Чет тилдери- эл аралык баарлашуу тилдери
Профессор А. Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин чет тилдер кафедрасынын декадасы болуп өттү. Декада мезгилинде кѳрсѳтмѳлүү предметтик жана тарбиялык ачык сабактар, сабактан сырткаркы тематикалуу иш чаралар ѳткѳрүлдү. Ошондой эле окуучуларды жогорку окуу жайларына экскурцияга алып барышты.