Жемиштүү мугалимдин бейнеси

 «Жемиштүү мугалимдин бейнеси»

Биз кандай болсок, балдарыбыз ошондой болот.

Дороти Монте

                Физика мугалими Камчыбекова Г.А.

Мугалим –бүтүндөй бир муунду, келечекти калыпка салган кеменгер. Анын жетишкендиги кайсы бир мезгилди оңдогондой болсо, кемчилиги кайсы бир мезгилди талкалагандай болот. Ар бир баланын келечеги, жашоого болгон көз карашы, турмушка болгон даярдыгы мугалимдин эмгегинен көз каранды.

Ошондуктан мугалимдин адамзат турмушундагы орду эбегейсиз.

Баланын турмушка даяр болушунда  –ата-энеден кийинки эле орунда мугалим тураары белгилүү.

Мугалимдик кесип-дүйнөдөгү эң жоопкерчиликтүү, түйшүктүү, гумандуу  кесип.

Андыктан мугалимди мамлекеттин, андагы социалдык жана маданий абалдын өнүгүүсүнө түрткү болчу күч катары караса болот.

Адам-бул өтө татаал маалыматтык энергетикалык система.

Ошо Раджниш.

Мугалидик кесиптин татаалдыгы мына ушул өтө татаал энергетикалык система менен иштөөсүндө.

 Жашоого жаңы келген окуучунун адептик аң-сезиминин өнүгүүсү, рухий дүйнөсүнүн тазалыгы, көз карашынын туура калыптанышы - мектеп мугалимдеринин аң-сезимдүүлүгүнөн, көз карашынан, ойчулдугунан, педагогикалык чеберчилигинен көз каранды.  Педагогдордун дүйнө таанымы, билиминин потенциалы, оптимизми –бул тарбиялаган  окуучуларынын эле эмес, мамлекеттин эртеңки келечегин аныктайт.

Мугалимдин эң мыкты деңгээлде өсүп-өнүгүшү билим берүүнүн сапатын жогорулатат. Ал эми сапаттуу билим берүү мамлекеттин өнүгүшүнө салым кошот.Чындыгында мугалимдер жалгыз гана окуучуларга билим бербестен жалпы мамлекетке же улутка таасир этет.

Ал эми сапатттуу билим берүү өзүн ар тараптуу өнүктүргөн кесипкөй мугалимдин аракети менен гана ишке ашат.

Андыктан ар кайсы доордо, ар кайсы мезгилде өз талаптарына ылайык идеалдуу, заманбап мугалимдин  бейнесин түзүп келишкен. Биз дагы азыркы мезгилге ылайыкталган заманбап жана  жемиштүү мугалимдин бейнесин түзгөнгө аракеттенип көрөлү.

Ийгиликтин биринчи шарты-алектенген тармак жөнүндө толук маалыматка ээ болуу

Бенжамин Дизреали

I. Мугалимдин имиджи.

Мугалимдин имиджине –кийген кийиминин тыкандыгы, кийиминини жарашыктуулугу, сырткы келбетинин жасалгалуулугу,  кармаган буюмдары, көтөргөн портфели, аксессуарларынын жарашыктуулугу ж.б. Бул жөнүндө психологдор көп эле жолу маалыматтарды берип жүрөт. Мен бул маселеге токтолбой эле бир аз кошумчалап кетейин.

Адамдар эң алгач бирөө менен таанышканда алгач таанышкан адамдын сырткы келбетине көңүл бурабыз. Ал биз кааласак каалабасак аң-сезимибиз ошондой кабыл алат. Эгер жаңы таанышкан адам жүдөп турса биз ал адам менен ачык же сый мамиледе сүйлөшүүнү токтотобуз. Ошондуктан жаңы жумушка кирерде, бирөө менен маанилүү маселени чечээрде сөзсүз имиджибизге көңүл буруу зарыл. Ошол сыяктуу эле алгач класс алганда же ата- энелер менен таанышууда өз имиджибизге көңул буруу эң орчундуу маселе.

Мугалим сабакка киргенде окуучуларды ар дайым жакшы маанайда тосуп алуусу да чоң орунду ээлейт. Уйкусурап, ныксырап, ордунан турбай, кабагы салыңкы, ачулуу, кээде ар кандай жыттанып турганы окуучуларды иренжитээри белгилүү.

 

I I . Оратордук чеберчилиги.

         Андан сырткары оратордук чеберчилик да мугалим үчүн маанилүү сапаттардын бири. Мугалимдин  үнүнүн тону, даана, так, түшүнүктүү, мазмундуу сүйлөөсү, дикциясы, жести.

Мугалимдин үнү таасирдүү жана жагымдуу болушу керек.  Үн монотондуу болбошу керек. Монотондуу үн да жагымсыз болот. Маалыматка жараша ички сезимдерди  чагылдырып, үндүн тону сезимге жараша өзгөрүп турушу абзел.

Окуучуларга ыңгайсыздык жаратпаш үчүн үндүн катуулугуна да көңүл буруу керек. Өтө кыйкырып да же өтө акырын да сүйлөбөш керек, өтө акырын сүйлөсөк, арткы партада отурган окуучулар укпай калышы мүмкүн.

Мугалим сүйлөшүп жатканда эмиии, немеее, ошооо, мммм, ж.б. ашыкча тажатма сөздөрдү кошпогонго аракет жасоо керек.

Андан соң, сүйлөө ылдамдыгы. Адамдын сүйлөө ылдамдыгы мүнөтүнө 120-180 сөздү түзөт.

 Пикир алышуу таасирдүү болушу үчүн көз караш, жест, мимика кыймыл аракет да шайкеш келип тууруусу керек.

Мугалим эң алгач ыймандуу, адептүү,андан соң жөндөмдүү, андан соң адилеттүү болушу керек

Мехмет Акиф

 

I I I.  Мугалимдин инсандык сапаттары.

Балдар кеңеш сөздөргө кулагын жаап, үлгүлүү жүрүм турумга көзүн ачат.

Питер Бурвош

  1. Кесибине жана окуучуларына болгон сүйүү.

Билим берүүдөгү ийгиликтин көлөмү-билим берген адам менен билим алган адамдын ортосундагы сүйүүгө, сырдашууга, түшүнүүгө жана ишеничтин даражасына жараша болот. Бул нерселер канчалык күчтүү болсо, келечек ошончолук кубаныч тартуулайт.

Мумтаз Турхан

Мугалим алгач кесибин андан соң окуучуларын берилип сүйбөсө жакшы натыйжа бере албайт. Мугалимдин балдарга чын жүрөгүнөн берилгендигин окуучулар сезишет жана баалашат. Мугалим балдарга ата-энесиндей камкор болуусу керек. Ар бир бала өзүнчө дүйнө. Бардык окуучуңду жакшы ,жаман кылыктары менен бирге өз балаңды сүйгөндөй сүйсөң гана ал бала сага жан дүйнөсүн ачып берет. Ал дүйнө ачылганда гана сен ага керектүүнү бере аласын жана андан да өзүңө керектүүнү ала аласын. Ар бир окуучуга  кадыресе чон адамга мамиле кылгандай мамиле кыл. Эгер анын катачылыгы үчүн жазалагың келсе, анда өз балаңа эч качан жамандык каалабагандай эле, окуучуңа жаман болсун үчүн эместей мамилеңди көрсөт. Окуучуларыңды көп урушуп көр жеме болбо. Бирок бул мамиленин баары чын жүрөктөн болуусу керек, жасалмалуулук бат эле билинип калат.

 

Адамдар кайсы жашта болбосун , ар дайым сүйүүгө жана мээримге муктаж. Ошондуктан адамдар бизди сүйгөн жана мээрим төккөн, көңүл бурган  адамдарды жакын сезе баштайбыз. Жасалмалуулуктан алыс болгон «сүйүү» жана «мээрим» билим берүүнүн жана тарбиялоонун ийгилиги үчүн колдонулган эң негизги баалуулуктардан.

Сүйүүнү билдирген 3 белги.

  1. Көңүл буруу
  2. Угуу
  3. Маани берүү.

Окуучубуздун ийгилигине маани берип, колдоо корсөткөндө алардын жан дүйнөсүндө кубаныч, ишенич, каалоо пайда болот.

Мугалим окуучулар менен сүйүү жана сый урматка таянган мамиле түзө алса, анда мугалимдин кээ бир кемчиликтери да көзгө көрүнбөй калат. «Коркуткан мугалим» принцибинде сабак өткөн мугалимдердин сабагында окуучулар корккондугу үчүн уккандай болгону менен окуучунун бүтүндөй мүмкүнчүлүгү жабык бойдон калат. Тескерисинче, окуучуга өзүн сүйдүрүп, ал аркылуу окуучунун баалуулуктарын ача алган ган мугалим эң баалуу мугалим боло алат.

  1. Мугалимдин маанайы.

Класска жылмаю менен кирип шаңдуу саламдашуусу керек.  Мугалимдин кабагынын салыңкы болушу, ооруп тургандай, чарчаңкы көрүнүшү окуучулардын маанайын чөктүрөт. Эгерде чындап ооруп атса, окуучулардан кечирим сурап, түшүндүрүүсү керек. Андан соң  сабак башталганда окуучуларга маани берип жаткандай сезилсин. Сабак учурунда окуучулардын маанайына маани берүү абзел. Өзгөчө, сиз маани берип, алардын ар биринин психологиялык абалына көңүл бурганыңызда , алар муну сезишет. Келбеген окуучуларга «кж» коюп жатканда алардын эмне себептен келбегендигин сурап коюу керек.

Көз карашыңыз да туура болсун.

Көз бүтүндөй маалымат берүү булагы болуп саналат.

 

3.Сөзгө жана убакытка так болуңуз.

«Кыргызча тактык -5 мүнөт эрте».

                                          Медер Бишкек

Мугалим сабакка өз убактысында кирүүсү керек. Сиздин бул маселе боюнча кылдаттыгыңыз окуучулардын да сабакка убактысында кирүүсүнө  түрткү болот. Эгер мугалим сабагына кечигип калса, окуучулардан кечирим сурап, андан соң гана сабагын баштоосу зарыл. Мугалим өзү кечигип келип, анан окуучуларга сабакка кечикпей келүүсүн талап кылуу туура эмес.

Ошондой эле сабакта эмнени тапшырма берсе, ошол тапшырманы сурап окуучларга берген убадаларыңызга да өтө маани бериңиз. Эгерде окуучуларга бир нерсе тууралуу убада берсеңиз аны сөзсүз аткарыңыз.

4. Адилеттүү болуңуз.

Адилеттүүлүк – бул баланын мугалимине карата ишениминин негизи.

Окуучулар менен дайыма чынчыл мамиледе болуу менен мугалим адилеттүү болушу зарыл. Өзүңүздүн даана жана так белгиленген тартип стандарттарыңыз болсун. Бирок эрежелер менен чечимдерди окуучулар менен биргелешип кабыл алганыңыз максаттуу болот. Эгер кабыл алынган эрежелерге көңүл кош мамиле жасасаңыз, окуучулар да дал өзүңүздөй мамиле жасашат. М: танапистен кечикпей келүү, коңгуроодон кийин коридордо баспоо, кол көтөрүп жооп берүү, окуучунун оюн аягына чейин угуу, көңүл оорута турган сөздөрдү колдонбоо ж.б. Кабыл алынган чеимдерди аткарууда ар бир окуучуга адилеттүү мамиле жасоо керек.

 5. Мугалимдин пикир алышуусу.

Мугалим саламдашканда жана окуучуну сурап жатканда окуучуга аркасын салып же кырланып турбоосу керек. Мугалим окуучуну сурап жатканда окуучуну тулку бою менен бурулуп, алардын оюн бузбастан соңуна чейин угуш керек. Мугалим окуучуну сурап  жатканда, мугалимдин көңүл кош мамиле кылуусу, бир нерсе менен алектенүүсү, отуруп алып башка иш жасоосу окуучунун сабакка болгон кызыгуусун, андан ары айтып берүү мүмкүнчүлүгүн төмөндөтөт. Мугалимдин окуучуга тике карашы, анын өзүнө болгон ишенимин, окуучу мугалим үчүн маанилүү экендигин, күчтүүлүгүн арттырат.

 Окуучуну эч качан атаандашыңыздай кабыл албаңыз. «Сүйлөбө», «жап жаагыңды» ж.б. деген сөздөр менен урушкан мугалимден тарбияланган окуучу, өзүнө ишенимсиз өзүн төмөн сезген инсан болуп тарбияланат.

Өзгөчө жогорудагыдай мамиле кылган мугалимге окуучулар да каршы чыгат, кээде мугалим менен тирешүүгө алып келет. Окуучулардын көңүлүн оорутпаш үчүн, өзүнө да ыңгайсыздыкты жаратпаш үчүн мугалим окуучуга жылуу мамиле жасап, эгер окуучу сабакка даяр эмес келсе, же тентектик кылса, акырын  «мен сенден мындайды күткөн эмесмин», туура эмес кыймыл аракетин баса көрсөтүүсү керек.

Сабырсыз жана ачуулу мугалим окутууда өзү каалагандай натыйжа ала албайт. Эң кыйын учурда да сабырдуу болуп, өз сезимдерин башкара алган мугалим окуучуларга эң мыкты таасир калтыра алат. Ачуулу мугалимдерди окуучулар сүйбөйт бат-бат окуучулар мугалимдин ачуусун келтирүүчү  кыймыл аракеттерди жасашат.

Окуучугар ар дайым өз атын атап кайрылыңыз. Ар бир адам өз атын жакшы көрөт. Өз атын атап кайрылуу биринчиден сиз ага маани берип жатканыңызды билдирсе, экинчиден ага жоопкерчилик артылганын сезет. Окуучу класстан сырткаркы жерлерде салам атйканда сөзсүз турдо саламын кабыл алыңыз, эгер сиз анын саламын кабыл албай койсоңуз, кээде алаксып калсаңыз деле анын ичинде бир аз таарынуу сезими пайда болот да, ал экинчи сиз менен саламдашкысы келбей калат. Эгер саламын кайсы учурда болсо да кабыл алсанзы ал эки адамдын ортосундагы мамилени жакныдаткандай сыяктуу эле мугалим менен окуучунун ортосундагы мамилени жакындатат. Эгер ыраазычылыкка атын кошуп койсоңуз андан да жакшы болот. М: Саламатсынбы Айдай, рахмат.

 

6. Сабырдуу жана толеранттуу болуңуз.

Окуучуну эркин коюдан эч коркпо, эч бир окуучу эркелеп башыңа чыкпайт:адам жакшы көргөн адамын капа кылыштан өзүн этияттайт.

Алисан Капаликая

 

Окуучулардын класстын ичиндеги кылык жоруктарына ашыкча эле чек кое бербеңиз. Сабырдуу болууга аракет жасаңыз. Окуучулардын тамашалашуусуна, кулкүлөрүнө жана ар түрдүү кылык жоруктарына кандайдыр бир чекке чейин тушүнүүгө аракет кылыңыз.Окуучулардын ар бир кылык жоругун мугалим өзүнүн жеке аброюна шек келген нерсе сыяктуу кабыл алса, андай мугалим алсыз деп эсептелет. Окуучулардын жоруктарына ашкере дыкат кароо, чек коюу ар түрдүү көйгөйлөрдүн жана тартип бузуулардын пайда болушун шарттайт. Окуучулардын анча мынча кылык жоруктарына көз жумуп кою абзел.

Алар менен чектен ашпай тамашалашкандан тартынбаныз. Окуучуларды баласынтып, алар кызыккан нерселерге көңүл кош мамиле жасабаңыз. Мисалы; сабакка киргениңизде окуучулардын толкунданып турганын көрсөңүз аны маанисиз деп билип, дароо сабагыңызды баштабаңыз. Бир –эки мүнөт болсо да алар үчүн актуалдуу болгон маселеге көңүл буруп коюңуз.

Ал эми кылык жоруктары чектен ашып баратканда гана олуттуу маани берип, чекит кою жетиштүү болот.

 

7.  Жазалоону колдонуңуз бирок жазалоо үчүн шылдыңдабаңыз.   Окуучулардын сизге жакпаган кемчиликтери үчүн аларды шылдыңдаганга аракет кылбагыла. Класстын ичинде эч качан аларды кемсинте турган мамиледе болбогула.Сабак учурунда силер ойлогондой жоопту бере албай калса да аларды шылдыңдоого жол бербегиле. Тескерисинче,  «бүгүн бир аз даярдыксыз келиптирсин, бирок эмкиде сөзсүз даярданып келесин деп ойлойм»- деп шыктантып, окуучунун кийинки сабакка даярданып келүүсүнө шарт түзүү керек.

         Америкада студенттерге жүргүзүлгөн изилдөөлөрдө мугалимдерге тиешелүү терс сапаттардын биринчиси- окуучуларды шылдыңдоо экендиги аныкталган. Изилдөөчүлөр классташтарынын алдында шылдыңдоого дуушар болгон окуучунун кыймыл аракетинде жана кулк мүнөзүндө 8 эсе артка кетүү байкалгандыгын айтышкан.

8. Окуучунун өзүнө болгон ишенимин арттырууга жардам бериңиз.

Окуучунун ар бир иш аракетин баалаганга аракет кылып. Ал аткарып келген ишке маани бериңиз. Сиз берген тапшырманы окуучу балким бир саат же жарым күн даярдады. Сиз ага маани берип, көңүл бурганда ал өзүнө ишеним артат. Окуучунун эмгегине маани берилбей калган кезде ал мугалимге да, өзүнө да болгон ишеними жоголот.

Конспекти текшерүүнү мисал алсак болот.

9.  Катаңызды моюнга ала билиңиз. Өзүнүз кетирген ката үчүн окуучудан кечирим суроо –сиздин аброюңузду көтөргөндөн башка зыян алып келбейт. Эгер кандайдыр бир адашуунун натыйжасында сиз окуучуну туура эмес бааладыңыз же урушуп койдуңуз. Бирок бир нече убактан соң, сиз чындыгында туура   кылганыңызды, окуучуда күнөө жок экендигин билдиңиз андай учурда ынгайы келсе жалпы окуучулардын алдында же жеке өзүнөн кечирим суроо керек.

10. Мугалимдин окуучуну мактоодогу сыйкырдуу күчү.

Адам табиятынын эң терең чекити – мактоого көз каранды болушу.

Виллиам Жеймс

Байыртан адамдар «талант мактоо аркылуу жаралат» дешкен. Мактоодон алган дем күч бул өзүбүздү алдоо эмес, чыныгы күч болуп саналат.Мактоо бугүнкү күнгө чейин тушүндүрүлүп бүтпөсө да, ал физикалык энергияны сыртка чыгаруучу күчкө ээ экендиги талашсыз. Бирок мактоону чын көнүлүңүз менен айтыңыз. Жасалма мамиле оңой эле байкалат жана мамиле сизге да жана башка адамдарга да пайда алып келбейт. Мактоону туура колдонуу менен окуучуну шыктандырсаңыз же мотивация берсеңиз болот.

11. Мугалим - мамиле куруунун устаты.

Адамдар бири-бирин түшүнүп, бири-бирин сүйүү үчүн мамиле жетиштүү деңгээлде болуш керек. Мамиленин  жоктугу жалгыз гана пикир келишпестикке жана бактасыздыкка себеп болот.

Озкан Колчел

Мугалим ийгиликке жетиш үчүн сезимталдуулук, тажрыйбалуулук жана эр жүрөктүк аздык кылат.

Ал үчүн эң башкысы мамиле куруунун да устаты болуу керек. Мыкты мугалим табиятынан берилген бай тажрыйба жана терең билим менен сугаргандай эле окуучулар,ата-энелери жана кесиптештери менен болгон мамиленин жол-жоболорун өнүктүрүүсү зарыл.

Пикир алышуу оной олтоң иштей көрүнгөнү менен ал өтө татаал процедура. Пикир алышуу ,угуу, жооп берүү, толкундоо, өзүндү пикирлешиңдин ордуна коюп көрө билүү жана оюбузду жеткиликтүү түшүндүрүүдөн өткөн татаал иш жок болсо керек. « Мен айттым, түшүндүрдүм.» Мага тиешелүү болгон жумушту аткардым, деген түшүнүк туура эмес. Бул учурда айдоочу менен салыштырсак болот. Элестетиңиз, айдоочу жолдо баратып, өзүнөн башка эч бир унаа жоктой мамиле кылса, жол кырсыгы болору аныкпы? Пикирлешкен адамдын оюн эске албастан буйрук берип, оз билгениндей каалагандай мамиле жасаса пикир келишпестиктер келип чыгат. Ал пикир келишпестиктер чыр- чатакка айланып, таарынгандар, чырдашкандар, урушкандар, ажырашкандар болот. Мугалим пикир алышуунун эң тажрыйбалуу устаты болушу керек.

Бул абдан чон тема, ошондуктан бул жерде кыскартуу киргиздик.

12. Ата-энелер менен тыгыз иштөөсү жана мамиле куруусу.

Азыркы учурда мугалимдер арасында окуучудан дагы ата-эне менен иш алып баруу кыйынчылыкты туудуруп баратканы жашыруун эмес.

Ата-энелерди эки бөлүп караса болот:

Кээ бир ата-энелер баласы кандай болсо, кемчиликтери менен кошо кабыл алат

Экинчиси, баласынын кемчиликтерин эч качан көргүсү келбей, жалаң гана жакшы  дегенин уккусу келгендер.

Ата-энелер менен мамиле курууда төмөнкү эрежелерди сактаганга аракет жасаңыз.

  1. Сылык мамиледе болуңуз.
  2. Ата-энеге дайыма сиз деп кайрылыңыз.
  3. Ата-эне менен сүйлөшүүдө эмоцияңызды көрсөтпөңүз.
  4. Ата-эне менен жолугушууну конкреттүү маселелер боюнча уюштуруңуз.
  5. Баласынын козүнчө эч качан критикалабаңыз.
  6. Баласынын кемчилигин көпчүлүктүн көзүнчө жарыялабаңыз.
  7. Ата-энеге баласына ошол ата-энедей эле кам көрөрүңүздү билдириңиз, аны соз менен эмес иш менен далилдеңиз.

 

IV.Мугалимдин предметин мыкты билүүсү.

Өз предметиңизди эң мыкты билиңиз. Эгер сиз предметиңизди жакшы билбей, бирок жогоруда мугалимге тиешелүү сапаттарыныз жетиштүү болгону менен баарыбир окуучулардын сүйүктүү мугалими болушуңуз күмөн туудурат.

Ал эми предметиңизден күчтүү болуп, бирок жогорку сапаттар жетишсиз болсо анда дагы окуучуларды сабагыңызды сүйдүрүп окута албайсыз.

Сабагыңызды сүйдүрүнүз.

Ал үчүн сабакка мыкты даярдыкта келиңиз.

Ар бир нерсени даана жана так пландаңыз.

Сабакты ар турдүү ыкма жана оюн зооктор менен кооздоңуз.

Кабыл алуусу мыкты жана жай окуучулар үчүн да кошумча материалдарыңыз бар болсун.

Талаптарыңызды жана эрежелериңизди даана так айтыңыз.

Окуучулардын активдүүлүгүн күчөтүңүз.

Окуучуларды эс алдырыңыз. Ал үчүн репертуарыңызда кыска жана сабак болуучу кызыктуу окуялар, өрнөк болуучу окуялар,анекдоттор, ар кандай физикалык көнүгүүлөр, баш катырмалар,ж.б. болсун.

Сабакты ар кандай методдор менен өтүнүз.

Сабакты жаңы технологияларды колдонуу менен өтүнүз.

Окуучуну мактоону жана колдоо көрсөтүп, жардам бергенди унутпаңыз.

Коңгуроо болор замат танаписке чыгууга уруксат бериңиз.

V. Мугалимдин маалымттуулугу.

Окуунун ырахатын билген адам-чыныгы бактылуу адам.

Жон Герсел

Коомдун өнүгүүсүнө жараша , окуучуларга маалыматты алуучу жолду корсөтүү үчүн, кантип билим алуу керектигин корсөтүүчү болушу керек. Мугалим, кайсы темада болсо да окуучунун өзүнөн ашып түшүүсүнө жол баштоочу болушу керек. Андыктан окуучу маалыматты кайдан кантип алуусу керектигин үйрөтүү үчүн, алгач өзү да маалыматтуу болушу керек.

Заманбап ыкмаларды колдонууга аракети

Жаңы технологияларды колдонуу менен сабак өтүүсү

Ар кандай тармакта маалыматтулугу( илимий, маданий, саясий, спорт, экономика, тарых) ж.б.

VI. Ден -соолугуна кам көрүү.

Ар дайым ден соолугуңуза кам көрүңүз. Ден соолугуңуз бекем болгондо гана кызмат жана ийлилик болот!!!

 

 

Мугалим болууга жөндөмдүү адам мамлекетти башкарууга да күчү жетет.

Миллрам Гареес

 

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru