Балдардын мектепке психологиялык даярдыгы

Балдардын мектепке психологиялык даярдыгы.


Акыркы мезгилдедре, балдадын мектепке даярдыгы алардын окуу жана эсептөө жөндөмдүлүгү менен ченелет деген кеӊири түшүнүк тарап келген. Чындыгында бул жөндөмдүүлүктөр жалпы эрудициянын денгээли сыяктуу эле негизги көрсөткүчтөр эмес.

Бала мектепке билимин көрсөтүү үчүн эмес билим алуу үчүн бараарын эсиӊиздерден чыгарбагыла. Башкача айтканда, болочок окуучу үйрөнүүгө даяр болуусу зарыл; окуганды үйрөнүүгө, санаганды үйрөнүүгө, жазганды үйрөнүүгө, күнүгө жаӊы нерсени үйрөнүүгө.

Акыйкатта бүгүн мектептер даяр «окуй ала турган» окуучуларды күтүшөт. Ошондуктан ата – энелер үчүн баланын интелектуалдык даярдыгы биринчи орунга чыккан. Ал эми иш жүзүндө баланын мектептеги ийгиликтүүлүгү анын психологиялык даярдыгынан көз каранды. Өзүн эркин сезген окуучу интелектуалдык жактан башкаларды оӊой эле кууп жете алат. Эгер болочок окуучу курбулары менен сөз табыша албаса, мугалимди авторитет катары кабыл ала албаса, сабакта өзүн алып жүрүүнү билбесе бул чоӊ көйгөйгө айланышы мүмкүн.

Окуучунун психологиялык даярдыгынын бир нече бөлүктөрү бар:

- интелектуалдык даярдык – бул жөн гана китеп окууну билүү эмес. Интелектуалдык даярдык – бул эске тутуу, ой жүгүртүү, кунт коюнун жетиштүү денгээлде болуусу. Башкача айтканда баланын канча тамга билгени маанилүү эмес, ал тамгаларды сабакта өздөштүрө алабы ошол маанилүү. Болочок биринчи класстын окуучусу мааниси жагынан бири биринен алыс болгон он сөздүн 3-5 сөзүн жаттап калууга шыгы болуусу керек. Же болбосо дагы мисал катары: окуучу бөлмөдө жашырылган буюмду схема (бөлмөнүн планы) менен табып алуусу керек. Өз балаӊыздын даярдыгын билүү үчүн жогорудагыдай оюндарды ойноп көрүӊүздөр. Мындан тышкары окуучу сабакта көӊүл бөлүп баштан аяк олтурууга жөндөмдүү болсун.

- инсандык даярдыгы - баланын «окуучу» статусун алууга даяр болуусу (ага тиешелүү укуктар жана жоопкерчиликтер), башкача айтканда өзүнө мектепте окуу жоопкерчилигин алуусу. Балаӊыз менен маектешип көрүӊүз, ал эмне үчүн мектепке барып жатат жана муну өзү кааладыбы. Эгер ал билим алып, жаӊы нерселерди үйрөнгүсү келип жатса демек баары жайында. А бирок эгер ал бирөөгө окшошуу же болбосо мектеп формасын кийүү үчүн барып жатса, анда ага максатты туура түшүндүрүӊүз.

-социалдык даярдыгы – курбулары менен жана улуулар менен мамиле курууну билүү. 6-7 жашта бала өзүн контрольдой алат. Ал адамдардын даражасына жараша мамиле кылуу керектигин түшүнөт. Эгер бала сабак учурунда туруп кетип калса же мугалимдин сөзүн укпаса, сиздин перзентиӊиз мектепке даяр эмес.

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru