"Улуттук" статусуна 20 жыл

Кымбаттуу мекендештер, мына быйыл 6-майда, уюткулуу №5тин "улуттук" статуска ээ болгонуна туура 20 жыл болот. Эгемендүүлүк жылдардын башында кабыл алынган чечим заман талабына ылайык улут сыймыгына, алгачкы гимназияга, алгачкы кыргыз мектебине затына жараша атын, статус ыйгарган. Мектептин гана эмес жалпы мамлекеттин кыйын мезгилинде бул өбөлгө чоң дем берип, кыйын кырдан ашканга жардам болгон.

Кеме куруучуларда сөз бар: "кемеге кандай ат берсен - ошондой сүзүп кетет". Билим берүү океанындагы алп кемелердин бири болгон мектебибиз ошол атка жараша сүзүп келе жатат.

Урматтуу окуучулар, бүтүрүүчүлөр, мугалимдер, ата-энелер жана жалпы мекендештер! 90 жылдык тарыхы бар, кыргыз элитасын тарбиялап келген гимназиянын "улуттук" статусуна 20 жыл болгон юбилейи менен чын жүрөктөн куттуктайбыз. Мектебибизге кааларыбыз - бийик жетишкендиктер, жаңы ачылыштар, көп жеңиштер жана өнүгүп өсүү.

Майрамыңыздар менен!

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru