2018-2019-окуу жылында жүргүзүлгɵн тарбия иштери боюнча жылдык отчету

           Улуттук компьютердик гимназияда 2018-2019-окуу жылынын тарбия  иштери 2014-2020-жылдарга  карата  түзүлгөн окуучуларды  тарбиялоонун  концепциясын  ишке  ашыруу  жана  окуучуга  жашоого  керек  боло  турган  коомдук-социалдык  тажрыйбаларды ɵздγк  тажрыйбага  айландыруу максатында, тɵмɵнкү программанын  негизинде  жүргүзүлдү:

-окуучуга  жашоого  керек  болгон  коомдук-социалдык  тажрыйбаларды ɵздүк  тажрыйбага  айландыруу;

-окуучулардын  дүйнɵгɵ  илимий  кɵз  карашын, туура  ынанымын  калыптандыруу;

-адабий, илимий  булактар  менен ɵз  алдынча иштɵɵгɵ  үйрɵтүү;

-окуучуларды  коллективизмге  тарбиялоо, жеке ишти  коллективдик  иш  менен  айкалыштырууга үйрɵтүү;

-мектепте тарбиялык  иштерге бирдиктүү  талап коюу,системалуулукту камсыз  кылуу, ар  бир окуучуга педагогикалык  кɵмɵк  кɵрсɵтүү, окуучулардын  адептик-рухий сапаттарын  калыптандыруу, алардын  физикалык, психикалык, рухий  соолугуна  камкордук  кɵрүү. Республикада ар кандай  коомдор  бар  шартта  туура  багыт кɵрсɵтүү, аң сезимдүү  чечим чыгарып, ɵз  проблемасын  ɵз  алдынча  чечүүгɵ, турмуштук  туура позицияга ээ  болууга үйрɵтүү, азыркы социомаданий шартка ыңгайлашууга жɵндɵмдүү  ыймандуу  инсанды калыптандыруу.

 

Концепциянын  негизинде  тарбия  иштери  тɵмɵнкү  багыттарда  жүргүзүлдү:

  1. Жарандык  патриоттук  тарбия;

  2. Нравалык-эстетикалык  тарбия;

  3.  Экологиялык  жана  эмгекке тарбиялоо;

  4. Ден  соолукту  чындоо  тарбиясы, жашоонун  сергек мүнөзүн  пропогандалоо;

  5. Мектепте  жана  класста ɵзγн-ɵзγ  башкаруу;

  6. Көп маданияттуулукка тарбиялоо;

  7.Эстетикалык  тарбия;

  8. Балдарды тарбиялоодогу  ата-энелердин  ролун жогорулатуу.

 

2018-2019-окуу жылында  № 2 педагогоикалык  кенештин  буйругу  менен  91 класс  комплектелди  жана  кураторлор  кенешинин  курамы  бекитилди. Мектепте  класстан  тышкаркы  таалим-тарбия  иштеринин  тийиштүү деңгээлде  жүргүзүлүшү үчүн иш-чаралардын жылдык  иш-планы  түзүлүп  бекитилди.

-  кураторлорго 2018-2019-окуу жылында  өтүлүүчү тарбиялык  сааттардын  тематикалары,  тарбия  иштери боюнча журналдары бекитилип берилди ;

– окуучуларды  коопсуздук  техникалык  жана  жолдо жүрүү  эрежелери  менен  тааныштыруу  иштери жүргүзүлдү;

- окуучулардын медициналык карточкаларын толукталды;

- класстын  социалдык  паспортун  иштеп  чыгуу  иштери  аткарылды;                                                         - класстык  кабинеттеринин  тазалыгы, эстетикалык  кɵркɵмдүгү текшерилип, кабинетти жасалгалоо  иштери критерийлер  боюнча  каралып  турду;                                                                         -  гимназияда  жана  класстардагы  өзүн-өзү  башкаруусунун курамы  түзүлдү жана  алардын  алып 

баруучу  иш-чаралары  пландаштырылды;                                                                                                                                                   

- жыл  ичинде  гимназия ичинде тартип, тазалык, форма, жетишүү, катышуу ж.б. окуучулардын  иш-чараларын  көзөмөлдөп  туруу үчүн дежурствонун  графиги бекитилди;                                                                                                                                                 -  гимназиянын  ички  жана  сырткы  территорияларында  тазалоо  иштери  жүргүзүлүп  турду ;                                                                                                                                                                 - гимназиянын  парламент мүчɵлɵрү  менен  бирдикте окуучулардын  сабака катышуусу, кечигүүсү, формасы, тазалыгы китеп жана  күндɵлүктɵрдүн  абалы  текшерилип, жыйынтыгында  кураторлорго билдирилип турду.

 

Мектептен  тышкаркы  уюмдар  менен ɵз ара иш  алып  баруу  багытында тɵмɵндɵгүдɵй  иштер  аткарылды:

  • Окуучулардын  арасындагы  тартип  бузуулардын  алдын  алуу  боюнча  ИИБ менен  УКГ тарабынын  бирдиктүү  план  иштелип  чыкты. Тартип  бузуунун  алдын  алуу  максатында  гимназиянын ЖӨИ кызматкери  Кылыч  Моңолбокевич менен  бирдикте  5-11- класстын   окуучу  балдарына  «Рекетчилик – бул  кылмыштуулук»,  «Зордук зомбулук»,  «Адепсиздиктин  акыры - кылмыш»,  «Опузалап  талап  кылуу» жана «Тамеки чегγγнγн  зыяндуулугу» ,  «Алкоголь  ичимдиктеринин  зыяндуулугу  жана  ден  соолука  тийгизген  терс  таасири» жɵнγндɵ видео роликтер  кɵрсɵтγлγп, лекциялар  окулуп,  түшүндγрүү иштери  жγргγзγлγп  турду. 2018-2019- окуу жылынын жыйынтыгы  менен  УКГнын ички  көзөмөлүнө  ар кандай  тартип  бузуулардын  негизинде  41 окуучу  катталып, кураторлоруна жана  ата-энелерине билдирүү  менен  түшүндүрүү  иштери  жүргүзүлдү.
  • УКГнын ЖӨИ нын  көзөмөлүндө   7 окуучу катталып  турат. ЖӨИ нын  көзөмөлүндө турган  окуучулар Бишкек  шаарынын ИИБ тарабынан  уюштурулган спорттук  мелдештерге  активдүү  катышып  байгелүү  орундарга  ээ  болуп грамоталар  менен сыйланып  келишти.
  •   Ички  көзөмөлгө  алынган  окуучулардын  мүнөздөмөлөрү  кураторлор  тарабынан  алынып, жума  сайын  окуучулар менен сабака  катышуусу,жетишүүсү  жана  тартиби боюнча аңгемелешүүлөр  жүргүзүлүп турду.
  •  Бош  убактысын  туура  пайдалануу  максатында  окуучулардын  жɵндɵмүнɵ жана  кызыгуусуна  жараша  ийримдерге  тартылышты.
  • Свердлов районуна караштуу 21 окуучу медициналык кароодон өткөрүлүп, алгачкы аскердик каттоого коюлду.
  • Жол коопсуздугун жана травмалык кырсыктардын алдын алуу максатында Бишкек шаардык жол кырсыктардын алдын-алуу инспекциясы менен биргелешкен план иштелип чыгып, МАИ кызматкерлери менен биргеликте 1-4-класстарынын окуучулары менен “Көңүл бургула балдар” темасында аңгемелешүүлөр , 5-8-класстарда жолдо жүрүү эрежелери жана травмалык кырсыктардан алдын алуу боюнча маектешүүлөр өткөрүлдү. « Жолдо жүрүү  эрежелерин  сактоо», «Жолдо жүрүү  эрежелери  жана  кырсыктардын  алдын алуу»  боюнча  ИИББы  боюнча ЖКККБнын  нөөмөт  бөлүмүнүн  нөөмөткөр  тескөөчүсү,  милициянын  лейтенанты  Батырканов  Чыңгыз  Нуруйбекович  менен  бирдикте 1-4-класстын  окуучуларына  түшүндүрүү  иштери  жана  аңгемелешүүлөр жүргүзүлүп  турду.
  • 1-декабрь  СПИД  күнүнө  карата шаардык  СПИД  борбору  тарабынан  уюштурулган  конкурска, технология мугалими  Каимова  Айнагүл  жетектеген   «Чебер  колдор» ийриминин 6-7-классынын окуучу кыздары активдүү  катышып    3-орунга  ээ  болуп, белектер  менен  сыйланып  келишти.
  • Окуучулардын өз ден соолугуна кам көрүү жана чыңдоо маданиятын калыптандыруу, саламаттыкты сактоо маданиятын жайылтуу максатында«СПИД  кылым  коркунучу»  темасында  жогорку  класстын  окуучуларына  видео слайддар  көрсөтүлүп, лекциялар  окулду.                                №7 поликлиниканын үй бүлөлүк дарыгерлер  тобунун  инфекционист  врачтары  СПИД  дартынын  алдын алуу  боюнча суроо  жооп  иретинде  окуучуларга  түшүндүрүү  иштерин  жүргүзүштү.
  • Окуучуларды билим алууга, окуп-үйрөнүүгө кызыктыруу, билим жарышы өткөрүлгөн сабактар боюнча (математика, тарых-география, кыргыз тили жана адабияты, жалпы ой жүгүртүү) таланттуу окуучуларды тандоо жана аларга багыт берүү, колдоо көрсөтүү, билимге, окууга кызыккан окуучулардын башын бириктирип,аларды өз ара таанышууга жана пикир алышууга ылайыктуу чөйрө түзүү максатында Билим берүү министрлиги жана “Ыйык Ата Журт” жаштар коомдук фонду тарабынан Бишкек шаарындагы  мектептер арасында уюштурулган 8-класстын окуучулары арасында “Brain  Team” конкурсунда 3-орун,   9-класстын окуучулары арасында өткөрүлгөн “Инновациялык долбоорлор” конкурсунда 1-орун, ал эми 10-11-класстарынын окуучу кыздарынанан түзүлгөн“Акыл карачач” командасы  билим жарышында 2- орунга ээ болушту.
  • “Банги  заттардын, психотроптук заттардын  зыяндуулугу” темасында 8-9-10-класстын  окуучуларына наркология борборунун жаш ɵспүрүмдɵр  врачы  Бородина Е.В менен  бирдикте  видео роликтер кɵрсɵтүлүп, түшүндүрүү  иштери  жүргүзүлдү.

 

Тарбиялык  иштерди  уюштуруунун  көпчүлүк  бөлүгү  класстан  тышкаркы  иштер  аркылуу  жүзөгө ашырылат.

Даталуу  күндөр өз  деңгээлинде уюштурулуп: «Билим күнүнө» арналган  салтанаты, «Эне тилим  сыймыгым»  мамлекеттик  тилинин бир айлыгы «Мугалим– мөмөлүү дарак»  салтанаты, «Биз  таза  шаар үчүн» экологиялык  акциясы,  жаңы  жылды  тосуу  салтанаттары  кызыктуу , жогорку  деңгээлде  өткөрүлдү. Бул конкурстарга, майрамдарга, акцияларга  мугалимдер, окуучулар активдүү  катышышты.

Окуучулардын чыгармачылык  жөндөмдүүлүктөрүн, фантазиясын  өстүрүү менен бирге жаратылышты сүйүүгө, эмгекти  баалоого тарбиялоо максатында «Алтын күз»  түшүм  майрамы өткөрүлдү. « Алтын күз» түшүм майрамына башталгыч класстын окуучулары өз колдору менен чыгармачылыкта жасаган  жашылча-жемиштер композицияларынын  кɵргɵзмɵсү  уюштурулду.

  • 1-октябрь Карылар кγнγнɵ карата гимназиябыздын  ардактуу  эс  алуудагы «Ардагер» эже-агайларды чакырып «Карысы  бардын  ырысы бар» темасында  гимназиянын  таланттуу  окуучулары  тарабынан  даярдалган  майрамдык  куттуктоо  концерттик  иш-чарасы  болуп  өттү.
  • Улуттук  компьютердик  гимназияда улуу жазуучубуз  Ч. Айтматовдун  90 жылдыгына  карата  иш-чаралар  жогорку  денгээлде  болуп  ɵттγ.
  • Ч.Айтматовдун  чыгармаларынан  сүрөт , дубал газета,  буклет, банерлер  конкурсу  өткөрүлүп  жеңүүчү  класстар  жана окуучулар  грамоталар  менен  сыйланышып,  китептерди  белеке алышты.
  • 2018-жылдын 22-ноябрында кызыл жарым ай  коомунун ɵкγлдɵрγ  жана ɵзгɵчɵ  кырдаалдар кызматкерлери  менен  бирдикте ɵрт коопсуздугун жана табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча үйрөнүүчү эвакуациялоо иш-чарасы болуп өттү.

    Иш-чаранын  максаты:   окуучуларды  жана  жалпы  эмгек  жамаатын  ар  кандай  кырсыктарда  кооптуу  жайдан  коопсуз  жайга  тез  арада алып  чыгуу, коопсуздук  эрежелерин  сактоо  боюнча  инструкцияларды  жүргүзүү.

  • Профессор  А.Молдокулов  атындагы  Улуттук  компьютердик  гимназияда     « Карыларга  камкордук»  акциясы  болуп  өттү.  Жаңы  жылдын алдында  УКГнын  10га, 10м2-  класстарынын  окуучулары  Бишкек  шаарынын  Абай  көчөсүндө  жайгашкан  карылар  үйүнө  барып  карыларга  жаңы  жылдык  белектерин  тартуулап, жылуу  сөздөрүн  айтып  маанайларын  көтөрүп, кубаныч  тартуулоо  менен  карылардын  ак баталарын, ыраазычылыгын  алып  келишти.
  • Сергек  жашоо  образын  түзүү  жана  окуучулардын  ден соолугун  чыңдоо максатында  7-класстардын  арасында  «Спорт-ден соолуктун булагы» темасында  спорттук  мелдеш болуп  өттү.
  • 23-февраль « Ата Мекенди  коргоо күнүнө»  карата  УКГнын  6-класстары  арасында  «Мен  мекенимдин  сакчысы»  темасында  конкурс  болуп  өттү.  Конкурстун  максаты:  окуучулардын Ата Мекенге  болгон  сүйүүсүн, патриоттук  сезимин  өстүрүү, бири-бирин  колдоо менен  ынтымактуулукка  тарбиялоо.
  • 5-март  ак  калпак күнүнө  карата  « Ак  калпак  Ала-Тоонун  символу »  темасында  маданий  иш-чара  жогорку  деңгээлде болуп өттү. Бул  иш-чарага  10-класстын  окуучулары  активдүү  катышып  чоң  көлөмдөгү  калпактын  6 түрүн  өз  колдору  менен  даярдашты. Ар бир  калпактын  түрүнө  жараша  маанисин чечмелеп беришти.
  • 8-март эл аралык айымдардын күнүнө  карата    «Эне  сага  кандай  мактоо  жарашат»  темасында  ата-энелерден  түзүлгөн  апалар  тобу жана  мугалим  эжейлерден  түзүлгөн  апалар  тобунун  «Шайыр  апалар» конкурсу   болуп  өттү. Бул  конкурстун  негизги максаты:  ата-эне  менен  мектептин  ортосундагы  байланышты  бекемдөө жана окуучуларга  кыргыз  элинин  каада-салт, үрп адаттары менен тааныштыруу, үйрөтүү.
  • 21-март Нооруз күнүнө  карата « Салам сага санжыралуу  Ноорузум » темасында майрамдык  маданий иш-чара болуп  өттү. Ата бабалардан мурас болуп келе жаткан  каада- салттарды унутта калтырбай  улантуу  менен  11-класстын окуучулары  сүмөлөк  кайнатып, улуттук оюндарды ойношту. Гимназиянын  таланттуу  окуучулары  тарабынан  даярдалган  коцерттик  программа  жогорку  деңгээлде  болуп  өттү.
  • Улуу Жеңиш күнүнө  карата  Свердлов районунда  жашаган  согуш ардагерлерине, тылдын ардагерлерине   майрамдык парад жана  майрамдык  концерт уюштурулду.
  • 6-май «Гимназия күнү» салтанатына   мектеп  администрациясы  окуучулар менен  кызуу даярданып, салтанат  жогорку  деңгээлде өткөрүлдү.
  • 25-май  «Акыркы  коңгуроо» салтанаттуу  линейкасы дагы  жогорку  деңгээлде  ɵткɵрүлдү.

 

 

 

 

2018-2019-окуу  жылында УКГнын  окуучуларынын  социалдык абалы такталып,

толуктоолор киргизилип, төмөнкү тизме түзүлдү:

 

Социалдык  абал

саны

Социалдык абал

саны

Толук  жетим

11

Атасы  инвалид

35

Жарым  жетим

127

Апасы  инвалид

15

Көп  балалуу

305

Ата-энеси  пенсионер

89

Аз  камсыз үй  бүлөө

96

Инвалид  окуучу

3

Толук  эмес  үй  бүлөө

243

Иштеген  окуучу

3

Ата-энеси  чет өлкөдө

95

Афган ардагери

Баткен

7-апрель

5

12

11

Бирөөнүн колунда

108

Менчик  үйү жок (квартирада)

290

Ички мигрант

33

Мечитке  барган  окуучулар

72

Сырткы мигрант

16

Хиджаб  кийгендер

4

 

Социалдык  абалы  начар, жардамга  муктаж  окуучуларга УКГнын  соц. педагогу  Малиева Ж.Э  «Кайрымдуу  инсан»  уюму  менен  тыгыз  байланышта  иштеп 375  окуучуга  гуманитардык  жардам  кɵрсɵтүлдү.

Укук  жана  милдеттер  менен  тааныштыруу  иш-чаралары  соц.педагог менен  бирдикте ɵткɵзүлдү.

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru