УЛУУ ЗАЛКАР ЖАЗУУЧУ Ч. АЙТМАТОВДУН 90 ЖЫЛДЫГЫНА БАЙЛАНЫШТУУ ИЛИМИЙ КОНФЕРЕНЦИЯ БОЛУП ӨТТҮ.

Профессор А.Молдокулов атындагы Улуттук Компьютердик гимназияда улуу, залкар жазуучу Ч. Айтматовдун 90 жылдыгына байланыштуу илимий конференция болуп өттү. Конференция белгилүү жазуучулар, илимий ишмерлер, изилдөөчү окумуштуулар, кинорежиссерлор, шаардагы мектептин директорлору катышты. Жазуучунун чыгармаларынан үзүндүлөр көрсөтүлдү. Арналып чыккан обондуу ырлары ырдалды.

Чыгармалары жөнүндө алымдуу, кызыктуу ой-пикирлер айылды. Жазуучунун өмүр баянындагы негиздү, таасирлүү учурлары менен баяндалган чыгармаларына ой-жүгүртүүлөр белгиленди. Конференция окуучуларга да, катышуучуларга да таасирдүү жеткиликтүү өттү.

“Айтматовду окуйбуз” акциясынын башка мектептерге өтүп туруучу түрдүү информацияларды (видео, аудио, текст) чогулткуч эскерүү өтмө буюму кооздолуп жасалып кийинки кезектеги информацияларды чогултуу иш чарасы № 68 А.Осмонов атындагы гимназиясына өткөрүлүп берилди. Бул кезектешип берилип туруучу өтмө буюмуна акция боюнча информациялардын түрлөрүн чогултуу кезек менен мектептердеги өткөрүлгөн иш чаралар туурасында информациялар жазылып аягында Ч.Айтматовдун үй музейине өткөзүлүп берилмекчи.

 

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru