим сапатынын жана жетишүүсүнүн мониторинги

 

 

Диаграммада көрсөтүлгөндөй, 2018-2019-окуу жылында “5”ке окугандар – 348 окуучу, “4”кө окугандар – 1405, “3”кө окугандар – 1338 окуучу болду.

Билим сапаты –жалпы 1-11-класстарда 61% ды, жетишүү – 100% ды  түздү.  

Мындай жыйынтык окутууда техникалык каржаттарды көбүрөөк пайдалангандыктан жана мугалимдер, окуучулар предметтер боюнча электрондук окуу китептерин колдонгондуктан  келип чыгууда.

 

2018-2019-окуу жылындагы окуучулардын билшим сапаты жана жетишүүсү жөнүндө маалымат

 

Классы

Окуучу-нун саны

“5”ке окугандар

“4”кө окугандар

“3”кө окугандар

Билим сапаты

Жетишүү-сү

1-кл

222

 

 

 

 

 

2-кл

321

56

135

130

60%

100%

3-кл

355

64

164

128

64%

100%

4-кл

332

68

149

115

63%

100%

1-4-кл

1230

188

448

373

62%

100%

5-кл

339

21

174

145

57%

100%

6-кл

294

29

162

104

65%

100%

7-кл

281

23

151

107

62%

100%

8-кл

316

23

140

153

51%

100%

9-кл

303

31

143

130

 

57%

100%

5-9-кл

1533

127

772

642

58%

100%

10-кл

161

18

81

65

59%

100%

11-кл

167

15

104

50

70%

100%

10-11-кл

328

33

185

118

64%

100%

1-11-кл

3091

348

1405

1338

61%

100%

 

        2018-2019-окуу жылында “5”ке окугандар – 348 окуучу, “4”кө окугандар – 1405, “3”кө окугандар – 1338 окуучу болду.

Билим сапаты – 61% ды, жетишүү – 100%ды  түздү.  

 

 

УКГнын 8-11-класстарында билим денггээлинин жана билим билгичтигин абалы  жылдыкта төмөнкү жыйынтыкты берди:

 

«Эң жакшы»

«Жакшы»

«Канааттан.»

«Канаат. эмес.»

Жыл башында

57 окуучу

310 окуучу

591 окуучу

 

жок

Жыл аягында

79 окуучу

457 окуучу

411 окуучу

жок

 

Таблица көрсөткөндөй жыл аягында окуучулардын билим сапатынын көрсөткүчү 14%га жогорулаган.

 

  Билим сапатынын жана жетишүүсүнүн көрсөткүчүн карап көрөлү:

Класс

Жыл башында

Жыл аягында

Билим сапаты

%

Жетишүүсү

%

Билим сапаты

%

Жетишүүсү

%

8

37

100

49

100

9

38

100

58

100

10

46

100

57

100

11

43

100

70

100

8-11

44

100

58

100

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

2018-2019-окуу жылынын башына карата старттык срездин жыйынтыгы

     2018 –жылдын 20-сентябрындагы  гимназиянын ички буйругунун негизинде,    24–27-сентябрда 8-11- класстарынан профилдик предметтерден  текшерүү иштери, тесттер алынды. Текшерүүнүн максаты  8-11-класстын окуучуларынын алгачкы жыл башына карата билим сапатын аныктоо болду.

Гуманитардык кыргыз тили багытындагы класстар 8-9-класстар кыргыз тилинен баяндама,               10 –класстар кыргыз тилинен жат жазуу, кыргыз адабиятынан тест алынды

 Кыргыз тили  сабагынан  алынган текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча:

Жалпы гуманитардык кыргыз тили багытындагы

Окуу чунун саны

“5”

“4”

“3”

“2”

Билим сапаты

Жети шүүсү

8-11-класстар

123

12

45

39

5

46%

96%

Кыргыз  адабияты  сабагынан  жыйынтыгы

Жалпы гуманитардык кыргыз тили багытындагы 

Окуу чунун саны

“5”

“4”

“3”

“2”

Билим сапаты

Жети шүүсү

8-11-класстар  

123

23

37

60

3

49%

98%

8-класстар үчүн баяндама окуучулардын жаш өзгөчөлүгүнө ылайык тандалган. Окуучулар жалпысынан грамматикалык,стилистикалык каталарды кетиришкен. Диалог түзүүдө, төл жана бөтөн сөздөрдү жазууда каталар кездешет. 9-гк класстарда окуучулардын сабаттуулугу начар, орфографиялык :созулма үндүүлөрдөн жана катар келген үнсүздөрдөн, йоттошкон тамгалардан ката кетирилген. Пунктуация боюнча төл жана бөтөн сөздөргө коюлуучу тыныш белгилерден каталар кетирилген.10-гк классы жазуу ишин көпчүлүк окуучулар жакшы жазышкан. “2” алган окуучу жок. Орфографиялык каталардан жокко эсе. Кол жазмалары дагы жакшы. Кыргыз адабият сабагында окуучулар  тексти жазууда сөздөр кайталанма болуп калган учурлар көп кездешет. Абзацка бөлүүдө каталарды кетиришкен.

    Гуманитардык чет тили багытындагы класстардан англис, немис тилинен тест, жат жазуу  алынды.  Англис тили сабагынын жыйынтыгы:

Жалпы гуманитардык англис тили багытындагы

Окуу чунун саны

“5”

“4”

“3”

“2”

Билим сапаты

Жети шүүсү

8-11-класстар

386

57

202

121

6

67%

98%

Англис тили сабагынан алынган тестте грамматикалык, лексикалык, логикасын өстүрүүчү материалдар камтылган. 6 окуучу канааттандыраарлык эмес деген бааларды алышкан. 8-га класстарда айрым окуучулар өткөн чактын тангыч түрүн түзүүдөн, суроо берүүдө сурама ат атоочтордон ката кетиришкен.9-га класстар грамматикалык каталарды ,11-га класстар диктант жазууда омоним сөздөрдөн көп ката кетиришкен. 

       Немис тили сабагынан немис тили багытында окутулган класстардан алынган тесттин жыйынтыгы:

Жалпы гуманитардык немис тили багытындагы

Окуучунун саны

“5”

“4”

“3”

“2”

Билим сапаты

Жети шүүсү

8-11-кл

107

20

49

39

0

64%

100%

          Немис тил сабагынан алынган срездин жыйынтыгы боюнча ГА класстарда эң төмөнкү пайыз 10 гн классынын  билим сапаты 47%ды түздү.Жазуу ишинде грамматикалык каталар кетирилген. Мисалы этиштердин жакталышынан жана зат атоочтордун кичине тамга менен жазылышынан кеткен. 9 гн классынын эң төмөнкү билим сапаты 57%ды түздү. Жазуу ишиндеги кетирген каталар негизинен предлогдордон кеткен.

Математика багытындагы класстардын математика, физикадан  текшерүү иш, информатикадан тест алынды .

 

 

 

Математикадан алынган текшерүү иштердин жыйынтыгы:

Математика багытындагы        8-11-класстар

Окуу чунун саны

“5”

“4”

“3”

“2”

Билим сапаты

Жети шүүсү

84

12

59

13

-

85%

100%

      Математикадан алынган текшерүү иштин жыйынтыгында  окуучулары 9-класстар туюнтманын маанисин эсептөөдө айрым окуучулар ката кетиришкен. Биквадраттык теңдемени айрым окуучулар толук чыгара алган эмес. Маселе чыгарууда көп ката кетиришкен. 10-класстарда кээ бир окуучулар квадраттык үч мүчөнү көбөйтүүчүлөргө ажыратуунун формуласын эстен чыгарып коюшкан.Тригонометриялык туюнтманы жөнөкөйлөтүүдө кошуунун формулаларын алмаштырып алышкан. Маселени чыгарууда маселенин шартын жазуу эрежелерин сакташкан эмес. Барабарсыздык,тригонометриялык туюнтманы жөнөкөйлөтүүнү жакшы билишпейт. 11 теңдемелер системасын көпчүлүк окуучулар чыгарган эмес. Амалдарды аткаруу боюнча тапшырманы туура чыгарышкан, функциянын туундусун табууну, туюнтманы жөнөкөйлөтүунү өздөштүрүшкөн. Тригонометриялык туюнтманын маанисин табуу боюнча эсепти  чыгарууну унутуп калышкан.

      Физика сабагынын жыйынтыгы

 Математика багытындагы       

Окуу чунун саны

Жаз

ганы

“5”

“4”

“3”

“2”

Билим сапаты

Жети шүүсү

8-11-класстар

84

84

15

34

34

1

58%

98%

9-11 класстардын окуучуларынын ичинен 9м5 классынын билим сапаты төмөн 40%ти түзөт. Окуучулар материалдын мазмунун, формулаларды унутуп калышкан. Формулага коюп чыгаруу жана бирдиктерди табууда каталар кеткен эмес.11-класстын окуучулары формулаларды жазууда, формулалардан формула чыгаруудан, бирдиктерди СИ системасына келтирүүдөн каталар кетиришкен.

Информатика сабагынын жыйынтыгы

Информатикадан тест жазышкан.

 Математика багытындагы       

Окуу чунун саны

“5”

“4”

“3”

“2”

Билим сапаты

Жети шүүсү

Жалпы 8-11-кл

84

10

40

16

0

65%

100%

10 –класстын окуучулары айрым өтүлгөн материалдар боюнча,компьютердин ички түзүлүшү, камтылган программа боюнча суроолорго жооп бере алышкан эмес. 10м1, 10м4 класстары жакшы тапшырышкан. 10м2, 10м3 класстарынын көп окуучусу келген эмес.

Табыгый класстар химия сабагынан текшерүү иш, биологиядан  тест жазышкан.

Химия сабагынын жыйынтыгы

Табигый багытындагы

Окуу чунун саны

Жаз ганы

“5”

“4”

“3”

“2”

Билим сапаты

Жети шүүсү

Жалпы 8-11-кл

84

74

6

40

28

-

62%

100%

Биология сабагынан тесттин жыйынтыгы

 Табигый багытындагы

Окуу чунун саны

Жаз ганы

“5”

“4”

“3”

“2”

Билим сапаты

Жети шүүсү

Жалпы 8-11-кл

84

71

8

42

21

0

70%

100%

 

Жалпысынан  табигый багытындагы класстар химия предметинен алган билимдери канааттандыраарлык химиялык реакциалардын теңдемелерин түзүп эсептөөлөрдү жүргүзө алышат. Химиялык формулаларды жазуу менен физикалык, химиялык касиеттерин ажырата билишет. Заттарды таанып билишет. Айрым окуучулар менен өз алдынча иштөө керек. 9-класстын окуучулары нерв системасы боюнча жакшы жооп беришкен,бирок соматикалык, вегетативдүү нерв системасы боюнча алмаштырып алышкан. 10-т классы популяция жана клетканын түзүлүшү боюнча суроолорго жакшы жооп беришкен. Генетика боюнча жооп берүүдө кыйналышкан.            11-класстын дээрлик көпчүлүгү суроолорго жакшы жооп беришкен.

Жалпысынын 8-11-класстын окуучулары профилдик предметтерден алгычкы билими канааттандыраарлык  деп белгилесек болот.

 

Ички көзөмөл боюнча анализ

Ички көзөмөл педкеңеште бекитилген  план боюнча  иш алып барды. Көзөмөл төмөнкү формалар аркылуу жүргүзүлгөн:

  • мектеп документациясы;
  • персоналдык көзөмөл;
  • оперативдик көзөмөл;
  • тематикалык көзөмөл;
  • класстык жалпылоочу көзөмөл.

    

Окутуунун жыйынтыгын баалоо

Окутуунун жыйынтыгын баалоодо ички жана тышкы баалоолор жүргүзүлөт.            

        Ички баалоодо: 1) Окуучуларга окутуунун жыйынтыгы боюнча чейрек сайын жана жылдын жыйынтыгы боюнча баалар коюлат. (15-тиркеме)

2) Мындан сырткары жыл ичинде мектептин планы, мектептик ички көзөмөлдүн планы боюнча сынактар, тестирлөө, мониторингдер жүргүзүлүп турат. Мунун ичинде окуучулардын билими багыттар боюнча баалоо дагы мезгил-мезгили менен бааланып турат.(16-тиркеме)

М:  2018-2019-окуу жылына карата профессор Айдаркан Молдокулов атындагы Улуттук компьютердик гимназиянын планы боюнча февраль айында 10-класстарда тереңдетилген сабактардын жана Кыргызстан тарыхынын берилиши боюнча компьютердик тестирлөө жүргүзүлгөн.  
    Текшерүү иштердин материалдары окуу планынын негизинде  окуу китептеринде берилген мазмун боюнча түзүлүп, 10-класстагы өтүлгөн темалары камтылган.

      Математика багытындагы 10-м класстардан алгебра предметинен алынган текшерүү ишитин жыйынтыгы төмөндөгүдөй болду:Окуучулардын жалпы саны 86,жпазганы- 79. “5”алган окуучулардын саны – 5,                                                                                                                     “4” алган окуучулардын саны – 9,                                                                                                                  “3” алган окуучулардын саны – 6,                                                                                                      “2” алган окуучулар болгон жок. Жалпы билим сапаты 70%, жетишүүсү – 100%. 

 

     Окуучулардын көпчүлүгү татаал функциянын туундусун табууну чыгара алышкан эмес. Барабарсыздыктарды чыгарууда интервалдарды  көрсөтүүдөн ката кетиришкен.

Сунуш:

  • Алгебра сабагынан мугалимдер окуучуларды татаал функциянын туундусун табууга, барабарсыздыктарды чыгаруу жана интервалдарын,жообун туура көрсөтүүгө карата мисалдарды көбүрөөк иштетүү;
  •  Катанын үстүнөн иштетүү;
  • Таланттуу окуучуларга деңгээлине жараша жекече тапшырма берүү, орто өздөштүргөн окуучулар менен жекече иш алып барып, кошумча тапшырмаларды берип иштөө сунушталат.

Гуманитардык англис тили багытындагы 10-га классынан англис тилинен алынган диктанттын жыйынтыгы төмөндөгүчө болду:

Окуучулардын жалпы саны – 20, жазганы – 19,жазбаганы – 1.

“5”алган окуучулардын саны – 5,                                                                                                                     “4” алган окуучулардын саны – 9,                                                                                                                  “3” алган окуучулардын саны – 5,     

“2” алган окуучулар болгон жок. Жалпы билим сапаты 74%, жетишүүсү – 100%.

 

Көп каталарды: көптүк түрдү – this-there, -s , таандык ат атоочторду – former’s, Britain’s    жазуудан кетиришкен.  

            

Сунуш:

  • Катанын үстүнөн иштетүү;
  • Диктантты көбүрөөк жаздырып көнүктүрүү;
  • Жөнөкөй сөздөрдөн ката көп кеткендиктен, окуучуларга өз алдынча диктант жазып машыгуусу сунушталат.

       Гуманитардык кыргыз тили багытындагы 10-гк классынан кыргыз тили жана адабиятынан эссе жазышкан. Текшерүүнүн жыйынтыгы төмөндөгүчө болду:

Кыргыз тили боюнча окуучулардын жалпы саны – 16, жазганы – 14,жазбаганы – 2.

“5”алган окуучулардын саны – 5,                                                                                                                     “4” алган окуучулардын саны – 4,                                                                                                                  “3” алган окуучулардын саны – 5,                                                                                                      “2” алган окуучулар болгон жок. Жалпы билим сапаты 64%, жетишүүсү – 100%.

                                                                                                 

Каталар сүйлөмдөрдүн түзүлүшүнөн, грамматикалык, орфографиялык, пунктуациялык каталардан, сүйлөмдөрдү бири-бири менен байланыштырып түзүүдөн кетиришкен.Сөз байлыгынын аздыгынан кээ бир окуучулар теманы жакшы ачып бере алган эмес. 

          

Сунуш:

  • Катанын үстүнөн иштетүү;
  • Жазуу иштерин көбүрөөк жаздырып көнүктүрүү;
  • Окуучуларга өз алдынча жазуу иштеринен тапшырмаларды берүү жана текшерүү;
  • Окуучуларга көркөм адабий чыгармаларды окууга көбүрөөк тапшырма берүү сунушталат.      

Тышкы баалоолор:

  1. Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация (ЖМА);

Акыркы 5 жыл ичинде жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациядан өтпөй калган окуучулар болгон жок. Бардык бүтүрүүчүлөр бардык предметтерден мамлекеттик экзамендерди ийгиликтүү тапшырышкан.

  1. Жалпы республикалык тестирлөө (ЖРТ);

Акыркы 5 жылда ЖРТ боюнча баллдардын орточо белгиси 154 баллдан 158 баллга өскөн. 110 баллдан ашык алган ЖРТга катышкандардын саны 103 баллдан 158 баллга өскөн.

  1. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Билимди баалоо жана маалыматтык технологиялардын улуттук борбору;

10-,11-класстын окуучулары алдын-ала ЖРТга даярдык тесттерин тапшырып турушат.

  1. Улуттук деңгээлде баалоо (УТБ).

Ар жыл сайын  9-,10-,11-класстардын окуучулары Улуттук тестирлөө борборуна алдын ала жана негизги тесттерди тапшырып турушат. Негизги тесттин жыйынтыгы менен ийгиликтүү тапшырган окуучулар оозеки сабактардан берилүүчү мамлекеттик экзамендерден бошотулушат.

 

                   

2018-2019-окуу жылындагы  9, 11-класстардын бүтүрүүчүлөрүн жыйынтыктоочу аттестациядан өткөрүү

 

    2018-2019-окуу жылында КР Билим берүү жана илим министрлигинин 2019-жылдын 26-февралындагы №220/1 буйругунун негизинде  9,11-класстардын бүтүрүүчүлөрү үчүн жыйынтыктоочу аттестация жүргүзүлдү.

    9-класстын  бүтүрүүчүлөрү төмөндөгү предметтер боюнча мамлекеттик экзамендерди тапшырышты:

  • Математикадан (алгебрадан) (жазуу түрүндө)
  • Эне тилинен дилбаяндын элементтери менен баяндама
  • Орус тилинен (оозеки)
  • Кыргызстандын тарыхынан (оозеки)
  • Профилдик сабактан

11-класстын  бүтүрүүчүлөрү төмөндөгү предметтер боюнча мамлекеттик экзамендерди тапшырышты:

  •   Эне тили жана адабиятынан эссе
  • Математикадан (алгебра жана талдоонун башталышынан) (жазуу түрүндө)
  • Орус тилинен (жат жазуу)
  • Кыргызстандын тарыхынан (оозеки)
  • Профилдик сабактан

Жыйынтык:

     9-класстын бардык 303 бүтүрүүчүсү мамлекеттик экзамендерди ийгиликтүү тапшырышып, негизги билим жөнүндө күбөлүккө ээ болушту. Анын ичинен 17 бүтүрүүчү артыкчылык күбөлүккө татыктуу болушту.

      11-класстын бардык 167 бүтүрүүчүсү мамлекеттик экзамендерди ийгиликтүү тапшырышып, жалпы орто билим жөнүндө аттестатка ээ болушту. Анын ичинен 3 бүтүрүүчү артыкчылык  аттестатка татыктуу болушту.

 

2018-2019-окуу жылындагы ЖРТнын жыйынтыгы

        2018-2019-окуу жылында жалпы 11-класстын бүтүрүүчүлөрүнүн саны – 167. Анын ичинен 1 бүтүрүүчү ар кандай себептер менен ЖРТ тапшырган эмес, 166 бүтүрүүчү тапшырган. Негизги тесттен эң жогоркуну 11-м3 классынын окуучусу Сатымкулова Дениза 197 балл, Аманжолов Нурболсун, Жумабек кызы Ася жана Руслан кызы Айгерим 196 балл алышты. 110 баллдан жогорку алгандардын саны – 158, 110 баллдан төмөн алгандардын саны – 8.

 

   2018-2019-окуу жылында 9-класстын бүтүрүүчүлөрүн  эмгекке жайгаштыруу жөнүндө маалымат

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Классы

Саны

Анын ичинен канча бүтүрүүчү

 

 

 

2019-2020-окуу жылында10-класста окуйт

Профтех- лицейлер ге өтүп,оку- ганы

Колледж-ге өтүп,оку-ганы

Медре-седе окуга-ны

Армия-да кызмат  өтөгө-нү

Ден соолу-гуна байла-ныш-туу окуба-ганы

Эч жерде окубаганы

Жана башка

 

Жалпы 9-класс

303

249

12

42

1

0

0

0

0

                                   

 

2018-2019-окуу жылында 11-класстын бүтүрүүчүлөрүн  эмгекке жайгаштыруу жөнүндө маалымат

 

Классы

Саны

Анын ичинен канча бүтүрүүчү

 

 

 

КРнын ЖОЖдоруна өтүп,оку- ганы

Чет өлкөлөр-дүн ЖОЖдо-рунда окуганы

Профтех- лицейлер ге өтүп,оку- ганы

Медре-седе окуга-ны

Окууга тапшырбай, иште-гени

Армия-да кызмат  өтөгө-нү

Ден соолу-гуна байла-ныш-туу окуба-ганы

Эч жерде окубаганы

 

Жалпы 11-класс

167

129

28

4

0

10

0

0

0

 

  

 

 

 

 

 

2018-2019-окуу жылынын 167 бүтүрүүчүсүнүн ичинен КРнын жана чет өлкөнүн ЖОЖ доруна 157 бүтүрүүчү тапшырып, өтүп окуп жатышат.

 

 

Класстык жалпылоочу көзөмөлдүн жыйынтыгы

Класстык жалпы көзөмөлдө класстагы окуучулар төмөнкүдөй көзөмөлдүн түрү менен текшерилди:

  1. Сабактарга, класстык сааттарга катышуу
  2. Математика, кыргыз тили, орус тили, англис тили боюнча билим билгичтиктерин текшерүү
  3. Дептерлерди, күндөлүктөрдү, өздүк делолорду класстык журналдарды, китептердин сакталышын текшерүү
  4. Көрсөтүлгөн класстын кураторлору жана класстарга сабак берген мугалимдер менен маектешүү

 

ОТИ боюнча директордун орун басары Кожомбердиева А. А.

.

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru