15-СЕНТЯБРЬ — БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК ТАЗАЛЫК КҮНҮ

15-СЕНТЯБРЬ — БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК ТАЗАЛЫК КҮНҮ

 

Бүгүн дүйнөнүн 157 өлкөсүнүн жашоочулары ишембиликке чыгып, өздөрү жашаган аймакты, көчөлөрдү тазалашты. А.Молдокулов атындагы компьютердик гимназия дагы бул иш-чарага кошулуп ишембиликке чыгышты. Мектептин айланасындагы территориясында тазалоо иштери жүгүзүлдү.

 

«Дүйнөнү тазалайбыз» деген ураан менен өтүлүүчү бул иш чарага компьютердик гимназиянын окуучулары, педагогикалык жамааты активдүү катышышты.

 

Бишкек шаарынын чок ортосунда жайгашкан Айдаркан Молдокулов атындагы Улуттук компьютердик гимназиянын эмгек жамааты – окуучулар жана мугалимдери болуп 15-сентябрь күнү бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө карата ишембиликке чыгышты. Бул күнү Кыргызстандын бардык мамлекеттик жана мамлекеттик эмес мекемелеринин бардыгы жапырт шаарыбызды тазалоо ишине активдүү катышты.

Гимназиянын окуучулары да жаш курактарына жараша өздөрүнө атайын бөлүнгөн жерлерди - мектептин ичин, ички короосун, мектептин сыртын тазалап, билим уясынын айланасын акыр-чикирден, күздө түшкөн жалбырактардан тазалоого активдүү катышты.

Мындан сырткары 5-6-7-класстын окуучулары  “Мен таза шаар үчүн” деген темада дубал газеталарды чыгарышты. Мыкты дубал газеталар тандалды.

Жыл сайын ушул 15-сентябрь күнү дүйнөнүн 150 мамлекетинде миллиондогон адамдар айлана-тегерегин тазалоо үчүн ишембиликке чыгышат. Бул тазалоо акциясына Кыргыз мамлекети биринчи жолу кошулду. Аталган акцияны Кыргызстанда “Эко Деми” бейөкмөттүк уюму демилгелеп, миңдеген ыктыярчылар шаарды тазалап, көркүнө чыгарышты.

Аталган демилгени өлкө президени Сооронбай Жээнбеков да колдоп, шаарды тазалоо акциясына катышып кетти. Өлкө башчысынын бул аракети мамлекетибиздеги миңдеген адамдарга үлгү болот деген ниеттебиз.

 

 

 

 

 

 

 

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru