Насаатчы жана жаш адис

Насаатчы жана жаш адис

Насаатчылык – бул насаатчынын төмөнкүдөй топтордогу адистерге (мындан ары – «жаш адистерге») кесиптик өсүш жагынан ар тараптуу жардам жана колдоо көрсөтүү ишмердиги:

  • педагогикалык билими болсо да, билим берүү мекемелеринде педагог катары иштеген эмгек стажы топтоло элек жаш адистерге;
  • окуу-тарбия процессинде кошумча жардамга муктаж болгон адистерге (мугалимдерге);
  • мугалимдик кызматка которулган адистерге аткарган кызмат милдеттерине карай окутуу усулдары боюнча кесиптик иш билгиликтерин тереңдетүү талап кылынса;
  • билим берүү мекемелеринде педагогикалык эмгек стажы жок, педагогикалык эмес окуу жайларды бүтүргөндөргө,
  • педагогикалык адистиктер боюнча сырттан/дистанциялык окуп жаткан студенттерге.

Насаатчы–бул предмет жана окутуу усулу жаатында мыкты кесипкөй жана инсандык сапаттарга ээ болгон педагог.

Насаатчылык–жаш адистин педагогикалык ишмердиги үчүн зарыл иш билгиликтерин өнүктүрүү боюнча насаатчынын тутумдуу, жекече иш жүргүзүшү.

 

ЖАШ АДИС

  • Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндө», «Мугалимдин макамы жөнүндө» Мыйзамдарын, өз ишмердигин, мектептин түзүмүн, иштөө өзгөчөлүктөрүн жана функционалдык милдеттерин аныктоочу ченемдик актыларды окуп-үйрөнүү;
  • насаатчы менен иштешүү планын аткаруу;
  • өзүнүн кесиптик чеберчилигин жогорулатуу боюнча дайыма иштөө;
  • насаатчыдан жаңычыл усулдарды жана иштөө ыкмаларын үйрөнүү;
  • өзүнүн жалпы билим жана маданий деңгээлин өркүндөтүү;
  • насаатчы менен бирге иштелип чыккан планга ылайык, өз ишмердиги жөнүндө отчет берип туруу.

 

2018-2019-окуу жылынын декабрь айында профессор А. Молдокулов атындагы Улуттук компьютердик гимназияда гимназиянын жаш адистер үчүн насаатчы мугалимдер өздөрүнүн көрсөтмөлүү ачык сабактарын өтүп беришти.

 

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru