Эл аралык конкурстун жеңүүчүсү


Пандемия учурунда Бишкек шаарындагы Улуттук мектеп-лицейинин немис тилчи мугалимдери, дүйнө жүзүндөгү башка мугалимдер сыяктуу эле,

Москвадагы Гете институтунда вебинарларга жана онлайн-тренингдерге катышууга мүмкүнчүлүк алышты. Алдыңкы адистер немис тилин экинчи чет тили

катары окутууну, ошондой эле онлайн форматында дидактиканы жана методиканы дагы үйрөтүштү. Чыгыш Европа жана Борбордук Азиянын

немис тилчи мугалимдери үчүн виртуалдык жолугушуунун алкагында, Москвадагы Гете институту май айында "Менин онлайн сабагым" деген темада эл аралык сынак өткөрдү.
"Эң чыгармачыл салым" номинациясындагы сынактын жеңүүчүсү Улуттук Инновациялык Технологиялар Мектеп-Лицейинин

немис тили  мугалими Майрамкүл Касаболотова, Москвадагы Гете институтунун диплому жана 5000 рубль өлчөмүндөгү белек сертификаты менен сыйланды.

Биз кесиптешибиз үчүн абдан кубанычтабыз жана ишиңизге мындан ары да ийгиликтерди каалайбыз!

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru