Немис тили - сахнада

VI Жаштар театр - фестивалы «Немис тили сахнада».
Профессор Айдаркан Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп лицейинин немис тили ийриминин окуучулары мугалими Касаболотова Майрам жана актриса, режиссёр Касаболотова Мээрим эжекелеринин жетекчилиги астында Гёте институту тарабынан уюштурулган Кызакстандык Республикалык немис драм театрынын колдоосу менен 2020-жылдын 5-8-ноябрь аралыгында аралыктан болуп өткөн "Немис тили сахнада" аттуу VI Жаштар театр-фестивалына катышышты. 4 күн созулган фестивалда окуучулар сахнада аткаруучулук чеберчилигин Казакстандын театр актерлорунун жардамы менен өздөштүрө алышты. Учурдагы оор шарттарга карабастан мыкты деңгээлдеги чыгармачылыгын көргөзүшүп, "Мыкты саунд-дизайн" номинациясына ээ болушуп, диплом жана белектердин ээси болушту. 
 
Катышкан окуучулар:
 
1. Джумагулов Болот - 10-М6 классынын окуучусу,
 
2. Дербишова Жибек - 10-Т2 классынын окуучусу, 
 
3. Жанжигитов Иманберди - 10-М6 классынын окуучусу,
 
4. Кубанычбекова Айжанат - 10-Т2 классынын окуучусу,
 
5. Максатбекова Медина - 7И классынын окуучусу,
 
6. Пак Даниэль -  6-в классынын окуучусу.

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru