21- апрель. ДЕН СООЛУК БУЛАГЫ -СПОРТ

Ден соолук булагы -Спорт

Дене тарбия жана спорт адамдарга ден-соолук, күч-кубат, сулуулук, жакшы ой жүгүртүүнү берет. Адамдын эркин, мүнөзүн калыптандырып, ар бир адамдын жашоо-турмушунда болуучу оорчулуктарды жеңип чыгууга үйрөтөт.Улуттун саламаттыгы бүгүнкү күндө Кыргызстандын мамлекеттик саясатынын маанилүү артыкчылыгы болуп саналат. Биз мамлекеттикти бекемдөө менен дене тарбияга жана спортко көбүрөөк көңүл бурушубуз зарыл. Башкы максатыбызга - күчтүү, гүлдөп өнүккөн Кыргызстанды куруу үчүн мамлекетибизге ден-соолугу чың, күч-кубаттуу адамдар керек.Жашоодо биринчилерден болуп адам баласына эмне керек деген суроого – баарыбыз эле билгендей чын ден-соолук деп жооп бере алабыз,- эгерде өзүңдүн, үй-бүлөңдүн, тааныш досторуңдун айлана чөйрөңдө жашаган элдин ал-акыбалы, ден-соолугу чын болсо, анда адамдын бактылуу болуусу бул факт. Негизги маселе- азыркы глобалдаштыруу учурунда, кантип ден-соолукту чыңдоо же жараткан берген жашоону кантип бийик сактоо, жамандыктардан алыстоо маселеси. «Жакшы ден соолук – бул жөн гана оорудан жапа тартуунун жоктугу эмес, ал адамдын дене, психикалык жана социалдык толук гармонияда болушу” демекчи окуучулардын ден соолугун чыңдоо жана бекемдөө үчүн чөйрө түзүү менен алардын ички дүйнөсүн өзгөртүү, психологиялык ден соолукту камсыз кылуу жана зыяндуу заттарга (тамеки,спирт ичимдиктери,наркотикалык заттар) каршы турууга үйрөтүү,калыптандыруу,туура жашоо образын пропагандалоо максатында УКГда ден соолук күнү белгиленди.

 

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru