2010-жылдын 7-апрелинде Ала –Тоо аянтында курман болгон баатырларды эскерүү

2010-жылдын 7-апрелинде Ала –Тоо аянтында курман болгон баатырларды эскерүү

       7-апрель — кыргыз тарыхында кара тамгалар менен жазылып калды. Кырчындай болгон эр-азаматтарыбыздын каныжаны менен акыйкаттык орноду, калыстык өз үнүн ааламга жаӊыртты. Кыргыздын кылымдарды карыткан, кайратман улут экендигинин анык даӊазасы болду. Эркиндикти сүйгөн эл эч убакта авторитардык, диктатуралык режимди тааныбай тургандыгын далилдеди. Өкүнүчтүүсү, 87 эр-азаматыбыз окко учту. Алар эртеӊки жаркын келечек үчүн жанын курман кылышты. Алар дүйнөдө Ала-Тоонун бүркүтүндөй болгон, эрки күчтүү эл жашаарын даӊазалашты. Алар Чолпонбай Түлөбердиевдин, Дүйшөнкул Шопоковдун жана  элдик баатыр Акун Садырбаев атабыздын эрдигин даӊазалашты. Эрдиги жаштарга, келечекке өрнөк боло турган бүгүнкү күндүн баатырларынын элеси, жүрөгүбүздө түбөлүк сакталат. Силер ар дайым кыргыз эли мененсиӊер. Силер, тарыхта алтын тамгалар менен жазылып калдыӊар деп, тереӊ ишеним менен айта алабыз.

       Бүгүн 6-апрель күнү Улуттук компьютердик гимназияда кыргыз элинин жаркын жашоосу үчүн, эртеңки келечеги үчүн, өз мекенинин эркиндиги үчүн канын төгүп,жанын берген эр азамат мекендештерибизди эскерүү, ата журтунун патриоту болуу ар бир өспүрүмдүн парзы экендигин калыптандыруу максатында иш чаралар өткөрүлдү.

 

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru