2018-2019 окуу жылын карата Базистик окуу планындагы (БОП) ѳзгѳрүүлѳр

ТҮШҮНДҮРМӨ КАТ

2018-2019-окуу жылына карата базистик окуу планы Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндөгү” Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-июлундагы №403

“Кыргыз Республикасында жалпы орто билимдин мамлекеттик билим берүү стандартын бекитүү жөнүндө”

Токтомуна ылайык иштелип чыкты.

Базистик окуу планы Мамлекеттик билим берүү окуу стандартына ылайык  билим берүүнүн бардык баскычтарынын  окуучулары үчүн алардын физиологиялык жана психологиялык мүмкүнчүлүктөрүн,  ошондой эле окуу материалын өздөштүрүү   үчүн талап кылынган  ишмердүүлүктүн  түрлөрү жана талаптарын  эске алуу менен окуу жүктөмүнүн  төмөндөгүдөй көлөмдөгү   жылдык, жумалык, ошондой эле  чектелген көлөмүн аныктайт.

Класстар

1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

11

Жумалык окуу жүктөмү

20

22

24

25

29

30

30

30

30

29

30

Жогорку (чектелген) окуу жүктөмү

20

23

25

26

30

31

33

34

35

32

33

 

Мамлекеттик компонент окуу планынын базалык бөлүгүн түзөт жана Кыргыз Республикасынын аймагында бирдиктүү билим берүү мейкиндигин камсыз кылат, ведомстволук таандыктыгына карабастан бардык типтеги жана түрдөгү жалпы билим берүүчү уюмдар үчүн милдеттүү жана өзгөртүү киргизүүгө болбойт. Мамлекеттик компонент окуучулардын базалык деңгээлдеги жалпы билим берүүчү сабактар боюнча билим алуусуна кепилдик берет,  активдүү турмуштук көз карашы бар инсанды калыптандыруу, өнүктүрүү үчүн аларды  улуттук жана жалпы адамзаттык  баалуулуктарга кызыктырат. Негизги жалпы билим берүү программалардын, башталгыч жалпы, негизги жалпы жана жалпы орто билим берүүнү өздөштүрүүнүн ченемдик мөөнөтүн кыскартуу, ошондой эле мамлекеттик компоненттеги белгилүү бир предметтер үчүн бөлүнгөн сааттын эсебинен башка предметтерди окутууга  жол берилбейт.

I баскычтагы Базистик окуу планы (1–4-класстар) баштапкы жалпы билим берүүнүн негизги жалпы билим берүү программаларын (предметтерди) өздөштүрүү 4 жылдык ченемдик мөөнөткө эсептелген.

II баскычтагы  Базистик окуу планы (5–9-класстар) негизги жалпы билим берүүнүн негизги жалпы билим берүү программаларын (предметтерди) өздөштүрүү 5 жылдык ченемдик мөөнөткө эсептелген.

III баскычтагы  Базистик окуу планы (10 – 11-класстар) жалпы орто билим берүүнүн негизги жалпы билим берүү программаларын (предметтерди) өздөштүрүү 2 жылдык ченемдик мөөнөткө эсептелген.

Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамынын 1-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 30-сентябрындагы № 404 Токтомуна ылайык, жалпы билим берүүчү мектептердин Базистик окуу планы гимназиялар, лицейлер үчүн гимназиянын жана лицейдин компоненттерин сактоо менен негиз катары алынат.

– окуу-тарбиялык комплекс/автордук окуу-тарбиялык комплекс/мектеп-комплекс – окутуунун, окуучуларды ар тараптуу маданий-эстетикалык жана дене тарбиялык жактан тарбиялоонун жаңычыл/автордук программасын ишке ашыруу үчүн жалпы билим берүүчү мектеп менен башка кызыкдар билим берүүчү уюмдарды жана мекемелерди (мектепке чейинки билим берүү уюмдарын, жогорку окуу жайларын, музыкалык, спорттук жана башка уюмдарды жана мекемелерди) өзүнө бириктирген көп тармактуу окуу жайы;

-мектеп-гимназия – башталгыч жалпы жана окуучулардын шыгына жана жөндөмдүүлүгүнө жараша гуманитардык тармактар боюнча негизги жалпы жана орто жалпы билим берүүчү жалпы билим берүү окуу программаларын ишке ашыруучу окуу жайы;

-мектеп-лицей – башталгыч жалпы жана окуучулардын шыгына жана жөндөмдүүлүгүнө жараша табигый-илим, физика-математикалык тармактар боюнча негизги жалпы жана орто жалпы билим берүүчү жалпы билим берүү окуу программаларын ишке ашыруучу окуу жайы;

Базистик окуу план Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан сунушталган негизги жалпы билим берүүчү программаларын, окуу-методикалык комплекстерди пайдаланууну камсыздайт.

Эрте курактагы мектепке чейинки уюмдарга барбаган балдар, алардын мектепте окууга психологиялык-педагогикалык даярдыгынын деңгээлин жогорулатуу үчүн  жана андан ары социалдык жактан адаптацияланышынын алдын алуу максатында 480 сааттык “Наристе” программасы боюнча окутулат.

Министрлик тарабынан Мамлекеттик билим берүү стандартынын (2014-жыл) иш-чараларды ишке ашыруу боюнча планына ылайык Базистик окуу планын этап-этабы оптималдаштыруу иштери менен жүргүзүлүп жаткандыгын эске алуу менен, предметтик стандарттар, окуу программалар окуучулардын  негизги жана окуу компетенттүүлүктөрүн өздөштүрүүсүнө багытталып, 2018-2019-окуу жылына карата Базистик окуу планына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилди.

  1. 5-6-класстардын окуучулары жаңы предметтик стандарттар жаңы окуу программалар жана окуу-методикалык комплекстер боюнча билим алышат.
  2. 5-6-класстарда:

– турмуш-тиричиликтин коопсуздугунун негиздери, этика боюнча темалар камтылган, интеграцияланган, “Адам жана коом” предмети окутулат;

– “Информатика” предмети  жаңыдан жумасына бир саат менен киргизилет;

– “Технология” предмети жумасына бир саат менен киргизилет;

– 5-6-класстарда “Кыргызстандын тарыхы жана дүйнөлүк тарых” интеграцияланган курсу;

– 6-класста ЧЕТ ТИЛДИ окутууга бөлүнгөн саат жумасына эки сааттан төрт саатка чейин көбөйүүдө;

5-6-класстарда “Көркөм-сүрөт чыгармачылык” жана “Музыка” предметтери жаңы предметтик стандарт, жаңы окуу программалары жана окуу-методикалык комплекстер боюнча жүргүзүлөт.

  1. Келечекте жаңы предметтик стандарттарга өтүү жана 2018-2019-окуу жылында 1-11-класстар жуманын 5 күндүк окуусуна  өткөндүгүн эске алуу менен  9-класста физика жана информатика сабактары боюнча сааттардын саны бир саатка кыскартылды.
  2. 2019-жылы 11-класстын бүтүрүүчүлөрү “Кыргыз тили” боюнча ЖРТ тапшыра тургандыгын эске алып, “Физика, Астрономия” предметтерин интеграциялоонун эсебинен 11-класстарда мамлекеттик тилге каралган сааттардын саны көбөйтүлдү.

Окуу  материалдарды окуу программаларына ылайык өздөштүрүү үчүн Кыргыз Билим берүү академиясы тарабынан  11-класста окугандар үчүн “Физика, Астрономия” предметтери боюнча, 9-класстар үчүн “Физика” предмети боюнча методикалык сунуштамалар иштелип чыкты.

“Кыргыз тили”, “Орус тили”, “Өзбек тили” жана “Тажик тили” сабактары эне тили катары 1-класстан 11-класска чейин окутулат.

Окутуу орус, өзбек жана тажик тилдеринде жүргүзүлгөн мектептерде “Кыргыз тилин”, “Орус тилин” окутууга бөлүнгөн сааттын окуу жүктөмүнүн көлөмү ар бир билим берүүчү уюмдун окутуу тилинен көз каранды.

Чет тилин окутуу 3-11-класстарда жүргүзүлөт.  Окутуу кыргыз жана орус тилдеринде жүргүзүлгөн мектептерде чет тилин үйрөнүүгө  5-класста жумасына 5 саат,  6-класста – 4 саат, калган класстарда 2 сааттан бөлүнгөн.

Окутуу өзбек жана тажик тилдеринде жүргүзүлгөн мектептерде  чет тилин окутуунун көлөмү кошумча кызмат көрсөтүүлөрдүн эсебинен көбөйтүлүшү мүмкүн, анткени бир эле мезгилде бир нече тилдер: эне тили жана адабият, кыргыз тили жана кыргыз адабияты, орус тили жана орус адабияты.

7-11-класстарда “Кыргызстандын тарыхы” жана “Дүйнөлүк тарых” предметтери боюнча сабактар учурдагы программа боюнча  өзүнчө жумасына 1 саат менен өтүлүп , класстык журналдарда жазуу өзүнчө жүргүзүлөт.

5-6-класстарда ”Адам жана коом” предмети концентрикалык принциптин негизинде ишке ашырылат, мында мазмун линиясы үч контекстте:  инсандык (окуучу өзү, анын үй-бүлөсү, достору), социалдык (жергиликтүү социалдык чөйрөгө), глобалдык (дүйнөлүк коомчулуктун жашоосуна катышуу) ачылып берилет.

«Адеп» («Этика») предмети 1-4-класстарда окутулат.

Окутуу кыргыз, өзбек жана тажик тилдеринде жүргүзүлгөн мектептерде “Адеп” сабагы 7 жана 8-класстарда окутулат, окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептерде 7-класста жумасына 1 сааттык жүктөм менен окутулат. Аталган предмет окуучуларды Кыргыз Республикасында жашаган ар түрдүү элдердин социалдык жана маданий-турмуш-тиричилик салттары менен тааныштырат.  9-11 класстардагы «Адеп», «Экономикага киришүү» жана «Адам жана коом» предметтери бир курска бириктирилген.

“Мекен таануу” предмети 1-4-класстарда окутулуп, 5-класста “Табият таануу” предметин жумасына 1 саат окутуу менен аяктайт. “Мекен таануу” предмети башталгыч класстардын окуучуларын Кыргыз Республикасында жашаган ар түрдүү элдердин  руханий маданияты жана курчап турган дүйнө менен тааныштырат.

5-класстагы “Мекен таануу” интеграцияланган курсу өзүнө курчап турган дүйнөдөгү кубулуштар жөнүндөгү материалдарды камтып, мектеп окуучуларын мектептик билим берүүдөгү табигый изилдөө сабактардын II жана III баскычтарын окуп үйрөнүүгө даярдайт.

7-9 класстарда «Физика» предметин окутууга жумасына 2 саат бөлүнгөн.

Адабият сабагы 5-6, 7-11-класстарда мурда бекитилген предметтик стандарттар, окуу программалары жана окуу китептерине ылайык окутулат. “Кыргыз адабияты” жана “Орус адабияты” сабактары бардык класстарда экинчи адабият катары мурда бекитилген стандарттар жана окуу программаларына ылайык окутулат.

“Технология” предметин окутуу 7-9-класстарда буга чейинки жылдардын окуу программасы боюнча ишке ашырылат. Окутуу өзбек жана тажик тилдеринде жүргүзүлгөн мектептерде “Информатика” предмети ошол эле класстарда жумасына 1 сааттык жүктөм менен окутулат. “Информатика” предметин окуп-үйрөнүү негизги компьтердик технологиялардын калыптанышына алып келет.

1-7-класстарда “Көркөм-сүрөт чыгармачылык” жана “Музыка” предметтери окулат. “Көркөм-сүрөт чыгармачылык” жана “Музыка” предметтери 1-4 жана 7-класстарда учурдагы окуу программаларынын жана мурда чыккан окуу китептеринин негизинде окутулат.

8-9-класстарда “Эмгекке үйрөтүү” жана “Чийме” сабактары “Технология” предмети болуп интеграцияланып, жумасына 1 сааттан окутулат. Башталгыч класстарда “Эмгекке үйрөтүү” сабагына саат каралган эмес.

1-4-класстарда “Турмуш-тиричилик коопсуздугунун негиздери” предмети өзүнчө сабак катары киргизилген, ал эми орто жана жогорку класстарда аталган предмет башка окуу предметтери менен интеграцияланган жана класстан тышкаркы учурда да окутулат.

“Кыргыз тили”, “Орус тили”, “Чет тили”, “Информатика” предметтери боюнча сабак өткөрүү 2 топко бөлүнүп окутулат:

– «Информатика» предмети боюнча (практикалык сабактарды компьютердин жардамы менен өткөрүүдө) 5-9-класстарда  окуучулардын саны 30 же андан ашык болсо;

– «Чет тили» боюнча – окутуу орус, өзбек жана тажик тилдеринде жүргүзүлгөн мектептерде кыргыз тилин окуп-үйрөнүүдө; окутуу кыргыз, өзбек жана тажик тилдеринде жүргүзүлгөн мектептерде орус тилин окуп-үйрөнүүдө 1-9-класстарда – 30, же андан ашык окуучу болсо, 10-11-класстарда – 25, же андан ашык окуучу болсо;

мектеп-лицейлерде жана мектеп-гимназияларда класстарды чакан топторго бөлүү төмөндөгүдөй жүзөгө ашырылат: II баскычтагы класстар – 25 же андан ашык окуучу, III баскычтагы класстар – 20 же андан ашык окуучу болгон учурда.

Жалпы билим берүүчү уюмдар мектептик компонентти окуп-үйрөнүүнү ишке ашырууга  милдеттүү жана өзгөртүүгө жатпайт. 5-класста көлөмү 1 сааттык мектептик компонент каралган.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жалпы билим берүү стандартынын 43-пунктуна ылайык,  мектептик компонент региондук муктаждыктарды жана кызыкчылыктарды эске алуу менен жалпы билим берүүчү уюмдардын  билим берүү жаатындагы өзгөчөлүктөрүн (багыттарын) жана окуучулардын, алардын ата-энелеринин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) макулдашылган кызыкчылыктарын, муктаждыктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн чагылдырат.

11-класстын өспүрүм-окуучулары  “Аскерге чакырууга чейинки даярдоо” предмети боюнча апрель-май айларында  окуу-талааларына  үч күн (18 саат) чыгышат, ал эми окуучу-кыздар үчүн дарылоо мекемелеринде медициналык-санитардык даярдык боюнча практикалык сабактар (18 саат) өтүлөт.

 

 

 

УЮШТУРУУ ИШ-ЧАРАЛАРЫ:

2018-2019-окуу жылында бардык жалпы билим берүү уюмдары үчүн менчик түрүнө карабастан 5 күндүк окуу жумасы киргизилди.

Мектеп-гимназия жана мектеп-лицейлер гимназиялык жана лицейдик компоненттерди ишке ашыруусун эске алуу менен, аларды сабактардан кийин да ишке ашырууга жол берилет.

Базистик окуу планынын мектептик (гимназиялык/лицейдик, вариативдик) компоненти жалпы билим берүү уюмдарын билим берүү жаатындагы конкреттүү өзгөчө керектөөлөр жана кызыкчылыктар менен камсыз кылат жана окуучулардын, алардын ата-энелеринин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) мамлекеттик компонеттеги предметтерди терең окуп-үйрөнүүгө болгон социалдык буйрутмасын ишке ашырат, ошондой эле окуучулардын ар түрдүү тармактарды таанып-билүүчүлүк кызыкчылыктарын жана жөндөмдүүлүктөрүн канааттандырат.  Мектептик компонентке бөлүнгөн убакыт гимназия (лицейлер) үчүн милдеттүү жана өзгөртүүгө жатпайт.

“Тандоо предметтер” компоненти – бул окуу предметтери, же элективдик (тандоо), профилдик курстары гимназия (лицейинин) багыттарын аныктаган, окуучуларга милдеттүү тартипте тандап алууга мүмкүнчүлүк берген компонент жана ал жалпы билим берүү уюму тарабынан өз алдынча белгиленет.

Базистик окуу планынын мамлекеттик, мектептик жана предметтерди тандоо компоненттерин ишке ашыруу үчүн төлөм жалпы билим берүүчү мектептерде окуу жүктөмүнүн чегинде, гимназияларда жана лицейлерде мамлекеттик бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт.

Гимназиялар (лицейлер) үчүн Базистик окуу планы жалпы билим берүүчү мектептерде гимназиялык,  лицейдик компоненттерин жана тандоо боюнча предметтерди сактоо менен негиз катары алынат, алар ийримдик иш, лекцияларды окуу, циклдер, курстар аркылуу ишке ашырылат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын  30-сентябрындагы №404 токтомуна ылайык мамлекеттик бюджеттен төлөнөт.

Жалпы билим берүү уюмдарда менчигинин түрүнө карабастан окуу сабактар 1-сентябрда башталып,  25-майда аяктайт.  Окуу жылынын созулушу эс алуу  убакыттарын  эсепке албаганда : 1-класста – 33 жума, 2-4-класстарда – 34 жума, 5-11-класстарда экзамендик мезгилди эске алуу менен – 34 жумадан 36га чейин.

Эс алуу мезгили 30 календардык күндөн кем эмес.

Эс алуунун  графиги:

Күзгү – 8 күн: 2018-жылдын 5-ноябрынан 12-ноябрына чейин.

Кышкы – 12 күн: 2018-жылдын 31-декабрынан тартып 2019-жылдын 11-январына чейин.

Жазгы – 10 күн: 2019-жылдын 22-мартынан 31-мартына чейин.

Жалпы билим берүүчү уюмдары  жумалык жүктөмдүн чегинен  ашырбастан  Базистик окуу планына  кошумча окуучуларга айрым предметтерди тереңдетип үйрөтүү үчүн   билим берүү кызматын, анын ичинде акы төлөнүүчү кошумча кызматтарды көрсөтүүгө укуктуу. Акы төлөө ата-энелердин, демөөрчүлөрдүн, жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлүшү мүмкүн. Баалардын прейскуранты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-сентябрындагы №563 “Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү уюмдарын каржылоонун жан башына принцибине которуу жөнүндө” токтомуна ылайык,  Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан жыл сайын бекитилет.

Мектеп-лицейлер 8-класстан баштап лицейдик компонентти ишке ашырышат,  мектеп-гимназиялар 5-класстан баштап гимназиялык компонентти ишке ашырышат. Лицейдик жана гимназиялык  компоненттер  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 30-сентябрындагы № 404 Токтомуна ылайык ишке ашырылат.

Мугалимдин эмгек акысы каникул учурунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-майындагы № 270 “Билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акыларын эсептөөнүн тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу” токтомунун негизинде сакталат.

Окуу-тарбиялоо процесси Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги №201 “Коомдук саламаттык сактоо жаатындагы актыларды бекитүү жөнүндө” Токтому менен бекитилген «Жалпы билим берүү уюмдарындагы окутуу шарттарына жана аны уюштурууга карата санитардык-эпидемиологиялык талаптарга» (11-бөлүм)  ылайык уюштурулат.

– “Үй тапшырмалардын көлөмү (бардык предметтер боюнча) аны аткарууга кеткен  убакыттан (астрономиялык саат) жогору болбошу керек:  2-3-класстарда – 1,5 саат, 4-5-класстарда – 2 саат, 6-8-класстарда – 2,5 саат, 9 -11 класстарда – 3,5 саатка чейин “.

 

 

Сабактардын жүгүртмөсү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги №201 “Коомдук саламаттык сактоо жаатындагы актыларды бекитүү жөнүндө” Токтомунун №6 тиркемесине “Жалпы билим берүү уюмдарындагы окутуу шарттарына жана аны уюштурууга карата санитардык-эпидемиологиялык талаптарына» ылайык түзүлөт.

Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү уюмдарынын окуучулары үчүн окуу жүктөмүнүн чеги ар бир класста милдеттүү,  уруксат берилген максималдуу жүктөм болуп эсептелет жана өзгөртүүгө жатпайт.

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖАЛПЫ БИЛИМ БЕРҮҮЧҮ МЕКТЕПТЕР ҮЧҮН БАЗИСТИК ОКУУ ПЛАНЫ

Кыргыз тилинде окутулуучу мектептер үчүн, 2018-2019-окуу жылы 

Билим берүү чөйрөлөрү

Предметтер

Класстар боюнча базистик вариант

 

 

1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

11

Тилдик

Кыргыз тил

6

7

7

7

4

4

3

3

2

2

3

Орус тил

3

3

3

3

2

2

2

1

1

2

2

Чет тил

 

 

2

2

5

4

2

2

2

2

2

Социалдык

Кыргызстан тарыхы жана дүйнөлүк тарых

       

2

2

2

2

2

2

2

Адам жана коом

     

 

1

1

 

 

2

1

1

Адеп

1

1

1

1

 

 

1

1

     

Математика

Математика

4

5

5

6

4

4

4

4

4

4

4

Табигый илимдер

Мекен тануу /Табият таануу

1

1

1

1

1

           

Физика. Астрономия

         

 

2

2

2

3

3

Биология

       

 

2

1

2

2

1

1

Химия

           

 

2

2

2

2

География

       

 

2

2

2

2

1

1

Технологиялык

Технология (эмгек, чийме жана дизайн)

       

1

1

1

1

1

   

Информатика

     

 

1

1

1

2

1

   

Искусство

Кыргыз адабияты

       

2

2

3

2

3

3

3

Орус адабияты

     

 

1

1

2

2

2

2

2

Көркөм өнөр сүрөт чыгармачылыгы

1

1

1

1

1

1

1

       

Музыка

1

1

1

1

1

1

1

       

Ден соолук маданияты

Турмуш тиричилик коопсуздугунун

негиздери

1

1

1

1

             

Дене тарбия

2

2

2

2

2

2

2

2

2

2

2

Аскерге чейинки даярдоо

               

 

2

2

I. Мамлекеттик компонент:

 

20

22

24

25

28

30

30

30

30

29

30

II. Мектеп компоненти:

       

1

             

Окуу жүгүнүн жумалык чеги

 

20

22

24

25

29

30

30

30

30

29

30

Акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүү үчүн уруксат берилген окуу жүгүнүн чеги

20

23

25

26

30

31

33

34

35

32

33

Жылдык окуу жүгү

 

660

748

816

850

986

986

1020

1020

1054

986

1020

 

 

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru