Комуз-улуу мурас

         Үч буроо,жалгыз  тээк, үч кыл комуз,

          Чертилбейт, күүгө келбейт чебер колсуз.

          Оп-оңой көргөн көзгө жөп-жөнөкөй,

           Бирок да өнөрү бар айтып болгус.

        Комуз кыргыз  элинин  салттуу  маданиятында  өзгөчө  орунду  ээлейт. Комуздун  күүлөрү  өзүнө  философиялык  ойлорду,жашоо-турмушту  жана  маданияттын  өзгөчөлүгүн  камтып,  муундан-муунга  өтүп, биздин  күндөргө  чейин  жетти.

          Ушуга байланыштуу Кыргызстандын этностук  коомчулуктарынын  маданияттар  аралык  диалогун  кеңейтүү  үчүн  салттуу  музыканын  ролун  күчөтүү  зарыл.

           Президентибиз  Сооронбай  Жээнбеков  Шариповичтин  жарлыгы  менен : 9-сентябрь  Кыргыз  Республикасында  жыл  сайын  белгиленүүчү  «Комуз  күнү»  деп  жарыяланды.

           Кыргыз  элинин  музыка  маданиятынын  эң  бай  булактарынын  бири-элдик  ырлары  жана  күүлөрү. Булар  калкыбыздын  турмушунда  өтө  чоң  роль  ойногон. Элдик  ырлардагы  жана  күүлөрдөгү  залкар  ойлор, күчтүү  сезимдер , мукам обондор, татаал  кайрыктар  ар  бир  угуучунун  жүрөгүнө,акылына  көп  нерселерди  баяндайт.Өткөн  заманда  комуз  үнү  жайлоодо, боз  үйлөрдө  жаңырса, бүгүн  дүйнөлүк  чоң  аренага  чыгууда.Залкар  комузчуларыбыз  Токтогул  Сатылганов, Муратаалы  Курөңкеев, Атай  Огомбаевдердин  жараткан классик күүлөрү,обондору  кыргыз  элинин  салттуу  музыкасын  жаңыртып  келет. Самара Токтакунова эжекебиздин черткен кайрыктарычы? Кандай гана керемет. Нурак Абдрахманов атабызды дагы унутпашыбыз керек.Бул киши дагы кыргыз маданиятына зор салым кошуп кетти десек ашык болбос.

Кыргызымдын  эң  сүйүктүү  аспабы,

Көп  кылымды, көп  жылдарды  аттады.

Нарк-насиби,салт-санаасы кыргыздын,

Мына ушул үч кыл комуз сактады.

Жалпыңыздардын  «Комуз  күнү»  майрамыңыздар  менен  куттуктайбыз

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru