УИТМЛнин Өзүн-өзү башкаруу окуучулар уюмунун “Ант берүү” аземи

УИТМЛнин Өзүн-өзү башкаруу окуучулар уюмунун “Ант берүү” аземи

Профессор А. Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык  технологиялар мектеп-лицейинин «Келечек» өзүн-өзү башкаруу окуучулар уюмунун «Манас» жана «Семетей» кошуундарынын президенттеринин “Ант берүү” аземи 1-чейрек ичинде болуп өттү.

Парламентке талапкер болуп келишкен окуучулар өздөрүнүн жаңы  идеяларын сунушташып, программаларын  жана  долбоорлорун  иштеп  чыгышкан. Жыйынтыгында,  эң  мыкты  деп  табылган долбоор, программалардын ээлери мектеп-лицейдин парламентиндеги  маанилүү кызматтарга шайланышты.

Кошуундарды шайлоонун негизги максаты – өсүп келе жаткан жаш муунду жалпы адамзаттык дөөлөттөрдүн, дүйнөлүк баалуулуктардын негизинде тарбиялоого багыттоо. Мекен, эл, жер алдында милдетин биле жүрүүгө, улууларды  урматтоо, кичүүлөрдү ызаттоого үйрөтүү, табиятты коргоого жана аны менен таттуу мамиледе болууга үндөө менен ар  бир окуучунун руханий өнүгүшүнүн зарылдыгын түшундүрүү.

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru