УЛУУ ЖЕҢИШКЕ 74 ЖЫЛ!

УЛУУ ЖЕҢИШКЕ 74 ЖЫЛ!

1941-жылдын 22-июнунунда таңкы саат 4тө башталган согуш 1418 күнгө созулган. Фашисттер биринчи эле күнү 1200 советтик учакты жок кылышкан. 34 миллион 476 миң советтик жоокер согушка катышкан. Анын 500 миңин аялдар түзгөн. Дээрлик төрт жылга созулган Улуу Ата Мекендик согуш зор кыйроолорго алып келген. Согуш жылдарында СССРде 1710 шаар, 70 миңден ашуун айыл, 32 миңдей завод-фабрика жана 98 миңге жакын колхоз талкаланган.

Кыргызстан Улуу Ата Мекендик согушта

   Кыргызстандык жоокерлер согуштун биринчи күнүнөн эле фашисттик баскынчылар менен баатырларча кармашышкан. «Биринчи күнүнөн эле» дегенибиз  СССРдин чегиндеги Брест чебин коргоо Улуу Ата Мекендик согуштун тарыхында маанилүү күндөрдөн болгону талашсыз. Брест чебиндеги советтик аскерлер бир айдан ашуун убакыт бою чепти тыштан эч кандай жардам-көмөксүз коргоп, душманга тарттырбай кармап турушкан. Алардын арасында кыргызстандык В.И.Фурцев да болгон. Ал Каракол шаарындагы Ленин атындагы орто мектептен окуп, тарбия алган. Ал эми Бишкек шаарынан аскерге чакырылган Н.В.Дмитриев 1941-жылы 10-июлда Белоруссиянын Борисово шаарын коргоодо көрсөткөн эрдиги үчүн кыргызстандыктардан биринчи болуп Советтер Союзунун Баатыры аталган.

Улуу Ата Мекендик согушка Кыргызстандан 360 миңден ашуун адам  аттанып, алардын ичинде миңге жакынын аялдар түзгөн. 160 миңден ашуун жоокер согушта курман болгон. Советтер Союзунун Баатыры наамын алган  биринчи кыргыз баатыры Дүйшөнкүл Шопоков эле. Улуу Ата Мекендик согушта кыргызстандык 150 миң жоокер орден жана медалдар менен сыйланып, 76  жоокер Советтер Союзунун Баатыры деген наамга татыган. Кыргызстандык 29 жоокер Даңк  орденинин үч даражасын  алган.

Кош Ала-Тоо, уулуң кетти майданга!

Кыргыз өкмөтү согуштун биринчи эле күнүнөн калкты жоокердик жактан окутууга, жоокердик бөлүктөрдү түзүүгө киришкен. Иштин жүрүшүндө Кыргызстанда 385-аткычтар дивизиясы, андан соң 40, 153- аткычтар бригадалары, 2-улуттук атчандар дивизиясы түзүлүп, алар республиканын өнөр жай ишканалары жана колхоздорунун күч-каражаттары менен жабдылган. Алардын ичине  согуш майданына биринчилерден болуп курамын кыргыз жана казак эли түзгөн. Кыргызстандын ошол жылдардагы аскер комиссары генерал-майор И.В.Панфилов жетектеген 316-аткычтар дивизиясы кирген. 1941-жылдын ноябрь айындагы кызыл кыргын кармашта бул дивизиянын жоокерлери бир ай бою өздөрүнүн чегин бекем кармоо аркылуу дивизиянын аскердик бөлүктөрү фашисттердин 2-танкалык, 29-моторлоштурулган, 11, 110- жөө аскерлер дивизиясын талкалап,  9 миң немис солдаттарын 80 танканы жана башка куралдарды жок кылышкандыктары үчүн 316-аткычтар дивизиясы 8-гвардиялык деген наамга ээ болуп, Кызыл Жылдыз ордени менен сыйланган. Дивизияга 1941-жылдын 18-ноябрында Волоколамск районундагы Гуськово айылынын аймагында каза болгон (каза болгондон кийин Советтер Союзунун Баатыры деген наамга татыктуу болгон) И.В.Панфиловдун ысмы ыйгарылган.  Андан тышкары, Советтер Союзунун Баатыры деген наам Панфилов дивизиясынын 28 жоокерине да берилген. Анын ичинде кыргызстандык Дүйшөнкул Шопоков, Николай Ананьев, Григорий Щемякин, Иван Москаленко, Иван Добробабин, Григорий Петренколор болгон.

