9-май Улуу Жеңиш күнүн 73 жылдыгы

Бүгүн УКГда  9-май Улуу Жеңиш күнүн 73 жылдыгына карата  “Улуу Жеңишке карай  узак  жол” темасындагы иш чара болуп өттү.

Свердлов районунда жашап  жаткан Чотбаев Топонбай, Мамбетходжаев Садыр, Писарева А.П. Орлова К.Н,  Мокенов Абдразак, Раимкулов Асан ардагер аталарыбыз менен биргеликте  ачык тарбиялык сабактар өткөрүлдү.

Совет элинин улуу жана ыйык майрамы. 1945-жылы 8-май күнү саат 22ден 43 мүнөт өткөндө Германиянын баш калаасы Берлиндин жанындагы Карлхорст шаарында генерал-фельдмаршал Кейтель вермахтын атынан Советтер Союузунун маршалы Г.Жуковдун жана союздаштардын атынан Англиянын авиация маршалы А.Теддердин катышуусунда толук жана биротоло багынып берүү жөнүндөгү келишимге кол койгон. Бул мезгилде Москвада 9-май болуп калган эле. Ошентип, 4 жылга созулган (1941-1945-ж.ж.) эң оор, эң кайгылуу, эң көп жоготууга алып келген Улуу Ата мекендик согуш аяктаган. Бул согушта совет эли 27 млн. адамынан ажыраган. Ошол эле замат, И.Сталиндин жарлыгы менен 9-май - Жеңиш күнү деп жарыяланып, эртең менен саат 6:00дө бул жарлыкты радио аркылуу атактуу диктор Левитан бүт совет элине жарыя кылган. Эң биринчи Жеңиш майрамы 1945-жылы 9-майы күнү болуп көрбөгөндөй майрамдалган. Элдин баары майрамдаган. Көчөлөрдө адамдар бирин бири куттуктап, ыйлап жүрүшкөн. Бул кубанычтын ыйы болгон. Кечинде СССРдин борбору Москва шаарында 1000 замбиректен 30 залп менен СССРдин тарыхындагы эң масштабдуу Жеңиш Салюту берилген. Бирок, 1948-жылдан баштап 9-май кайрадан жумуш күнү болуп калган. 1965-жылы гана Жеңиштин 20 жылдыгында 9-май кайрадан жумуш эмес күн деп жарыяланып, бардык атрибуттары менен (аскер парады, согуш ардагерлеринин салтанаттуу жүрүшү, Жеңиш салюту) майрамдала баштаган.

 

 

 

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru