Айтсаң унутуп калам, көрсөтсөң эсимде калат, өзүмө жасатсаң үйрөнүп алам(Конфуций)

Профессор А. Молдокулов атындагы УКГнын физика кафедрасынын 2018-2019-окуу жылындагы декада учурунда аткарган иштери боюнча маалымат

  • Профессор А. Молдокулов атындагы Улуттук компьютердик гимназиянын физика кафедрасынын декадасында (18.02.19-02.03.19) өтүлүүчү иш-чаралардын графиги
  • Тема: Физика мугалимдеринин чыгармачылыгында предметтер аралык байланышты жайылтуу менен окуучулардын  предметке болгон кызыгуусун арттыруу.
  •  Девиз: “Айтсаң унутуп калам, көрсөтсөң эсимде калат, өзүмө жасатсаң үйрөнүп алам”      Конфуций
  • Декаданын максаты:
  • Физика предметин окутуу менен окуучуларды турмушка, өзгөрүүлөргө даярдап, аларды мобилдүүлүк, динамизм, иштиктүүлүк сыяктуу сапаттарын өнүктүрүү.
  • Окуучулардын  тандоо, жасоо, ресурстарды натыйжалуу пайдалануу, жөндөмдүүлүктөрүн калыптандыруу жана теорияны практика менен айкалыштырууга үйрөтүү
  • Жаңы педагогикалык технологияларды колдонуу менен мектеп окуучуларын азыркы турмуш шарттын өзгөрүүсүнө даярдоо.

 

Ф.И.О.

Классы

Темасы

Мөөнөтү

Кабинети

 

Предметтик ачык сабактар

 

2

Дыйканбай кызы Гүлбү

8га1-кл.

“Электр чынжыры жана анын бөлүктөрү. Токтун аракеттери”

25-февраль

5-саат

 308

 

3

Камчыбекова Гүлсара

9м4-кл

Ядронун байланыш энергиясы

28-февраль

4-саат

305

 

4

Куренкеева Бермет

10м1-кл.

“Абанын нымдуулугу”

22-февраль

6-саат

304

 

5

Тинибаева Шарипа

9-м5-кл.

α, γ, β, - нурларынын жаратылышы

21-февраль

2-саат

304

 

6

Турдумамбетов Максат

10м4-кл.

“Кайноо”

21-февраль

5-саат

305

 

Тарбиялык сааттар

Дыйканбай кызы Гүлбү

5га2-кл.

“Эрдик билекте эмес-жүрөктө ”

18-февраль

2-см, 0-саб

305

Камчыбекова Гүлсара

8га3-кл.

“Эл четине жоо келсе,жан аяган жигитпи”

21-февраль

7-саат

305

Тинибаева Шарипа

9м1-кл.

“Уул адеби менен урматтуу, кыз адеби менен кымбат”

28-февраль

7-саат

304

                   

Декада учурунда ар бир мугалим жогоруда көрсөтүлгөн график боюнча ачык сабактарды өтүштү. Ачык сабактарга кафедранын мугалимдери, предметтик мугалимдер жана тиешелүү завучтар катышып жатышты. Сабак өткөн мугалимдерге учурунда катышкан мугалимдер жана завучтар тарабынан өткөн сабагына анализдер берилди. Декаданын темасында айтып тургандай эле мугалимдердин иш-тажрыйбасын жайылтуу болгондуктан ар бир мугалим сабак учурунда өзүнүн методикалык, тажрыйба, теориялык, практикалык жактан өзгөчөлүктөрүн көрсөткөнгө аракет жасап жатышты. Мисалы Тинибаева Шарипа эженин өткөн сабагында окуучулардан үй тапшырмасын суроо этабы эң жогорку деңгээлде экени баса белгиленди. Бул этапта тапшырманы суроо үч бөлүккө бөлүнүп, оюн түрүндө, тест түрүндө жана суроо жооп түрүндө болуп, окуучулардын сабакка даярдыгы ар кандай методдор менен текшерилгендиги баса белгиленип,окуучулардын үй тапшырмасын даярдануусуна өзгөчө кызыгууну арттыраарын айтышты. Камчыбекова Гүлсаранын сабагында жаңы материалды берүү этабындагы өзгөчөлүктөргө токтолушту, бул этапта материал окуучуларга суроо –жооп катарында берилип, ар түшүнүк суроо түрундө берилип ал суроолорго жоопту изденип таап жатышты.Мындай учурда окуучулардын ой жүгүртүүсү күчөп, даяр билимди алууга караганда жаңы алып жаткан түшүнүк окуучулардын аң –сезиминде сакталып калары талашсыз экендиги баса белгиленди. Ал эми Турдумамбетов Максаттын  сабагы да жылдагы сабактардан бир топ өзгочөлөнгөндүгү, жакшы жылыштар бар экендиги айтылды. Куренкеева Берметтин өткөн сабагында окуучулардын теориялык билимдеринин кенендиги баса белгиленди.Асанканов Добулбектин сабагы интерактивдүү методду колдонуп өткөндүгүндө болду, мында мугалим модератордук милдетти гана аткарып окуучулардын активдүүлүгү жакшы экендиги белгиленди. Жаш мугалим Дыйканбай кызы Гүлбүнүн сабагы да тажрыйбалуу мугалимдердин сабагынан калышпай кызыктуу жана окуучулардин активдүүлүгүн көрсөткөн сабак болгондугу айтылды. Өтүлгөн сабактарда жетишкендиктер менен бирге эле мугалимдерге сунуш –пикирлер да айтылды. Ал сунуштарды ар бир мугалим түшүнүү менен кабыл алышты. Предметтик сабактардан сырткары куратор мугалимдер да өздөрүнүн класстарына ачык тарбиялык сабактарды өтүп, ал сабактарга мугалимдер, завучтар катышып, жакшы ой-пикирлерин билдиришти.

 

Биздин дарегибиз

Статистика

Материалдар
Документтер
Сүрөттөр
Аудио/Видео
2578
645
745
28

Байланыш

Бишкек шаары, Токтогул көч., 68
+996 (312) 486383
+996 (312) 486267
+996 (312) 486434
+996 (312) 486266
ncg5@inbox.ru