Сталинграддын алдындагы, Түндүк Кавказдагы,  ошондой эле Курскинин алдындагы кырчылдашкан кармаштарда Кыргызстандык жоокерлер эрдиктин улуу үлгүсүн көрсөтүп, баатырларча салгылашып, көбү курман болушкан. Воронеждин түштүк жагында, Дон дарыясынын жанындагы салгылашууда 1942-жылдын 6-августунда душмандын  дзотун көкүрөгү менен жаап, өлбөс-өчпөс эрдик көрсөткөн. Ага Советтер Союзунун Баатыры деген наам ыйгарылган. Улуу Ата Мекендик согуштун советтик тарыхында душмандын дзотуна көкүрөгүн тосуп, жаап калгандардын эң алгачкысы аталып калган  Александр Матросов ал кездерде согушка аттана элек экендигин жана улуту  татар болгондугун  да тарыхый калыстык жана адилеттүүлүк үчүн  айта кетүү ашыкчалык кылбайт.

1942-1943-жылкы кармаштарда 8-гвардиялык Панфилов атындагы аткычтар дивизиясы өзгөчө ийгиликтерге жетишкен. Андагы аскерлердин 18,5 пайызын кыргыздар түзгөндүгүн баса белгилеп кетүүгө тийишпиз. Дивизиядагы снайперлер Алымкул Абибулдаев, Токтогул Шабеков, Бозжигит Турдубаев ар бири 25-150гө чейинки гитлерчилерди атып өлтүрүшкөн.

1943-жылдын сентябрында Дон дарыясынан өтүүдө Кыргызстандын жоокерлери укмуштуудай эрдик көрсөтүп, сержант Анварбек Чортековдун взводу өзгөчө айырмаланган. Взвод суудан сүзүп өтүп, душмандын төрт чабуулунун мизин кайтарып, 30 фашистти жок кылган. Бул эрдиги үчүн Чортеков Советтер Союзунун Баатыры наамына ээ болгон.

Эрдик эскирбейт, жоокер унутулбайт

Улуу Ата Мекендик согушта Советтер Союзунун Баатыры деген эң жогорку наамга ээ болгон мекендештерибиздин катарында  Днепр үчүн болгон кармаштардын биринде фашисттик 21 солдатты 2 офицери менен кошо жок кылган пулеметчу Садык Алиназаров, Түндүк Кавказ фронтунда  1942-жылдын 16-майында өзүнүн жоокерлери менен душмандын 8 танкасынын чабуулун токтоткон жана жеке өзү 3 танканы өрттөп, 20 фашистти  набыт кылган бөлүктүн командири В.И.Выглазов, Батыш фронтунда салгылашкан А.И.Волковенко, Сталинград үчүн болгон салгылашууда эрдик көрсөткөн наводчик, сержант Дайыр Асанов, Днепрдеги кармашта майтарылбас эрдиктери менен эсте калган М.Тешебаев, В.Беляндр, В.Крикун, Е.Мазков, М. Сапожников, Псков шаарынын жанында  эрдиктерин көрсөтүп курман болгон Ашырбай Коенкөзов,  Эстониянын Нарва шаарына жакын аймактагы кармашта өзүнүн жалындап күйгөн самолету менен душмандын май куюучу бекетин сүзүп, 6 танканы жана ондон ашуун немис солдатын жок кылган учкуч Ысмайылбек Таранчиев, Молдавиянын Дубоссары шаарынын жанында 1944-жылдын апрель айында  душмандын 2 пулеметун, 25 солдатын жок кылган жана душмандын беш жолку чабуулунун мизин кайтарган  замбирекчи  К.Жаркымбаев, 1944-жылы июнда Белоруссиядагы ири салгылашууларда өзүлөрүн  көрсөткөн ефрейторлор  О. Якубов ( Осмон Жакыпов) менен  Ж.Асаналиев, лейтенант  Д.Пичугин, майор  П.Калашников,  сержант  Е.Курочкин, лейтенант Л.Царенко, пулеметчу  Р.Азимов, лейтенант С.Сухин, катардагы жоокер  А.Хименко, согуштун түрдүү этаптарында Кыргызстандын 660-жана 664-түнкү бомбалоочу авиациялык полктордун курамында 780 жолу түнкү бомбалоого  өтө жигердүү катышкан учкуч аял  Е.Пасько,  Берлинди штурмалоого катышкан К.Yсөнбеков, учкуч-штурман  Т.Бегелдинов,  Берлинге Жеңиштин Кызыл Тууларынын бирин сайып курман болгон Самат Садыков, Тукубай Тайгараев, Польшаны бошотууда жасаган эрдигиги менен таанылган пулеметчу  А.Оторбаев сыяктуу эр жүрөк жоокерлер бар.

Талашка түшкөн 28 баатыр баянынан

Улуу Ата Мекендик согуштун өтө даңктуу барактарына кирген панфиловчу 28 баатырдын өлбөс-өчпөс эрдиктери бүткүл дүйнөгө  маалым. Алар 1075-аткычтар полкунун 2-батальонундагы 4-ротанын курмында болушкан жана СССРде кеңири таркап кеткен версия боюнча, немистердин Москвага жасаган жаңы чабуулунда 4-ротанын саясий жетекчиси Василий Клочковдун жетегиндеги жоокерлери 16-ноябрдагы  Волоколамскинин түштүк-чыгышынан 7 чакырым келген Дубосеково айрылышында төрт саат бою тынымсыз жүргөн  салгылашууда душмандын 18 танкын  жок кылышкан. Өлүм алдында саясий жетекчи Клочковдун: «Россия кенен, бирок чегинүүгө жол жок, артыбызда Москва!» деген фразасы  жана 28 панфиловчулардын эрдиги  советтик мектеп жана  жогорку окуу жайлардын тарых боюнча окуу китептерине киргизилген. Россия жана СССРдин мурдагы республикаларында ушул 28 баатырдын ысымдары жазылган эстеликтер коюлган. Алар Москванын расмий гимнинде да эскерилет.

1948,1988-жылдарда СССРдин Башкы прокуратурасы тарабынан эрдиктин расмий версиясы изилденип чыгылган жана анын баары журналисттик көркөм ойдун натыйжасы жана адабий чыгармасы деп табылган. Бул боюнча жарыяланган документтердин биринде 28 панфиловчулардын айрымдары (Натаров, Шопоков) эртерээк, айрымдары (Бондаренко) кийинчерээк курман болуп, кээ бирлери Васильев, Шемякин жарадар болуп бирок тирүү калса, башкалары (Шадрин, Тимофеев, Кожубергенов, Добробабин) туткунга түшүп, ал турсун   Добробабин немистик оккупанттар менен кызматташып, кийинчерээк соттолгон жайы бар. Ал эми Натаров 16-ноябрда эмес, андан эки күн мурда, 14-ноябрда эле каза болгондугу айтылат.  28 баатырдын эрдиги жөнүндөгү расмий версияда баяндалган согуштук  аракеттер туурасында ошол 4-ротанын командири майор Решетников, 105-полктун командири полковник Капров, 316-аткычтар дивизиясынын командири генерал-майор Панфилов, 16-армиянын командири  генерал-лейтенант Рокоссовскийдин билдирүүлөрүндө да эч бир маалымат жок деп айтылат, айрым документтерде.  Бирок, орусиялык тарыхчылардын белгилөөлөрүнө караганда, панфиловчу 28 баатырдын эрдигине мындай мамиледе болуу таптакыр теңирден тескери иш.  Кыскасы, бул маселеге ушул кезге дейре чекит коюла элек. 2016-жылдын октябрында Россия Федерациясынын Маданият министри Владимир Мединскийдин  28 панфиловчунун  «ыйык легендасына» шек келтиргендерди катуу сындаган. Анын пикиринде,  28 панфиловчу-баатырдын эрдиги анын тарыхый реалдуулугуна карабастан, Улуу Ата Мекендик Согуштагы бүткүл элдик эрдиктин символу болуп эсептелет жана эрдиктердин катарында 300 спартандыктардыкы менен удаалаш турат.

 

 

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru