«Кош, Алиппе!»
26-27-апрель күндөрү Улуттук компьютердик гимназияда «Кош, Алиппе!» майрамдык кечеси болуп өттү. 2017-2018-окуу жылында “Алиппе” китебин жалпы 322 окуучу ийгиликтүү аяктап, класс жетекчилери 1-класстын окуучулары менен бирге ата-энелерге, мугалимдерге майрамдык кече тартуулашты. Кечээ гана мектеп босогосун аттаган мотурайган бөбөктөр ыр-бий, кызыктуу оюндарды уюштуруп, жомоктордон көрүнүш аткарышып, бактылуу балалыктын кызыктуу күндөрүндө жүздөрүнөн жылмаюу жанып, белектерди алышты. Мектеп жетекчилиги, ата- энелер окуучуларга, класс жетекчисине жакшы каалоо-тилектерин айтышып, майрамдык кече жыйынтыкталды.