Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин ӨНҮГҮҮ ПРОГРАММАСЫ

Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин   

ӨНҮГҮҮ ПРОГРАММАСЫНЫН

 

 КОНЦЕПЦИЯСЫ

 

Профессор А. Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейи (мындан ары УИТМ-Л)   “Профессор А. Молдокулов атындагы Улуттук компьютердик гимназияны Профессор А. Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейи кылып кайрадан өзгөртүп түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 98 Токтому менен 2019-жылы 4-мартта түзүлгөн.

Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин долбоордук кубаттуулугу окуу корпусу - 1226 окуучуга, интернат-180 окуучулук орунга ылайыкташтырылган.

Азыркы мезгилде УИТМ-Лде 91-класс-комплект, анда 3094 окуучу окуйт. Интернатта-195 окуучу билим, тарбия алууда.

Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейдин Өнүктүрүү концепциясын  иштеп чыгууда системалык өзгөртүү стратегиясы тандалып алынды. Бул стратегия мектепти билим берүү мекемеси катары толук реконструкциялоону көздөйт да иш-аракеттин бардык компоненттерин (максаттарын, мазмунун, уюштурууну, технология ж.б.), бардык структураларды, алардын бөлүктөрүн, байланыштарын, звенолорун камтыйт. Бул стратегия адатта УИТМ-Лды жаңы мазмундагы, сапаттуу билим берүү мекемесине айландырууда ишке ашырылат.

Программанын актуалдуулугу анын мектептин келечеги үчүн маанилүү болгон, азыркы учурдагы мектептин көйгөйлөрүн жоюу аркылуу максималдуу пайдалуу натыйжаны алууну көздөгөндүгүндө.  

Ал төмөнкүлөр:

  1. Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейдин класстарынын багыттарына жараша окуу планын, атайын окуу модифицирленген окуу программаларын түзүү жана предметтер боюнча окуу методикалык куралдарын иштеп чыгуу менен автордук окутуу программаларын иштеп чыгууга жетишүү;
  2. 2040-жылга чейинки өлкөбүздүн өнүгүү стратегиясына туура келген билим берүүнү өнүктүрүү  программасынын багыттарынын негизинде төмөндөгүдөй окуу методикалык иштерди жүргүзүү:

- окуу процессинде предметтер боюнча динамикалык текшерүү тесттери жайгашкан электрондук окуу китептерин түзүү жана колдонуу методикасын иштеп чыгуу;

- электрондук окуу китептерин, компьютердик тесттерди түзүүчү информациялык системаны мугалимдерге окутуп үйрөтүү боюнча жумуштарын уюштуруу;

- «электрондук мектеп» информациялык системаны ишке киргизүүгө керек болгон жумуштарды баштоо, бул системаны УИТМ-Лдин базасында апробациялоо жана толук түрдө мектептин окуу процессин башкарууга киргизүү боюнча жумуштарды аткаруу;

- педагогикалык коллективди «электрондук мектеп» информациялык системасы менен иштөөнү үйрөтүү жумуштарын уюштуруу;

  1. Окуу процессин жаңы заманбап технологиялардын жардамы менен жүргүзүү, мультимедиялык программаларды колдонуу, дистанттык окутууну пайдалануу;
  2. Мектеп-ЖОЖ байланышын чыңдоо, табигый-техникалык жана гумманитардык багыттагы жогорку окуу жайлардын окутуучулары менен тыгыз байланышта иштөө;
  3. Зээндүү окуучуларды тандоо жана аларды кабыл алуу шарттарын компьютердик тестирлөөнүн негизинде иштеп чыгуу;
  4. УИТМ-Лдин материалдык-техникалык базасын чыңдоо, зээндүү балдардын өз алынча компьютердик технологияны пайдаланууаркылуу окуусуна толук шарттарды түзүү;
  5. Мугалимдерди конкурсттук негизде кабыл алуу;
  6. Профилдик класстарга кошумча билим берүү.

 

Билим берүүнү модернизациялоо – бул коомчулуктун жигердүү катышуусу менен иш жүзүнө ашырылуучу масштабдуу мамлекеттик программа. Ал Кыргыз Республикасынын билим берүү системасынын азыркы мезгил талабы болгон суроо-талаптарын, мамлекеттин жашоосунун сапатынын перспективасын канааттандыра тургандай болушу абзел.  Коюлган талаптарды  эске алуу менен биздин лицей жашоонун азыркы шарттарына ылайык профилдик жалпы билим берүүчү мекемелердин көп профилдүү, адаптацияланган моделине ылайыкташат.

 

Өзүнүн даярдалышына байланыштуу программа төмөнкү сапаттарга ээ: 

1. актуалдуукка;

2. прогноздоого;

3. рационалдуулукка;

4. реалдуулукка;

5 ийкемдүүлүккө;

6. багыттуулукка.

 

 

5. Лицейди модернизациялоонун структурасы

 

Лицейде окутуу эки деңгээлден турат.

 Окутуунун биринчи деңгээлинде окуучуларды окуу программаларын окуп-үйрөнүү менен кийинки деңгээлдерге ийгиликтүү жетишүүгө даярдай турган программаларды киргизүү.

Билим берүүнүн биринчи деңгээлинин окутуу максаттары:

- инсанга үзгүлтүксүз билим берүү жана аны андан ары жеке жашоосунда өрчүтүп кете ала тургандай, дүйнөнү туюу жана кабылдоону, таанып-билүү мотивациясын түзүүгө шарт боло турган универсалдуу окуу иш-аракеттерин уюштуруунун негизинде өнүктүрүү.

 Билим берүүнүн экинчи деңгээли (негизги жалпы билим берүү) окуучулардын инсандык, метапредметтик жана предметтик натыйжаларына жетишүүсү болжолдонот. Негизги жалпы билим берүүнүн негизги максаттары булар:

1) кабыл алынган билимдер, билгичтиктер жана көндүмдөрдүн негизинде компетенттүү инсан катары дүйнө таанымдарынын бүтүндүгүн калыптоо;

2) ар түрдүү ишмердүүлүктө компетенттүүлүктү жарата ала турган жана өзүн-өзү таануу тажрыйбаларына ээ болуу;

3) жеке билим алуу же кесипкөй траекторияда сезимталдуу өз тандоолорун ишке ашырууга даярдоо.

 

Лицейдин  конкуренттүү артыкчылыктары.

 

Ø Профилдик багытта электрондук окуу китептеринин негизинде билим берүүнүн мүмкүнчүлүктөрү.

Ø «Электрондук мектеп» информациялык системасындагы кызматташтыктын ачыктыгы.

Ø Бүтүрүүчүнүн билим берүү, информациялык-коммуникативдик жана социалдык      компетенттүүлүгүнүн деңгээлинин жетиштүүлүгү.

Ø Сабактан тышкаркы иштердин активдүү иштеген системасы, лицейдин салт-санаасы жана социумдардын өз ара аракеттенишүүсү;

Ø Азыркы заманга ылайык педагогикалык технологияларды жана инновациялык ишмердиктерди пайдалануу;

Ø Жогорку квалификациялуу педагогикалык жамаат;

Ø Окуучулардын жеке жетишкендиктери.

 

2. Өнүгүү программасынын нормативдик негизи жана аны ишке ашыруунун принциптери:

Ø Максаттуу программалык башкаруу менен билим берүүнүн сапатын  жогорулатуу азыркы учурдагы  билим берүүдөгү проблемаларды эффективдүү чечүү жолдорунун бири болуп эсептелинет.

Ø Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейдин (УИТМ-Л)   ѳнүгүү программасы, окуу - тарбия  процесси мамлекеттик билим берүүнүн приоритеттерин жана стратегияларын эске алуу менен  бирге өнүгүү концепциясын түзүүгө, жаңы этапка өтүүнүн багыттарын жана максаттарын иштеп чыгууга жана өнүгүү планын этап боюнча (алдыдагы беш жылда «Таза коом» долбоорунун негизинде) ишке ашыруусуна жардам берет.

Ø Өнүгүү программасы УИТМ-Лдин жаңылануу стратегиясын аныктоого, уюштурууга, башкаруу структурасын түзүүгө жана анын механизимин ишке ашырууга багыттайт.

 

Өнүгүү программасы төмөндөгү милдеттердин  аткарылышын аныктайт:

  • УИТМ-Лдин негизги багыттарынын иш- аракеттерин  жаңылантуу;
  • УИТМ-Лдин негизги багыттарынын иш чарасын кайрадан карап чыгуу менен бирге УИТМ-Лдин жаңылануу моделин түзүү;
  • жөндөмдүү окуучуларга көңүл бурууну түзүү жана күчөтүү;
  • индивидуалдуу билим берүү маршрутун түзүү;
  • вариативдик билим берүү программаларын иштеп чыгуу;
  • психологиялык кызматтын иш- чарасын өнүктүрүү жана активдештирүү;
  • окуучу менен индивидуалдуу  иш алып баруу үчүн электрондук окуу китептеринин негизинде иш жүзүнө ашыруу;
  • мугалимдердин  информациялык-коммуникативдик технологияларды колдоно билүүсүн  иш жүзүнѳ ашыруу менен андан ары өнүктүрүү;
  • тереңдетилген багыттуу билим берүүнү ЖОЖдор жана башка билим берүү уюмдары менен кызматташуу аркылуу күчөтүү;
  • жогорку квалификациядагы мугалимдерди илимий-практикалык иштерге тартуу;
  • окуучулардын тандоосу боюнча элективдик курстардын түзүлүшү;
  • окутуунун лабораторияларын жабдууну модернизациялоо.

 

 

3. Билим берүү саясатынынын принциптери

Лицейдин өнүгүү программасы төмөнкү принциптерге негизделиниши керек:

 

1) билим берүүнүн гуманистик мүнөзүнө, жалпы адамзаттык баалуулуктарга, адамзаттын саламаттыгы жана жашоосуна, инсандын эркин өнүгүүсүнө. Жарандыкка, эмгекти сүйүүгө, адамзаттын эркиндигин жана укугун сыйлоого, айлана-чөйрөнү, Ата Мекенди, үй-бүлөнү сүйүүгө тарбиялоо; 

2) көп улуттуу мамлекеттин шарттарында маданий каада-салттарды жана өзгөчөлүктөрдү өнүктүрүү жана коргоо;

 

3) окуучуларды билим берүүнүн системасынын адаптациялуу деңгээлине жана өзгөчөлүктөрүнө даярдоо жана өнүктүрүү, билим берүүнүн жалпыга мүмкүн болгондугуна;

4) билим берүүнүн диндик эмес мүнөздөгүсү;

5) билим берүүдө эркин жана көп мүнөздүүлүгү (плюрализм);

  • Гумандаштыруу принциби Кыргыз Республикасынын “Билим берүү” законунун, Балдардын укугун коргоо Декларациясынын, Балдардын укугун коргоо Конвенциясынын жана башка нормативдик документтердин негизинде   мугалимдердин жана окуучулардын укугун сактоого; илим жана маданияттын, адабият жана искусствонун өнүгүшүнө, тарыхый баалуулуктарды, адамзаттын баа жеткис энчисин сактоого жана калыптандырууга багыттайт.
  • Кызматташтык принцибикомпетенттүүлүктүн негизинде өз ара мамилелешүүнү түзүү, мугалимдердин кадыр-баркын колдоо, мугалимдердин жана ата-энелердин ишениминин негизинде окуучулардын өзүн-өзү баалоосун жогорулатуу;
  • Окутууну өнүктүрүү принциби педагогикалык жаңы технологияларды колдонуу аркылуу окуучулардын өзүн-өзү өнүктүрүү жана чыгармачылык ой жүгүртүү жөндөмдүүлүктөрүн өркүндөтүү;
  • Окутууну индивидуалдаштыруу принцибиар бир окуучунун жөндөмдүүлүгүнүн өнүгүү деңгээлин ар тараптан тизмеге алуу, окуучуларды стимулдаштыруучу программаларды, пландарды иштеп чыгуу, окууга болгон мотивациясын жогорулатуу жана ар бир окуучунун таанып билүү кызыкчылыгын өнүктүрүүгө багыттайт.
  • Дифференциациялаштыруу принциби окуучулардын үйрөнүп жаткан илимдеринин ар тараптуу багыттарына карата жөндөмдүүлүгүн жана шыгын өнүктүрүү, аныктай билүү, окуучулардын индивидуалдык өзгөчөлүгүн эске алуу менен бирге тайпаларга жана класстарга бөлүштүрүүгө багыттайт;
  • Бирдиктүүлүк принциби – окуучуларды окутууда, тарбиялоодо окутуунун бирдиктүүлүгүнө багыттайт.
  • Сабактарды интеграциялаштыруу принциби – илимдердин айкалышуусуна чыгуу жана курстарды координациялоо. Бул жерде эки деңгээл жөнүндө айтсак болот: предмет ичиндеги жана предмет аралык байланышын камтыйт;
  • Системалуулук принциби – билимдердин уланмалуулугунун сакталышына (жөнөкөйдөн татаалга көздөй) багыттайт;
  • Вариативдүүлүк принцибикыргыз тилинде окутуучу лицейлер үчүн базистик окуу планынын негизинде стандарттык, модифицирленген, эксперименталдык, автордук программалар.

 

 

4. Концепциянын негизги идеясы

Профессор А. Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин негизги максаты-окуучуларга ар тараптуу, багыттуу билим берүү программалары менен окутуу аркылуу окуу ишмердүүлүгүн дифференциациялоо менен окуучулардын жекече жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүү шартындагы окуу чөйрөсүн түзүү.

УИТМ-Лдин билим берүү чөйрөсү ар бир бала өзүнүн жөндөмүнө, кызыкчылыгына карата индивидуалдуу билим берүү маршрутун түзүп алууга жана сапаттуу билим алуу үчүн көп варианттуу компоненттен түзүлүшү зарыл.

Белгиленген класстык системанын негизин сактоо аркылуу жөндөмдүү окуучулар үчүн жекелештирилген билим берүү маршрутунун түзүлүшүнүн технологиясын жана усулдук ыкмаларын иштеп чыгуу УИТМ-Лдин негизги приоритети болуп саналат.

Жөндөмдүү окуучулар үчүн жекелештирилген билим берүү маршруттарынын түзүлүшү алардын инсан катары өзүн-өзү жетилүүсүнө, аң сезиминин өсүшүнө, социалдык, экономикалык чөйрөдө өзүн оптималдуу калыптанышына даярдоого чоң өбөлгө түзөт.

 

 

5. Лицейдин миссиясы

Лицейдин башкы миссиясы – билимдин жаңы жана жогорку сапатына жетүү үчүн, мезгилге шайкеш келген коомчулук жана мамлекет талап кылган  адекваттуу инсандарды тарбиялоого ыңгайлуу, жагымдуу максималдуу шарттарды түзүү, ал өз учурунда:

  • Окутуу-тарбиялоо процессинде алдыңкы делинген окутуу ишмердигине шайкеш келген курагын жана өзгөчөлүгүн эске алуу менен  системалуу-ишкердүү мамилени пайдаланууну камсыз кылуу;
  • Окуучуларга билим жана чыгармачыл компетенттүүлүктөрдүн технологияларын берүүнү калыптоо менен үзгүлтүксүз билим берүү көндүмдөрүн өнүктүрүү;
  • Лицейдин тарбиялоо потенциалын күчөтүү аркылуу ар бир окуучунун психолого-педагогикалык индивидуалдыгын камсыздоо;
  • Билим берүү процессиндеги баардык субъектилердин саламаттыгын бекемдөө жана сактоо;
  • Лицейдин замандан артта калбаган материалдык-техникалык базасын жаңылоо менен билим берүүнүн алгылыктуулугун арттырып жана конкуренттикке ийкемдүүлүктү жогорулатуу.

Лицей бир тарабынан, окуучуларга алардын индивидуалдуу шыгын максималдуу өстүрүүгө карата күчүн жумшаса, экинчи тарабынан – социалдык-маданий чөйрөнүн өзгөрүүлөрүнө ийкемдүү мамиле жасоого умтулуусу абзел.  Лицейдин мындай эки тараптуу ишмердүүлүгүнүн негизги натыйжасы баланын жана өспүрүмдүн тез өргөрүүгө дуушар болуп жаткан мезгилге адаптациялана алгандай кылып тарбиялоо болуп эсептелинет.     

  

 

5.1. Лицейдин өнүгүүсүнүн артыкчылыгы

Лицейдин өнүгүүсүнүн артыкчылыгы жакынкы 5 жыл ичинде:

 

  • Билим берүүнүн “Электрондук мектеп” информациялык системасындагы электрондук окуу китептеринин негизинде жаңы сапатын камсыздоо;
  • Билим сапатын деңгээлдери боюнча конкуренттүүлүктү, ийкемдүүлүктү камсыздоо;
  • Санариптик атуулду даярдоодогу инновациялуулук.

 

  1. Улуттук жана дүйнөлүк маданияттардын системасына инсан катары интеграцияланышына, илимдин өнүгүүсүнүн талабына жооп бере турган деңгээлде заманбап билим берүү.
  2. Таланттуу, зээндүү балдар менен иштөөдө ар биринин жекече мүмкүнчүлүктөрүн өркүндөтүү үчүн шарттарды түзүү, заманбап технологияларды үйрөнүүгө аны турмушта кеңири пайдаланууга жана билим берүүнүн мазмунун гумандаштыруунун негизинде эстетикалык, ден соолугу чың келечектин кадрларын даярдоону көздөйт.
  3. Окутуунун ар кандай формалары, атайын курстар, сабактан тышкаркы иштер аркылуу окуу процессине лицейчилердин чыгармачылык мамиле кылуусун калыптандырууга багытталат.
  4. Профилдик багыттар боюнча билим берүү менен келечектеги кесипти туура тандоо.
  5. Республиканын интеллектуалдуу потенциалын калыптандыруу процессине активдүү катышууга багыт алат.
  6. Электрондук класстык журнал (күндѳлүк) менен иш алып барат.
  7. Электрондук китепкана (электрондук китептер) менен иштѳѳгѳ мүмкүнчүлүк алат.
  8. Окуучулардын предметтер боюнча билимдерин комппьютердик тесттирлѳѳ аркылуу жүргүзүшѳт.

 

 

 

 

6. Өнүгүү программасынын технологиялык камсыздандыруусунун

концептуалдык позициясы

  1. Окуу - тарбия ишинин технологиялык камсыздандыруусу укуктук - нормативдик камсыздандыруу аркылуу ишке ашырылат.
  2. Окуу – тарбия ишинин технологиялык камсыздандыруусу материалдык-техникалык, кадрдык, спорттук-чыңдоо сапаттуу камсыздандыруу шартында эффективдүү мүнөздөмө бере алат.
  3. Окуучунун инсандык калыптануусу жогорку денгээлдеги ой-жүгүрткөн балдар менен чоңдордун кызматташтыгы, төмөнкү билим берүүчү чөйрөлөрдүн технологияларынын иштөө шартында камсыздандырылат:

 

  1. Базалык окуу чөйрөсү – базалык билим берүүнү кеңейтүү, тереңдетүү.
  2. Креативдүү билим берүү чөйрөсү – ийримдер, элективдик курстар, клубдар, долбоордук иштер, конкурстар, окутуунун багыты жана профилин тандоо, олимпиадалар, интеллектуалдык марафондор, окуучулардын илимий лабораториялары.
  3. Тарбия берүү чөйрөсү - окуучулардын өзүн-өзү башкаруу уюму, конкурстар, дебат, диспут, илимий-конференция.

 

6.1. Өнүгүү программасынын илимий усулдук камсыздандыруусу:

  1. Илимий маалымдоо, консультациялоо.
  2. ЖОЖдор менен кызматташтыкты күчөтүү.
  3. Эл аралык фонддор менен кызматташтык (Англиянын «Oxford edu pred» программасы, Германиянын Гете атындагы уиверситети колдоо кѳрсѳткѳн «Pash» программасы, Кытай Эл Республикасынын Конфуций институту, Ага-Хан фонду каржылаган “Келгиле окуйбуз” долбоору)
  4. Илимий- изилдөө иштери:
  1. автордук, модифицирленген, чыгармачылык программаларды түзүү;
  2. педагогикалык кесипкөй ишмердүүлүктө информациялык технологиялардын усулдарын иштеп чыгуу;
  3. компьютердик текшерүүчү-диагностикалык материалдарды, электрондук китептерди, маселелердин жана тесттердин базасын иштеп чыгуу;

 

 

6.2.      Илимий-усулдук темага карата УИТМ-Лдин өнүгүү денгээлинин концептуалдык позициясы.

 Адаптивдүү модели. УКЛдин жалпы өнүгүүсүнүн I деңгээли.

 Заманбап педагогикалык концепциялары жана системалары менен таанышуу аркылуу педагогикалык системанын татаал компоненттеринин өнүгүшүн божомолдой билүүгө, педагогикалык изилдөөнүн методдорун өздөштүрүү менен инновациялык иш чараларга мугалимдер жамаатынын даяр болуусу. Мугалимдер өз ишмердүүлүгүндө педагогикалык илимдердин жана инновациялык жетишкендиктерди ыкчам жайылта алууга жетишүүсү. Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүнүн инновациялык жана пилоттук мектептеринин типтүү Жобосуна ылайык иш алып бара алуусу.

 

 

Эксперименталдык аянтча. УИТМ-Лдин жалпы өнүгүүсүнүн II деңгээли.

            Эксперименталдык инновациялык идеяларды жана жаңыланууларды практикада жүзөгө ашыруу. Мугалимдердин илимий-практикалык даярдыгынын денгээлин жогорулатуу. Мугалимдердин усулдук иштеринин системасынын калыптана башташы. Инновациялык иштерге карата Жоболордун иштелип чыгышы. Эксперименттердин этаптарынын өнүгүшүнө коррекцияларды киргизүү. Көйгөйлүү-багыттоочу талдоолордун планга жараша өз убагында жазылышы. Жалпы мугалимдердин жаңыланууга карата массалык чыгармачылык ишмердүүлүгү.

 

6.3.      Педагогикалык чебердиктин сапатын жогорулатуу

  1. Кесиптик квалификация:
  • педагогикалык кадрларды аттестациялоо;
  • өзүн-өзү көзөмөлдөөгө катышуу;
  • мугалимдердин билимдерин жогорулатуу курстары;
  • тренинг-семинарлар (лицей ичиндеги жана шаардык, республикалык деңгээлде).
  1. Профессионалдык компетенттүүлүк:
  • Илимий-усулдук кеңеш - жалпы бирдиктүү билим берүүнү калыптандыруудагы мугалимдердин бирге аракеттенүүсүн координациялоо чөйрөсү;
  • Илимий-усулдук кафедралар - мугалимдердин бирге аракеттенишүү чөйрөсү;
  • Чыгармачылык, инновациялык топтор - алдынкы педагогикалык тажрыйбаны илимий негизге таянып жалпылоо жана жайылтуу чөйрөсү;
  • Эксперттик-аналитикалык топ - жаңылануу, эксперименталдык иштерди илимий талдоо, координациялоо чөйрөсү.

 

  1. Профессионалдык өнүгүү:

            Илимий-усулдук ишти талдоо-жалпылоо технологиялары аркылуу профессионалдык өсүү чөйрөсү:

  • автордук, модифицирленген программалардын түзүлүп чыгышы;
  • усулдук колдонмолордун иштелип чыгышы;
  • дидактикалык колдонмолордун иштелип чыгышы;
  • электрондук окуу-усулдук китептеринин, колдонмолорунун иштелип чыгышы;
  • алдынкы тажрыйбаны жалпылоо;
  • профессионалдык конкурстарга катышуу.

 

7.   Билим берүү мазмунун модернизация боюнча негизги багыттары:

Билим берүүнүн мазмунун окуучулардын жаш өзгөчөлүктөрүнө карата          

  1. даярдоо баскычы (бул баскычта 1-4-класстардын окуучуларын критерийлер аркылуу өтө тыкан электөө);
  2. негизги баскычтарга (I баскычы: 5-9–класстар; II баскычы: 10-11-класстар)
  3. профилдерге (физика, математика, информатика, жа химия, биология) бөлүштүрүүдөгү окуу пландары төмөнкү багыттар боюнча калыптанат:
  1. окуу материалдардын жаңыланышы;
  2. билим берүүнүн жаңы мазмуну аркылуу окууга болгон мотивацияны жогорулатуу;
  3. телекоммуникативдик методду киргизүү:

а) мультимедиялык-компьютердик программалар аркылуу окутуу;

б) дистанттык окутуу;

в) мониторингдик “баалоо” программасы;

г) илимий-долбоорлордун үстүндө иштөө.

 

8. Бүтүрүүчүнүн модели

Бул концепциянын жүзөгө ашырылышы Кыргыз Республикасынын жараны – бүтүрүүчүнүн модели ачык дүйнөгө, башка маданияттар менен диалогго даяр экендигин калыптоого карата багытталган.

Биздин лицейдин бүтүрүүчүсү – бул 

  • жогорку адептүү, жоопкерчиликтүү адам,
  • чыгармачыл, демилгечил, Кыргыз Республикасынын компетенттүү жараны,
  • Кыргыз Республикасынын көп улуттуу маданий баалуулуктарын өздөштүргөн, алардын маанисин, өзгөчөлүктөрүн аңдаган адам,
  • Ата Мекендин тагдырын өз тагдырындай кабылдаган,
  • өзүнүн өлкөсүнүн азыркысын жана келечегинин жоопкерчилигин сезе билген,
  • өзү тандаган багыт боюнча компетенттүү, санариптик технологиясын өздөштүргөн, коомдун өнүгүшүнө активдүү катышкан, патриот инсан,
  • жашоонун сергек мүнөзүн алып жүргөн жана пропагандылаган инсан.

Бул инсан Кыргыз Республикасынын улуттук баалуулуктарынын базасын кабыл алган: патриоттуу, жарандуулук, социалдык жоопкерчиликтүүлүк, үй-бүлө, эмгек жана чыгармачылык, илим, кыргызстандагы диний көз караштарга толеранттуу, искусство, адабият, жаратылыш, адамзат.

Лицейдин бүтүрүүчүсү конкурентке ийкемдүү, тез өргөрүүгө дуушар болуп жаткан мезгилге адаптациялана алгандай адам болот. Бул инсан, көйгөйлүү кырдаалдарда өз алдынча чыгып кете ала тургандай, чыгармачыл ишмердүүлүктү издеп таба алгандай, жогору маданиятуу жана ар тараптуу интеллектүү адам.

Азыркы замандын бүтүрүүчүсү өзүнүн жеке кызыкчылыктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен профессионалдык жана билим берүүчү программаларды өз алдынча сезимталдуу тандоого жана кабылдоого даяр.

Бүтүрүүчүнүн элестүү келбети билим берүү процессинин төмөнкү өтмө процессинде жүзөгө ашырылат:

- өз алдынча билимин өркүндөтүүгө үйрөнүү;

- өз алдынча тарбиялоого тарбиялануу;

- өз алдынча өнүктүрүүнү өркүндөтүү. 

Билим берүү процесси жана билим берүүнүн мазмуну таанылган:

  • инсанды жогорку деңгээлдеги маданияттуу жана өнүккөн интеллектүү кылып калыптоо;
  • жашоосун динамикалуу социалдык-экономикалык шарттарда адаптациялоо;
  • окуучулардын дене жана психикалык саламаттуу деңгээлин төмөндөтүүгө мүмкүндүк бербөө.

Бул натыйжаларга жетүү үчүн лицейди модернизациялоонун төмөнкү структурасын болжолдонот.

 

 

9. Лицейдин тарбиялоо системасынын өнүктүрүү концепциясы

 

9.1. Идеялардын актуалдуулугу.

Биздин коомдук өзгөрүүгө дуушар болуп турган мезгилинде лицей базалык маданияттуу инсанды калыптоону камсыздоо керек. Бул түшүнүктөр өзүнө оптималдуу касиеттердин болушу, сапаттар, интеллектуалдык маданияттуу чөйрөдөгү инсандык көз караштарын, сергек жашоонун мүнөзүн, алака жана өз ара мамилени, жашоодо өзүн-өзү аныктоо маданиятын, демократия жана экологиялык маданияттуулук, коомдук маданият менен гармониялуу өнүккөн адам болгондой жана аны ийгиликтүү социалдаштырууну өзүнө камтыйт.

Лицейдин тарбиялоо системасынын концепциясы биздин лицейдин конкреттүү мүмкүнчүлүктөрүн, педагогдордун психологиялык даярдыгын, ал ишке окуучулардын даярдыгы жана мүмкүнчүлүгүн, материалдык жана илимий - усулдук жактан камсыздалышын эске алуу менен жүргүзөт.

 

9.2. Тарбиялоо системасынын баалуулуктарга - багытталган борбору.

Лицейдин тарбиялоо системасы – өзүн-өзү жөндөп туруучу жана башкарылуучу татаал психолог–соцпедагогикалык билим берүү системасы болуп саналат. Бул дайыма өнүгүп туруучу ачык система.

            Тарбиялоо системасы бир жагынан алганда, өзүнүн максаты, ыкмалары, мамилелери, принциптери бар тарбиялык иштердин системасы катары каралса, экинчи жагынан алганда, тарбиялоону жеткиликтүү деңгээлге алып келүүчү программа катары кароого болот.   

“Инсандын базалык маданияттуулугу” тарбиялоо системасынын максаты – ар бир инсанга сезимталдуу  тандоо аркылуу өзүнүн жүрүм-турум стратегияларын, бар болуу шыктарын, адамзаттын маданияты алкагында өзүн-өзү реализациялоонун багыттарын, ийгиликтүү социалдаштырууга ийкемдүү инсанды калыптоого шарт түзүү болуп эсептелинет.

Базалык маданияттуулуктун приоритеттүү багыттары:

  • жашоодо өзүн-өзү аныктоонун маданияттулугу,
  • интеллектуалдык маданияттуулук,
  • адеп-ахлактык жана алакалашуу маданияттуулугу,
  • демократиялык жана укуктук маданияттуулук,
  • сергек жашоо мүнөзү, экологиялык маданияттуулук.

 

Инсандын базалык маданияттуулугуна ээ болгон адамдын башкы сапаттары:   

  • инсандын жөндөмү жана кызыкчылыктарына дал келген ишмердүүлүк чөйрөдө эркин тандоо мүмкүнчүлүктөрүнө жетише ала тургандай билимдин деңгээлине жетишүүгө мүмкүн болгон интеллектуалдык маданиятуулуктун негиздерине ээ болуу;
  • жашоонун сергек мүнөзүнүн дүйнөтаанымдары жана жүрүм-турум көндүмдөрүнө ээ болуу;
  • башка инсандардын баалуулуктарын таанып билүүдө өзүн-өзү сыйлоо жана аңдоо баалуулуктарына жетишүү; өзүнүн алдында моралдык тандоо жүргүзүү шыгы жана ага жоопкерчиликт мамиле кылуу жөндөмү;
  • негизги демократиялык жана укуктук маданияттуулулукка жетиүү менен өзүнүн мамлекетинин жараны катары сезе билүүсү;
  • Өзүн жаратылыштын бир бөлүгү катары сезе билүү менен, аны көздүн карегиндей сактоого жана экологиялык маданияттуулукка жетишүү.

Жогорудагы ар бир сапаттар адамдагы билимдердин белгилүү бир деңгээлине жетишкендигин, анын практикалык өңүттөгү билгичтиктеринин, көндүмдөрүнүн калыптанган адаттарга ээ экендигин билдирет. 

“Инсандын базалык маданияттуулугу” тарбиялоонун системасын жүзөгө ашыруу менен лицей балдардагы жана чоңдордогу жогорудагы санап өтүлгөн сапаттарды калыптоо менен алардын ага катышып жана өздөрүн көрсөтүүнү актуалдаштыруунун эффективдүүлүгүн жогорулатат.

Тарбиялоонун системасын моделдештирүү жана функционалдаштыруу ишмердүүлүгү, алакасы жана мамилелери төмөнкү принциптер менен жүзөгө ашырылат:

1. Ишмердүүлүк принциби – тарбиялоону педагог эмес, адепке үйрөтүү эмес, балдардын жашоо уюму жүргүзөт; алар айлана-чөйрө менен субъект катара өз ара активдүү  аракеттенишүү аркылуу. Канчалык көп түрлүү мектептеги жана класстагы ишмердүүлүк көп болсо, ошончолук аны менен болгон мамиле бай жана бекем мүнөөзгө ээ болот;

2. Кызматташтык жана колдоо принциби – тарбиялоонун системасындагы субъектилер бири-бири менен өз ара аракетте болуу менен өз ара тажрыйбаларын байытуу аркылуу чыгармачылыкка үйрөнүшөт. Мындай өз ара аракеттенишүүнүн эффективдүүлүгү педагогикалык ишмердиктин гуманистик инсанга багытталган технологияларды пайдалануу аркылуу окуучуларды окуп-үйрөтүүнү жана тарбиялоону камсыздайт. Балага болгон үмүт, ага ишеним арттыруу, өзүн-өзү көрсөтүү жана өзүн-өзү бекемдөөгө карата колдоо, педагогдун негизги ишмердиги караты болуусу абзел.  

3. Чыгармачыл жана ийгилик принциби. Жекече жана жамааттык чыгармачыл ишмердүүлүк окуучулардын жекече өзгөчөлүктөрүн жана класстагы жамааттын уникалдуулугун чыгаруу менен өнүктүрүүгө жагымжуу шарт түзөт. Чыгармачыл ишмердүүлүктүн аркасында гана бала өзүнүн шык-жөндөмүн көрсөтүү менен өзүн инсан катары күчтүү жактарын чыгара алат. Ийгиликке жетишүү окуучудагы жана педагогдогу Мен – деген концепцияны калыптоо менен, андан аркы ишинде шыктандырып өзүнүн “мен” дегенин куруу процессинде жакшыртууну арттырат.

Лицейдеги “Инсандын базалык маданияттуулугу”  тарбиялоонун системасы болжолдуу кийинки долбоорлордо жүзөгө ашырууну пландаштырат:

  • “Электрондук мектептеги электрондук окуу китептер - өз алдынча билим алууну өнүктүрүүнүн негизги булагы”      
  • «Мен – Кыргызстандын жаранымын»
  • «Лицей – адеп-ахлактыкка тарбиялоонун борбору»
  • «Мен жана башка да жүздөгөн “Мендер»
  • «Өзүңдү тааны»
  • «Менин ден соолугум»
  • «Мен окуучу»

Негизги ишмердүүлүктүн түрлөрү субъектилер бала жана чоңдор болгон учурда билим берүү мекемелеринин шартында инсандын ийгиликтүү социалдаштыруу процессин колдоодо  базалык маданияттуулукка жетишүүгө багытталган. Педагогдор үчүн мындай мүмкүнчүлүктөр (автордук окуу программаларын иштеп чыгууда, окутуунун жаңы технологияларын кабылдоодо, ар түрдүү усулдарды үйрөнүүдө, класстаны тышкаркы ар кандай иш-чараларды даярдоодо стандартуу эмес формаларды колдонууда, клубдук ишмердүүлүктөрдү уюштурууда ж.б.) профессионалдык чөйрөдө ачылыш мүмкүн.

Окуучуларга базалык маданияттуулукту кабылдоодо ийгиликтүү өзүн-өзү көрсөтүү жана таанып-билүү, коммуникативдик, спорттук, оюндук, эстетикалык ишмердүүлүктөр каражаттары катары шарттар түзүлөт. Мындай ишмердүүлүктөрдү уюштуруу максаттуу тарбиялык программаларга ылайык жүргүзүлөт.

 

 Тарбиялоонун милдеттери

Программасы

Интеллектуалдык маданияттуулуктун негиздерин калыптоо

"Мен окуучу"

«Электрондук мектеп»

Маектешүү жана өз ара мамиле маданиятуулугун калыптоо

"Мен жана жүздөгөн башка “мендер”

Жашоодо өзүн аныктай алуу маданиятын калыптоо

«Өзүңдү тап»

Сергек жашоонун мүнөзү көндүмдөрүнө жана дүйнө таанымдарын калыптоо

"Менин ден соолугум"

Укуктук маданияты жана демократия маданиятын калыптоо

"Мен – Кыргызстандын жаранымын "

Этикалык маданиятуулукту калыптоо

"Этикалык диалогдор"

 

 

 

10.  УИТМ-Лдин жаңылануудагы багыттары жана стратегиялары

1. Лицейдин окуу планы. Лицейдин окуу планын билим берүүнүн профилдик багыты боюнча оптималдаштыруу. Бул үчүн окутуу убактысынын жумалык жүктөмүнүн элективдик компонентин (тандоо боюнча предметтер) өркүндөтүү менен көбөйтүү жагын карап чыгуу. Бул учурда тандалып алынган предметтер, мисалы, англис тили, информатика предметтери электрондук варианттары менен коштолот да, билимдерди текшерүү компьютердик тестирлөөнүн жардамы менен жүгүзүлөт (Online режиминде уюштурса болот).

Ошентип, мугалимдин жетекчилиги астында электрондук окуу материалдардын негизинде окуучулардын өз алдынча иштеп өнүгүүсүн камсыз кылуучу дидактикалык материалдар түзүлөт.

Бул айрыкча, ар бир кыргызстандык санариптик аттуулдун деңгээлине жеткирүүдөгү Кыргыз Республикасынын «Таза Коом»  санариптик өзгөртүү программасынын төрт милдеттерине туура келет.

2. Билим берүүнүн мазмуну –  жаңы предметтик стандарттын негизинде электрондук билим берүү ресурстардын жардамы аркылуу билим берүүнүн сапаттуулугун этаптар менен калыптандыруу жана жогорулатуу:

- ар бир мугалим информациялык система менен иштегенди билүсү зарыл (электрондук окуу китебин түзүүчү информациялык система, электрондук окуу китебинин ичинде динамикалык компьютердик тесттин варианттарын түзө алат);

- ар бир мугалим окуучулардын өз алдынча иштөөсү үчүн бир катар предметтер боюнча электрондук дидактикалык материалдарды түзөт жана бул материалдарды республиканын бардык мектептеринде кошумча окуу материалы катарында таратып колдонсо болот;

- ар бир мугалим билим берүүнүн сапаттуулугун текшерүү үчүн мониторинг жасоонун жаңы методдорун колдонушат (компьютердик тестирлөөнүн жыйынтыктарын жана предметтер боюнча оозеки сурамжылоонун жыйынтыктарын анализдөө). Бул аткарыла турган жумуштар билим берүүнүн жыйынтыктары жогорку деңгээлде болушун камсыз кылат.

3. Окуу-тарбия иштерин уюштуруу – электрондук мектеп информациялык системасын багыттар боюнча оптималдуу колдонуу:

- бардык предметтер боюнча окуучулардын класстык электрондук журналын жана күндөлүгүн киргизүү ( интернет сайт аркылуу ата энелер окуучулардын күнүмдүк журналдагы жана күндөлүктөгү баалары менен таанышып турат, ошондой эле тигил же бул предметтер боюнча мугалимдердин көрсөтмөлөрүн окуп, окуучуга өздөрүнүн жардамдарын берип турушат);

- электрондук мектеп информациялык системасында окуучулардын терезесинде ата энелер менен билим берүүнүн сапатын жогрулатуу боюнча тескери байланышты уюштуруу;

- мектеп ичинде гимназисттер үчүн Online режиминде электрондук китепкана түйүнүн түзүү (мында ар бир колдонуучу өз алдынча каттоочу логинге ээ болот);

- окутуунун жарым жылдык жыйынтыгы боюнча окуучулар жана ата энелердин анкеталык сурамжылоо аркылуу билим берүүнүн сапаттуулугу жана ыңгайлуулугунун деңгээлдерин аныктап туруу.

4. Лицейдеги аткарылуучу илимий-практикалык жумуштар:

- тандалып алынган предметтерди окутуу боюнча окуу процессине илимий даражалары бар (илимдин кандидаттары, докторлор ж.б.) окутуучу педагогдорду тартуу. Булар илимий багыт боюнча тандалып алынган предметтин практикалык жактан колдонулушун тереңдетип окутуу боюнча окутуу иштерин алып барышат;

- лицейде билим берүүнүн сапатын жогорулатуу үчүн илимий кызматкерлер менен бирдикте илимий-педагогикалык эксперименттерди жүгүзүү;

- лицейде илимий-практикалык жыйынтыктарды кеңири жайылтуу максатында республикалык, эл аралык семинарларды өткөрүү жана катышуу.

5. Өз алдынча билим алуунун өнүктүрүү: лицейдин электрондук билим берүү ресурстарынын негизинде окуучулардын өз алдынча билимин жогорулатууга шарттарды түзүү. Online режиминдеги окуу китептерин пайдаланууга, компьютердик тестирлөөгө катышууга шарттарды түзүү.

6. Педагогикалык коллектив менен аткарылуучу жумуштар:

- предметтер боюнча окутуунун программаларын деңгээлдерин аныктоо менен алган билимдердин сапаттулугун жыл ичинде текшерип туруу мониторинг уюштуру туруу;

- лицейдин ар бир окутуучу мугалимдери менен үзгүлтүксүз окуу-методикалык жумуштарын жүгүзүү жана багыттар боюнча өз алдынча билимин жогорулатуусуна көз салуу;

- педагогикалык коллектив менен электрондук билим берүү ресурстарын түзүү жана колдонуу боюнча активдүү жумуштарды алып баруу: компьютердик информациялык системада электрондук окуу китептерин, анын ичинде компьютердик тесттерди түзүп, колдонгонду билүү, алынган жыйынтыктарды анализдөө менен окуучуларга андан ары кандай окуп жыйынтыктарды жогорулатса боло тургандыгы туурасында кенештерди бере билүү, ата энелер менен информациялык системанын негизинде тыгыз байланышты уюштура билүү;

- педагогикалык коллективде ынтымактуу жигердүү иштөө атмосферасын түзүү жана структуралардын иштөөсүнүн активдүү информациялык мейкиндикте макулдашылган ыңгайда жумуштарды алып баруусуна шарттарды түзүү.

7. Сапаттуу билим берүүнүн алдыңкы жыйынтыктары:

- Республика боюнча жүгүзүлүүчү предметтер боюнча олимпиадага активдүү катышып алдыңкы жыйынтыктарга жетишүү.

8. Лицейдин материалдык-техникалык базасы:

- окутуунун заманбап талаптарына ылайык лицейдин материалдык-техникалык базасын өнүктүрүү жана чыңдоо,  ошондой эле инвестицияларды тартуу тажрыйбасын анализдеп көрүп практикалоо;

- Ар бир класстын ичинде интернетке туташкан компьютер, видеопроектор менен камсыз кылуу. Бул электрондук мектептин эң биринчи талабы.

Жогоруда келтирилген Улуттук компьютердик лицейди чыңдоонун жана өнүктүрүүнүн негизги багыттары Кыргыз Республикасынын ѳнүгүүсүнүн 2040-жылга чейинки стратегиялык ѳнүгүү багыттарына ылайык келет.

 

 

 

11. Индивидуалдаштырылган профилдик программасынын модели

Индивидуалдаштырылган профилдик программасы УИТМ-Лдин жогорку, орто окуу жайлары жана басма сөз редакциялары менен түзүлгөн келишиминин негизинде ишке ашырылат.

 

Багытталган билим берүүдө профилдик класстарды түзүү:

 

Профилдер

 

 

 

Физика – математика – информатика жана Химия - биология

 

математика, физика, информатика, химия жана биология сабактарын тереңдетип окутуу

 

 
 

 

Келишим түзүүчү жогорку жана орто окуу жайлары

 

 

 

  1. Кыргыз билим берүү академиясы
  2. И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университети
  3. Ж. Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик университети
  4. И. Разаков атындагы Кыргыз техникалык Университети
  5. Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Медициналык Академия
  6. К. Карасаев атындагы Бишкек Гумманитардык Университети
  7. Н. Исанов атындагы Кыргыз Мамлекеттик Курулуш Транспорт жана Архитектура Университети (Жаңы информациялык технологиялар институту)
  8. Кыргыз –Түрк «Манас» университети
  9. «Алтын-Түйүн» РБИТА
  10. Кыргызстандагы Эл Аралык Университети

 

 

 

 

 

Концепциядагы коюлган милдеттерди дароо аткаруу мүмкүн эместигин эске алуу менен өнүгүү этаптары каралды:

 

 

 

 

Тиркеме – 1.

Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин өнүгүү  этаптары

(2018-2023–жж.)

 

п/п

Этаптар

Мөөнөтү

Жаңылануу процесси

I

Жаңы темага өтүү. Даярдоо этабы

2017-ж ноябрь

“Окуучулардын билим сапатын жогорулатуу үчүн орто мектепте билим берүүчү информациялык чөйрөнү калыптандыруу” жаңы темасын киргизүү менен бирге УКЛдин педагогикалык–психологиялык проблемасын тактоо.

II

Изденүү этабы

2018-2019- окуу жылында

«Электрондук мектеп» информациялык системасын окуу процессине киргизүүнүн алгачкы этаптарын иштеп чыгуу;

Ар бир окуу предметтери боюнча электрондук версиясын түзүү боюнча методикалык редакциялык жумуштарды активдүү баштоо (SunRav системасында);

Мектептин информациялык чөйрөсүн этаптар боюнча калыптандыруунун моделин түзүү;

Физика-математика, информатика, кыргыз тили жана адабияты (кеп маданияты, манас таануу, Орто Азия адабияты, Чыгыш адабияты, дүйнѳ адабияты), тарых,  англис, немис, кытай жана жапон тилдери, химия-биология, география предметтеринен модифицирленген программаларды түзүү жана электрондук версиясын электрондук окуу китебинин мазмунуна ылайыктоо; эксперименталдык аянтчаларды ачуу, предметтик ресурстук борборлордун ачылышы, таланттуу окуучулардын клубун ачуу;

III

Өнүгүү этабы

2019-2021-окуу жылдары

Математика-физика жана информатиканын тереңдетилип окутулушу, турмуш тиричилик коопсуздук негиздери, немис тили, элективдик курстар, химия-биологиянын тереңдетилип окутулушу, интернат алдында атайын курстардын кеңири ишке ашырылышы жана тереңдетилиши. «Электрондук мектеп» информациялык системасын окуучулардын өз алдынча иштөөсүн өнүктүрүүдө кеңири жеткиликтүү пайдалануу.

IV

Жыйынтыктоо этабы

2021-2022- окуу жылдары

Мектептин информациялык чөйрөсүн калыптандыруу боюнча эксперименталдык жумуштар. Мектептин информациялык чөйрөсүн калыптандырууда уюштуруу-педагогикалык шарттарынын эффективдүүлүгүн баалоо.

Модифицирленген жана автордук программаларга кошумча окуу куралдарынын чыгышы: аз тираждуу атайын китептер, колдонмолор, рекомендациялар, тесттер жыйнагы, чыгармачылык отчет. Электрондук китепкана. Ар бир кафедранын маалыматтарын электрондук китепканага киргизүү.

 

 

 

12. УИТМ-Лдин келечектеги өнүгүшүнө карата алынып чыгылган көйгөйлөрдүн багыттары жана аны чечүүнүн болжолдуу жолдору:

 

12.1. Контингенттин абалы жана ишти жакшыртуу жолдору

12.1.1. Контингентти калыптандыруу боюнча абалы жана ишти жакшыртуу жолдору

 

Көйгөйлөр

Аны чечүүнүн жолдору

1.

1-класстарга окуучулардын кабыл алынышында окуучулардын санынын өтө көптүгү

1.

Лицейде 1-класска кабыл алууда атайын комиссия жана кабыл алуунун Жобосун иштеп чыгуу. Ошол иштелип чыккан Жобону Министрлик тараптан бекиттирип ал Жобого ылайык кабыл алуу.

2.

Башталгыч класстарды класстардагы окуучулардын саны нормадан ашып кеткендиги жана бүгүнкү күндөгү абалы

1.

УИТМ-Лнын Жобосуна ылайык иш жүргүзүү зарыл

 

12.1.2. Контингентти бөлүштүрүү боюнча абалы жана ишти жакшыртуу жолдору

 

Көйгөйлөр

Аны чечүүнүн жолдору

1.

Башталгыч класстарды аяктан (4-классты) 5-класс лицейдик этапка келгенде окуучуларды багыттар боюнча тандоо жана туура бөлүштүрүү

1.

УИТМ-Лдин Жобосуна ылайык атайын комиссия иштеп чыгып жана лицейдик багыттагы класстарга кабыл алууда атайын экзамендик (*тесттик) кабыл алуунун Жобосун иштеп чыгуу жана ага ылайык процедураны алып баруу

 

 

 

 

 

 

 

12.2. Тарбиялоонун абалы жана аны жакшыртуунун иштери

 

Көйгөйлөр

Аны чечүүнүн жолдору

1.

Коюлган талаптарга карата айрым класс жетекчи (кураторлордун) ишинин сапатынын дал келбегендиги

1.

1-11-класстар үчүн класстын ичиндеги тарбиялык иш-чаралардын регламенттин жүзөгө ашыруу системасын  иштеп чыгуу

2.

Класс жетекчилердин (кураторлор) Жобосун кайрадан карып чыгуу жана өзгөртүүлөрдү киргизүү

 

 

 

 

12.3. Окуучулардын Илимий коомун түзүү жана анын ишин жакшыртуунун жолдору

Көйгөйлөр

Аны чечүүнүн жолдору

1.

Лицейде Окуучулардын илимий коомунун жоктугу (ОИК)

 

ОИК билим берүү программасын иштеп чыгуу жана аны жайылтуу (окуу предметтери, окуу изилдөөлөрү, окуу долбоорлор)

 

ОИК усулдук иштерин, каражаттарын, усулдарын жана илимий-изилдөө ишмердигинин өзгөчөлүктөрүнө жараша окутуу процедураларын иштеп чыгуу

 

Окуу сабактарынын жүгүртмөсүн иштеп чыгуу жана аны ждайылтуу

 

Ар кандай деңгээлдеги жана типтеги салтка айланган иш-чараларга катышуу графигин иштеп чыгуу жана жайылтуу

 

 

12.4. Китепкананын абалы жана аны жакшыртуу иштеринин жолдору

 

Көйгөйлөр

Аны чечүүнүн жолдору

1.

Китепкананын китептерди сактоо бөлмөсүнүн жана китептердин базасын жайгаштыруу текчелеринин абалынын начардыгы

1.

Лицейдин китепканасынын китеп сактоочу  бөлмөсүн толук капиталдык ремонттодон өткөрүү жана тишелүү заманбап абалда жабдуу иштерин жүргүзүү

2.

Окуучулардын электрондук окуу китептерди, колдонмолорду, справочниктерди, дидактикалык материалдарды колдонуу муктаждыгындагы   китепканада алардын жетишсиздиги

1.

Окуу каражатарынын сандык жана сапаттык базасын толугу менен  жакшыртуу

3.

Китепкананын жаңы маалыматтык технологиялык камсыздоо ресурстарынын талапка дал келбегендиги

1.

Окуу залынын ички жана тышкы маалыматтык ресурстарга ачык мүмкүнчүлүктү (интернетке кошулган компьютерлер) түзүп берүүнү арттыруу

 

 

 

 

 

 

 

 

 

12.5. Лицейдин Музейинин абалы жана жакшыртуу иштеринин жолдору

 

Көйгөйлөр

Аны чечүүнүн жолдору

1.

Музейдеги чогултулган маалыматтык ресурстардын аны лицейдин окутуу-тарбиялоо процессинде пайдалануу деңгээлинин дал келбегени же жолго коюлбагандыгы

1.

Лицейдин окуу программасы жана окутуу-тарбиялоо процессинде музейди эффективдүү пайдалануу жана заманбап болгондой иш-чараларды иштеп чыгуу жана анын ишин жакшыруу жолдорун уюштуруу

2.

Музейдиндин жабдылышынын заман талабына дал келбегени

1.

Музейди толук ремонттон өткөрүү менен анын маалыматтык ресурстарын топтоо, байытуу жана ирээтке салуу

 

12.6. Окуупроцессин камсыздоонун абалы жана жакшыртуу иштеринин жолдору

 

12.6.1. Укуктук жактан камсыздалышынын абалы жана жакшыртуу иштеринин жолдору

Көйгөйлөр

Аны чечүүнүн жолдору

1.

Үзгүлтүксүз модернизациялоо шартында лицейдин ишмердүүлүгүн жөнгө салуу укугун камсыздаган локалдык нормативдик-укуктук актылардын курамынын дал келбегендиги

1.

Лицей ичиндеги локалдык нормативдик-укуктук актылардын комплексин иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу:

-  контингент менен иштерди жөнгө салуучу; 

-  билим берүү процессин, тышкы байланыштарды, тажрыйбалык-инновациялык иштерди жана башкарууну камсыздоочу

2.

Мугалимдердин жалпы окууларынын укуктарын кеңейтүү (эскертме, лекториялар ж.б.)

3.

Ата-энелердин жалпы окууларынын укуктарын кеңейтүү (эскертме, лекториялар ж.б.)

 

 

12.6.2. Психологиялык камсыздоолордун абалы жана жакшыртуу иштеринин жолдору

Көйгөйлөр

Аны чечүүнүн жолдору

1.

Лицейде психологиялык кызматтын жетишсиздиги жана анын лицей ичиндеги иштөө мазмунун жана багыттарын тереңдетүү, эффективдүүлүгүн жакшыртуу

1.

Лицейде 3 этапта (башталгыч, ортоңку жана жогорку класстар) психологиялык иштердин программасын иштеп чыгуу жана аны жүзөгө ашыруу

2.

Лицейдин окуучуларында билим берүү процессиндеги катышуучулардын макулдугуна ылайык бирдиктүү психология-педагогикалык талаптарды иштеп чыгуу жана аны жайылтуу

 

 

12.6.3. Материалдык-техникалык камсыздоонун абалы жана жакшыртуу иштеринин жолдору

Көйгөйлөр

Аны чечүүнүн жолдору

1.

Лицейдин ичин жана окуу кабинеттерин талапка ылайыкзаманбап материалдык – техникалык камсыздоонун дагы деле болсо жетишсиздиги

1.

Окуу кабинеттерин, лицейдин окуу залы, актовый залды билим берүү чөйрөсүнүн баардык талаптарына ылайык жабдуу ага лицейдин ата-энелерин тартуу

2.

Окуу кабинеттерин, лицейдин окуу залы, актовый залды билим берүү чөйрөсүнүн баардык талаптарына ылайык жабдуу ага сырттан демөөрчүлөрдү тартуу

 

 

12.7. Эксперименталдык жана тажрыйбалуу-инновациялык иштердин абалы жана жакшыртуу иштеринин жолдору

Көйгөйлөр

Аны чечүүнүн жолдору

1.

Лицейдеги мугалимдердин, профилдик багыттары боюнча тажрыйбалалуу иштеринин жалпылоо системасынын жоктугу

1.

Мугалимдердин баалуу делинген тажрыйбалык иштерин жалпылоо системасынын Жобосун жана программасын иштеп чыгуу жана аны жүзөгө ашыруу

2.

Лицейде атайы окуу кабинетин ачуу, жасалгалоо жана заманбап окуу куралдары, китептери, колдонмолору жана электрондук базасын түзүп чыгуу жана аны иштешин жөнгө салуу

 

13. Күтүлүүчү натыйжалар.

 

  • Структуралаштырылган билим берүү мейкиндигин түзүү.
  • Лицейдин бүтүрүүчүлөрү конкурентке ийкемдүү, өзүнүн күчүнө ишенген, өзүнүн жеке жана коомдук маанидеги көйгөйлөрдү өзүнүн ички дүйнөсүнө жана коомдук руханий-адеп – ахлакка, социалдык нормаларга ылайык, жашоого, эмгекке, маданиятка, өз Ата Мекенинин жана дүйнөлүк коомчулуктун тарыхына позитивдүү мотивациялар менен чече билүү жөндөмдүүлүккө ээ.
  • Сергек жашоонун мүнөзүн орнотуу.                                                    

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru