Профессор А. Молдокулов атындагы УИМТЛдин ПСИХОЛОГИЯЛЫК ИШ-ЧАРАЛАР боюнча акыркы 3 жылга талдоо

Профессор А. Молдокулов атындагы УИМТЛдин ПСИХОЛОГИЯЛЫК ИШ-ЧАРАЛАР

боюнча акыркы 3 жылга талдоо

 

2016-2017 окуу жылындагы психологиялык иш чаралардын отчёту

Психодиагностика

УКГнын 1-классынын мектепке адаптациясын аныктоо боюнча өтүлгөн тесттин жыйынтыгы

класстар

төмөн

орто

жогору

1

1 «А» Түлөбаева Бегай

2%

23%

73%

2

1 «Б» Токтомамбетова Жылдыз

2%

43%

54%

3

1 «В» Момункулова Ирина

11%

26%

62%

4

1 «Д» Мусаева Аманбү

14%

16%

69%

5

1 «Ж» Бөкөнбаева Зульфия

0

19%

81%

6

1 «З» Түлөбаева Аида

37%

31%

31%

7

1 «И» Тилемишова Фарида

5%

20%

75%

8

1 «К» Узакматова Мээрим

7%

34%

57%

төмөн

орто

жогору

9%

26%

62%

             
  • 5-класстарда Окуучулардын мектепке ой жүгүртүүсүн, психо-эмоционалдык абалын  аныктоо боюнча тестирлөө жүргүзүлүп,  куратолорго окуучулардын мектепке адаптациясы боюнча психологиялык сунуштар берилген
  • 10-класстарда окуучунун мектепке мотивациясын аныктоо боюнча тестирлөө жүргүзүлгөн

УКГнын 10- класстар үчүн алынган «Окуучунун мектепке болгон  мотивациясын аныктоо» үчүн өткөрүлгөн тестинин жыйынтыгы

 

10 га1

10 т

10га2

10гк

10м3

10м1

10м2

А) Коомдук пайдалуулук үчүн

13%

8%

0

0

20%

0

9%

Б) Өзүнүн пайдасы үчүн

17%

8%

17%

12%

20%

6%

0

В) Маектешүүгө кызыгуу, сабактан тышкаркы кызыгуулар

30%

12%

11%

0

6%

13%

36%

Г) Класстын маанилүүлүгү, класс үчүн гана

39%

8%

23%

6%

20%

20%

55%

Д) сабакка, мектепке кызыгуусу жогору болгон үчүн

21%

12%

5%

25%

6%

40%

63%

Е) кыйноо менен, милдеттүү болгон үчүн

13%

72%

64%

69%

53%

46%

0

  • УКГнын ички көзөмөлүнө алынган окуучулардан окуучунун ички эмоциялык абалын, психоэмоционалдык абалын, агрессивдүүлүгүн аныктоо боюнча ТИ боюнча директордун орун басарынын сунушу менен тестирлөө жүргүзүлүп, жыйынтыкталган.
  • Кафедра башчылары үчүн мугалимдин профессионалдык багытын аныктоо боюнча тренинг –семинар өтүлүп кафедрада жүргүзүү сунушталган. Кафедрада информатика кафедрасы гана өтүп жыйынтыгын тапшырышкан.
  • 9 м1-классынын окуучуларынан окуучулардын психоэмоциялык абалын аныктоо үчүн көп функционалдуу Кеттэл тестти алынып жыйынтыкталган жана кураторуна тиешелүү сунуштар берилген.
  • 3-класстар арасында окуучулардын интеллект деңгээлин аныктоо үчүн Равен стандарттуу матрицасы алынган
  • Билим сапаты боюнча төмөн болгон класстардан окуучулардын мектепке болгон мотивациясын аныктоо боюнча тестирлөө жүргүзүлгөн жана ар бир көзөмөлдөгү класттарга бөлүнгөн администрация мүчөсүнө жыйынтыкталып берилген.

 

Жалпы 8-класстардын темперамент тибин аныктоо боюнча тестирлөө жүргүзүлгөн

8-класстардын темперамент тибин аныктоо тестинин жыйынтыгы

 

2017-жыл.

классы

куратору

меланхолик

флегматик

сангвиник

холерик

8м2

Осекова Динара

6%

50%

44%

25%

8м3

Шамбетова Көкүл

25%

54%

45%

37%

8м4

Айдарова Бүсалима

0

66%

22%

29%

8га

Айтбаева Айчүрөк

6%

43%

34%

17%

8гн

Козубаева Айнура

5%

20%

10%

10%

8гк

Жусубалиева Айгүл

12%

40%

40%

20%

Айдаралиева Гүлайым

0

63%

44%

15%

 

  • 9-класстар үчүн окуучунун кесипке багытын аныктоо боюнча тестирлөө өтүлгөн
  • 2-класстар ичинде окуучулардын көңүл буруусун аныктоо боюнча психодиагностика өтүлгөн
  • 2-класстар ичинде окуучулардын көңүл буруусун аныктоо үчүн тестирлөө өтүлгөн
  • 7м3-классында окуучулардын ички психоэмоциялык жана сексуалдуулукка кызыгуу жөндөмдүүлүгүн аныктоо боюнча психологиялык диагностика жүргүзүлүп, кураторуна тиешелүү сунуштар берилген.  Куратордун байкоо жүргүзүүсүндө окуучулардын жыныстык мамиле боюнча видеороликтерди көрүүсүнүн негизинде кураторунун кайрылуусу менен жүргүзүлгөн.

 

4-класстарда окуучулардын интеллект деңгээлин аныктоо үчүн Равен стандарттуу матрицасы жүргүзүлүп жыйынтыкталган.

  • 8 т-классныны билим сапатынын төмөн болгонуна жана тартиби боюнча куратору Айдаралиева Г.Н. сунушу менен окуучулардын депрессиялык абалын, агрессивдүүлүгүн, темперамент тибин, тынчсыздануу абалын жана сабактардагы кездешкен проблемалары боюнча анкета алынып, тиешелүү психологиялык сунуштар кураторуна берилген.
  • 1-класска 2017-жылы кабыл алына турган окуучулардын окууга даярдыгын аныктоо бонча психологиялык изилдөө жүргүзүлгөн. 

Психокоррекция

  • 5-класстарга «Жай кыймылдоонун коштоосунун жыйынтыгы –жалкоолук» темасындагы тренинг класстарда өтүү үчүн кураторлорго сунушталган.
  • Кафедра башчыларына мугалимдин профессионалдык багытын аныктоо боюнча семинар тернинг өтүлүп, кафедрада өтүү сунушталган.
  • Мугалимдер үчүн методикалык иштер боюнча директордун орун басары М. Асанованын сунушу менен «Кеменин капитаны» темасындагы тренинг өтүлгөн.

 

Психопрофилактикалык иштер

  • 1 жана 5 класстардын кураторлору үчүн окуучунун мектепке адаптациясын жогорулатуу үчүн психологиялык сунуштар берилген
  • Инстаграмм оюндары боюнча ата-энелер үчүн балдарын коргоо максатында сунуштар берилген.

Жеке иш алып баруу

  •  Жалпы гимназия боюнча психологиялык кеңештин катталып  70 окуучуга өтүлгөн ишчаралар: кеңеш берүү, эмоционалдык разгрузка, релаксациялык, медитациялык көнүгүүлөр өтүлгөн.

 

 

 

2017-2018-окуу жылындагы психологиялык иш-чаралардын отчету

Психодиагностика

Чейрек

Класс, кафедра

Багыты, колдонулган методика

Жыйынтыгы

1 чейрек

педколлектив

«Коллективдин психологиялык климатын аныктоо» боюнча ар бир кафедрада тестирлөө жүргүзүлгөн, Е.И. Роговдун «Коллективдин психологиялык климатын аныктоо» тести колдонулган

Жалпы мектептин психологиялык климатын аныктоодо

  • Психологиялык жагымдуу климаттын жогорку деңгээли 32%
  • Психологиялык жагымдуу климаттын ортоңку деңгээли 45%
  • Психологиялык жагымдуу климаттын  төмөнкү деңгээли 16%
  • Психологиялык жагымсыз климаттын төмөнкү деңгээли 5%
  • Психологиялык жагымсыз климаттын ортоңку деңгээли 0
  • Психологиялык жагымсыз климаттын жогорку  деңгээли 0

Сунуш: ар бир кафедрада коллективди ынтымакка чакыруу үчүн психологиялык семинар –тренингдерди жыл ичинде өтүү. Психолог тараптан ар бир кафедрада «Дүйнөнү өзгөртөм десең өзүңдөн башта» деген темада тренингдер өтүлгөн. Кафедраларга сунуш берилген кафедрадагы мугалимдерди ынтымакка чакыруу боюнча тренингдерди өтүү, өтүлгөн тренинг информатика кафедрасында гана Асаналиева Чолпон жогорку деңгээлде өткөн.

 

 

5-класстар

Окуучунун мектепке адаптациясын аныктоо, тынчсыздануу деңгээлин аныктоо

Жалпы 5-класстардын адаптация убагындагы тынчсыздануу абалы

  • Тынчсыздануунун төмөнкү деңгээли 43%
  • Ортоңку деңгээли 46%
  • Жогорку деңгээли 11%
  • Класстардын ичинен тынчсыздануусу жогору болгон класс 5гн-классы болгон, куратору: Ибраимова Дилбара. Класста иш алып баруу боюнча психологиялык сунуштар берилип, психологиялык тренингдер жүргүзүлгөн.

Сунуш: тынчсыздануусу жогору болгон окуучуларга өзгөчө көңүл буруп, түшүнүү менен мамиле кылуу сунушталган жана ар бир окуучунун психологиялык абалы боюнча кураторго түшүндүрмөлөр берилген.

1-класстар

Окуучунун мектепке адаптациясын аныктоо

Жалпы 1-класстарда адаптацияны аныктоо боюнча кураторлор үчүн тестер алынган.

  • Адаптациянын жогорку деңгээли 68%
  • Ортоңку деңгээли 26%
  • Төмөнкү деңгээли 6%
  • Адаптация төмөн болгон окуучулар көп болгон класстар  1-б классы куратору Бекбоева Гүлайна, 1-г классы куратору Султанбаева Назгүл, 1-в классы Бекбоева Гүлмира бул класстардагы окуучулар менен жеке иш алып баруулар жүргүзүлгөн, кураторлорго тиешелүү психологиялык сунуштар берилген.

 

10-класстар

Окуучунун мектепке адаптация убагында окуучунун психо-эмоциялык абалын  аныктоо

Айзинк тести

Окуучунун психологиялык абалын аныктоо үчүн тесте мотивацияны, тынчсызданууну, фрустрация, агрессия, импульсивдүүлүктү аныктоо камтылган.

Жалпы 10-класстар ичинде тесттер жүргүзүлүп, төмөнкү жыйынтыктарды көрсөткөн

Мотивация  -   төмөнкү – 27%; орто-33%; жогору-40%

Тынчсыздануу - төмөнкү – 20%; орто-56%; жогору-24%

Фрустрация - төмөнкү – 47%; орто-47%; жогору-6%

Агрессия  - төмөнкү – 40%; орто-46%; жогору-14%

Импульсивдүүлүк - төмөнкү – 25%; орто-60%; жогору-15%

Сунуш: ар бир класстын куратору менен окуучулардын психологиялык абалы тааныштырылып, психологиялык сунуштар берилген.

 

2-чейрек

3-класстар

Окуучунун интеллект деңгээлин аныктоо

Равен стандарттуу матрицасы

Жалпы окуучулардын интеллект деңгээлинин көрсөткүчү

Жогорку- 48%

Ортоңку- 45%

Төмөнкү -7% түзгөн.

Сунуш: окуучулардын интеллект деңгээлин өстүрүү  үчүн  ар кандай логикалык тапшырмаларды, ой жүгүртүүчү тапшырмалар менен сабакты окуучуларга кызыктырып өтүү.

 

8-класстар

Окуучулардын психо-эмоционалдык абалын аныктоо

Айзинк тести

Жалпы 8-класстардын жыйынтыгы

Тынчсыздануу- 11%

Фрустрация- 8%

Агрессивдүүлүк- 6%

Берилген багыттар боюнча жогорку деңгээлди көрсөткөн окуучулар менен жеке иш алып барылган. Кураторлоруна тиешелүү мамиле кылуу боюнча психологиялык сунуштар берилген.

 

3 чейрек

6-класстар

Окуучунун тынчсыздануу абалын аныктоо

Филлипс тести

6-класстар ичинде өтүлгөн тест окуучунун тынчсыздануу абалынын эмнеден тынчсызданып, коркуу сезими пайда болгондугу аныкталган. Жалпы окуучулардын көрсөткүчү

  • Ийгиликке жетүү үчүн фрустрация- 11%
  • Социалдык стресстен коркуу-33%
  • Мугалимдерден коркуу- 8%
  • Мектептеги жалпы тынчсыздануу- 11%
  • Өзүн көрсөтүүдөн коркуу- 8%
  • Билимин текшертүүдөн коркуу- 14%
  • Чөйрөдөгү адамдардын күтүүсүн актабай калуудан коркуу – 27%
  • Стресске туруштук берүүнүн төмөндүгү- 29%

Ар бир окуучу жөнүндө кураторго маалымат, психологиялык сунуштар берилген. Тынчсыздануусу жогору болгон окуучулар менен жеке психологиялык кеңеш, коррекциялык иштер жүргүзүлгөн.

 

Мугалим

дер

Мугалимдердин интеллект деңгээлин, сүйлөшүү стилин аныктоо боюнча тест жүргүзүлгөн

Айзинк тести, сүйлөшүү стилин аныктоо тести

Интеллект деңгээлин аныктоодо көрсөтүлгөн жыйынтыктар. Жалпы 97 мугалим интеллект тестин жазган, анын ичинен

Төмөнкү-29%%, ортоңку-61%, жогорку- 10%

Сүйлөшүү стилин аныктоо боюнча жалпы 105 мугалим тест жазган анын ичинен

«Союз»- 48%, «Монблан»- 39%, «Робот»- 8%, «Китайская стена»-4%, «Локатор»-1%

 

5гк1 –классы

Куратору: Музаева Гүлай

Класстагы психологиялык климатты аныктоо

Класстагы окуучулар старостага жана кураторго болгон ой пикирлерин аныктоо үчүн алынган анкетада, жалпы класстын старостагы дагы кураторго дагы эч кандай пикир келишпестик, нааразычылыктар кездешкен эмес. Алынган анкетанын жыйынтыгы менен класста куратор дагы, староста дагы өз ишин улантуу сунушталган.

4е-классы

Куратору:

Иманалиева Турсунай

Куратордун класстагы окуучуларга мамилесин аныктоо

Анкетанын жыйынтыгында куратор класстагы окуучуларга түшүнүү менен мамиле жасап, окуучулардын бардыгы мугалимин жакшы көрөөрү аныкталды.

 

4 чейрек

1-класс

Окууга даярдыгын аныктоо

Керн Йиерасик тести

Окууга психологиялык жактан даярдыгы  жогору болгон окуучуларды кабыл алуу сунушталды

 

5-11-класстардын окуучулары

«Мугалим окуучунун көзү менен» анкета

Мектептин жалпы мугалимдери жөнүндө окуучулардын көз карашы менен мугалимдердин сабак өтүүсү, сабакта өзүн алып жүрүүсү, сабакты жеткиликтүү өтүүсү жөнүндө анкета алынып,  сабак учурунда башка нерселер менен алектенип сабак өтпөгөн, окуучуларды жаман сөздөр менен тилдеген, сабакты тажатма өткөн мугалимдерди кийинки окуу жылында тиешелүү чара көрүп, мугалимдик кесипке өзүн татыктуу алып жүрө албаган мугалимдерди мектептен четтетүүгө карата сунуштар берилген.

 

Семинар-тренингдер, докладдар

Чейрек

Класс, кафедра

Темасы

Жыйынтыгы

1-чейрек

Жалпы гимназиянын педколлективине

«Дүйнөнү өзгөртөм десең өзүңдөн башта» темасындагы семинар -тренинг

УКГнын ар бир кафедрасында метод күндөрүндө семинар-тренинг өтүлдү. Бул семинар-тренинг мугалимдерди ынтымакка чакырууга, бири-бирин колдоого чакырууга, жагымдуу маанай түзүүгө, ишке болгон мотивацияны жогорулатууга багытталган.

2 чейрек

Жалпы гимназия ичинде

«Психология жумасы»

Окуучулардын мектепке болгон мотивациясын, кызыгуусун жогорулатуу. Жагымдуу маанай түзүү, бири-бирин колдоого үндөө үчүн өткөрүлгөн жума коюлган максатына жетип, ийгиликтүү өткөрүлдү. Жумага активдүү катышкан класстар грамоталар менен сыйланышты.

 

Педколлектив

«Заманбап мугалимдин имиджи» темасындагы доклад

УКГнын мугалимдерин гимназияда өзүн алып жүрүүсү, маданияттуулукка, этикага багыттоо боюнча  доклад окулган

 

Кураторлор

«Суицид»

УКГнын кураторлоруна «Суицид» жөнүндө маалыматты  жана психологиялык сунуштарды класстагы окуучулардын ата-энелерине таратуу максатында доклад окулду.

 

3-чейрек

Жалпы гимназияда окуган окуучулардын ата-энелери

Башталгыч класс- «Гиперактив-дүүлүк»

5-7 -класстар-

«Агрессивдүү-лүк»

8-11-класстар

«Кесипке багыт берүү»

Семинарга катышуучу ар бир ата-энеге тиешелүү темада жана башка психологиялык маалыматтар камтылган папкалар даярдалып берилген. Ата-энелер семинарга абдан активдүү катышып, пайдалуу болгондугун билдиришкен. Папкада «Гиперактивдүүлүк», «Агрессивдүүлүк»,  «Кесипке багытты аныктоо», « Уюлдук телефондун психикага тийгизген таасири», «Компьютердин зыяндуулугу», «Жалкоолук менен күрөшүү» темасындагы психологиялык кеңештер берилген.

 

УКГга жаңы келген жана жаш мугалимдер үчүн

«Стресске туруштук берүү» темасында тренинг

Тренинг «Стресс» темасында өтүлгөн. Стресс абалында адам өзүн алып жүрүүсү жана аны кантип жеңүү үчүн психологиялык сунуштар берилген.

4-чейрек

4-класстын окуучулары, кураторлору, ата-энелери

Экзаменге даярдануу үчүн психологиялык сунуштар

Экзамен алдында окуучу өзүнө психологиялык жардам көрсөтүүсү, куратор кандай жардам берүүсү, ата-эне баласынын экзаменге даярданууда үйдө кандай жардам берүүсү жөнүндө психологиялык сунуштар берилген. 

      Мындан тышкары жеке суроолор менен кайрылган окуучу, ата-эне, мугалимдер менен психологиялык кеңеш берүүлөр өтүлгөн.

      

2018-19-окуу жылындагы психологиялык иш чаралардын отчету

Психодиагностика

1, 5, 10-класстарда окуучунун мектепке болгон адаптациясын аныктоо боюнча психологиялык диагностика жүргүзүлүп, жыйынтыктары 1-чейректин аягында директор алдындагы кеңешмеде тааныштырылып, тиешелүү психологиялык сунуштар айтылган.

 УКГнын тартип бузуу боюнча көзөмөлгө алынган окуучуларына психо-эмоциялык абалын аныктоо үчүн психологиялык тест жүргүзүлгөн .

Билим сапаты төмөн болгон класстардын мектепке болгон мотивациясын, интеллект деңгээлин, психологиялык абалын аныктоо үчүн психологиялык диагностика жүргүзүлгөн, атап кетсек 10-м2 классы, 7- гк2, 8-га3 класстарында.

  • Жалпы 6-7-8-класстардан план боюнча алынуучу тестирлөө жүргүзүлүп, 6гк2-классы куратору Асаналиева Чолпон, 6га1-классы куратору Иманкулова Дамира, 6га2-классы куратору Арунова Ырыскан, 6га4-классы куратору Өзүбекова Нурзат класстарынан окуучунун темперамент тибин аныктоо боюнча тест жүргүзүлүп, аныкталган. 7-класстардын ичинен 7га2-классы куратору Канаева Назгүл, 7га3-классы куратору Асанканов Добулбек, 7гн2-классы куратору Кылычбекова Бегайым, 7гк2-классы, куратору Мамбеталиева Дамира, 7га4-классы, куратору Батыркулова Миргүлдүн класстарына кураторлорго сунушталган окуучунун мектепке мотивациясын аныктоо тести жүргүзүлүп, тапшырылган.  8-класстардан окуучунун мектепке мотивациясын, психологиялык абалын, темперамент тибин аныктоо тесттери жүргүзүлгөн.
  • 6-класстардын окуучуларынан  алынган темперамент тибин аныктоо тестинин жыйынтыгы:

Холерик

11%

Сангвиник

54%

Флегматик

16%

Меланхолик

18%

 

Сунуш: Негизинен сангвиниктер болгондуктан жоопкерчиликти жогорулатуу,  баштаган ишин аягына чыгууга багыттоо, биргеликте иш алып барууну үйрөтүү, бири-бирине жардам берүүгө чакыруу, сангвиник сапатты эмес, утууну, жеңип чыгууну көздөгөн, өзүмчүл адамдар болгондуктан, аларга башкалардын баалуулугун, классташтары менен бирге иш алып барууга чакыруу, башкалардын оюн баалаганды, алар менен кеңешип иштөөнү үйрөтүү. 

8-класстардын окууга болгон мотивациясын аныктоо үчүн жүргүзүлгөн тестинин жыйынтыгы

 

Негативдүү мамиле

Сабактан тышкаркы нерселерге кызыгат

Окуудагы нормалдуу мамиле

Окууга кызыгуу, мотивациянын жогорку деңгээли

Тест жазган окуучунун саны

8га2

29%

38%

29%

2%

34

8гн1

29%

44%

22%

3%

27

8гк2

14%

32%

38%

14%

34

8га3

13%

47%

25%

13%

36

 

Сунуш: негизги көрсөткүч болуп экзальтированный  жана эмотивный тип көрсөтүлүп тургандыктан биздин педагогдордун айрымдарына эмоционалдуулук абдан жогору экендиги аныкталат.

Коркунучу: пикир келишпестик учурларда, түшүнбөстүктөрдө бири-бирин уга билбей, чоң конфликти пайда кылышат. Ошол учурларда эмоцияны алып койсок, ал эми маселени эмоциясыз эле чечсе болот, ал эми  эмоциясыз маселени чечүүдө эки тарап бири –бирин түшүнүү менен кабыл алып, жагымсыздыктар пайда болбойт.

Психоконсультация

Жеке кайрылуулар өтө көп кайрылган, негизинен конфликт абалдары.

Сунуш: сабак учурунда кайрылган ата-энелерди сабактан кийин жолугууга чакыруу, ата-энелер менен тиешелүү субординацияны сактоо, окуучун көзүнчө педагогдор бири-бирине сый мамиле көрсөтүү, окуучунун суроолоруна  негативдүү  эмоцияны көрсөтпөй жооп берүүгө үйрөнүү, өзүбүздүн педагог экенибизди жогору сактоо.

Семинар-тренингдер

  1. УКГга жаңы келген жана жаш мугалимдерине «Заманбап мугалимдин имиджи» темасындагы семинар
  2. УКГда «психология жумасы» жогорку деңгээлде өткөрүлдү.
  3. Ата-энелер үчүн

«Мүмкүн сен кээ бирөөгө жөнөкөй адамсың, кээ бирөөго бүткүл ааламсың»

темасындагы семинар администрация менен биргеликте өтүлдү.

  1. УКГнын администрация мүчөлөрү үчүн жаратылышта «Менин бакчам» темасындагы тренинг жогорку деңгээлде өткөрүлдү.

 

 

 

Акыркы 3 жыл боюнча окуучулардан алынган  «Мугалим окуучунун көзү менен» темасындагы жүргүзүлгөн анкетанын салыштырма анализи

Анкета 5-11-класстын окуучуларынын ичинде жүргүзүлгөн. Анкетада мугалимдин сабакты өтүүсү, сабак учурунда өзүн алып жүрүүсү, сабак учурунда окуучуларга кылган мамилеси камтылган суроолордон түзүлгөн.

Багыты

2016-17

2017-18

2018-19

1

Сабакты кызыктуу өткөн мугалимдер 

31%

38%

45%

2

Окуучунун ишенимине ээ болгон  мугалимдер

19%

20%

30%

3

Окуучуга жагымдуу болгон мугалимдер

44%

50%

62%

4

Көп урушкан жана жагымсыз сөздөрдү пайдаланган мугалимдер

46%

47%

23%

5

Сабак учурунуда башка нерселер менен алаксыган, сабакка көп көңүл бурбаган мугалимдер

23%

30%

11%

6

Сабагы кызыксыз жана тажатма мугалимдер

35%

31%

7%

 

Анкетанын жыйынтыгы менен администрация тараптан сабак учурунда 4, 5, 6 багыттар боюнча чара көрүүлөр

2016-17- окуу жылы

2017-18-окуу жылы

2018-19 –окуу жылы

Катасын оңдоого администрация тараптан оозеки эскертүүлөр берилди

Окуучуларга туура мамиле кылбаган мугалимдер тууралуу психолог тараптан директорго, мугалимдердин комплектование учурунда кызматына туура мамиле кылбагандыгы үчүн психолог тараптан жумуштан четтетүүгө сунуштар берилген

Кураторлор ишин так эмес жана окуучулар менен тил табышууда кыйынчылык менен иш алып барган кураторлорду мектеп администрациясына психолог тараптан  куратордук милдеттен бошотууга сунуш берилген

 

Акыркы 3 жылда УИТМЛдин ата-энелери үчүн мектеп жөнүндө анкетасынын анализи

Багыты

2016-17- окуу жылы

2017-18-окуу жылы

2018-19 –окуу жылы

1

Мектептин материалдык техникалык базасынын абалы жакшырды

35%

50%

72%

2

Билим сапаты жакшырды

41%

48%

58%

3

Окуучулардын тартиби жакшырды

36%

39%

40%

4

Баласына көңүл буруусу жогору (үй-тапшырма жазууда, сабакка катышуусун контролдоодо, сабагына катышууда, мектептин коомдук иштерине катышуу) болгон ата-энелер

38%

46%

62%

Анкета ушул 4 багытты  камтыган суроолордон түзүлгөн жана көрсөтүлгөн пайыздык көрсөткүчтөрдү берген. Психолог тараптан мектептин администрациясына, кураторлорго мектепте окуучулар үчүн жагымдуу маанайды чакырган, ата-энелердин мектепке болгон көз карашын жакшыртуу жана биргеликте иш алып баруулары үчүн психологиялык семинар-тренингдер жүргүзүлүп турат.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru